КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-январындагы № 20 токтому

Кыргыз Республикасынын ички иштер чөйрөсүндөгү, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү, жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына биринчи жолу кабыл алынып жаткан адамдар үчүн атайын алгачкы кесиптик даярдоону уюштуруу жана өткөрүү эрежелерин жана Кыргыз Республикасынын ички иштер чөйрөсүндөгү, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү, жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын кызматкерлерин даярдоо боюнча билим берүү мекемелеринин тизмесин бекитүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат ɵтɵɵ жɵнүндɵ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Төмөнкүлөр бекитилсин: 

- Кыргыз Республикасынын ички иштер чөйрөсүндөгү, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү, жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына биринчи жолу кабыл алынып жаткан адамдар үчүн атайын алгачкы кесиптик даярдоону уюштуруу жана өткөрүү эрежелери, 1-тиркемеге ылайык; 

- Кыргыз Республикасынын ички иштер чөйрөсүндөгү, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү, жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын кызматкерлерин даярдоо боюнча билим берүү мекемелеринин тизмеси, 2-тиркемеге ылайык. 

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы: 

- бул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрүшсүн; 

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин. 

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн. 

4. Ушул токтом расмий түрдө жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 3-февралынан тартып күчүнө кирет. 

Премьер-министр                                                             М.Д.Абылгазиев