Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 18-июлундагы № 161 «Кыргыз Республикасынын укук коопсуздук органдарынын системасын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин түзүмүн оптималдаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги үч айлык мөөнөттө белгиленген тартипте:
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Ушул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине тийиштүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде сарптала тургандыгы белгиленсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жөнүндө жобонун 8-пунктунун үчүнчү – алтынчы абзацтарын жана 9-пунктунун жетинчи - тогузунчу абзацтарын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев