КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-мартындагы № 168 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салыктык  башкаруу чөйрөсүндөгү  айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Салыктык башкарууну өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-декабрындагы № 876 «Кыргыз Республикасынын спирт жана алкоголь өнөр жайында түзүлгөн оор кырдаалды жоюу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 4, 7, 9, 10-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 «Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Рейддик салыктык контроль жүргүзүү жана материалдарын тариздөө тартиби жөнүндө жободо:

1) 1-пункту «Салык кодексинин 50 жана 108-беренелерине,» деген сөздөрдөн кийин «Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана» деген сөздөр менен толукталсын;

2) 2-пунктунда:

- төртүнчү абзацы «(патенттерсиз)» деген сөздөн кийин «жана этил спиртин өндүрүү жана жүгүртүү, алкоголдук продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү (өндүрүү жана сатуу максатында сактоого, дүң жана чекене сатуу) боюнча ишин жүзөгө ашырууга укук берген лицензиялар» деген сөздөр менен толукталсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын:

«- этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуу.»;

3) 9-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү жана он бешинчи абзацтар менен толукталсын:

«- камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнгөн фактыны тастыктоочу документтердин болушу;

- лицензиянын, сериясынын, номеринин, ким тарабынан жана кайсы мөөнөткө берилгенинин болушу (Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө мыйзамдарына ылайык иши лицензияланууга тийиш болгон чарбалык субъекттер үчүн).»;

4) төмөнкүдөй мазмундагы 194 – 196-пункттар менен толукталсын:

194. Алкоголдуу продукцияны сатууда төмөнкүлөр дагы текшерилет: 

1) бөтөлкөнүн этикеткасында жана контрэтикеткасында (импорттук продукция үчүн атайын чапталган стикердин контрэтикеткасында (чаптамада) мамлекеттик жана расмий тилдерде спирт камтылган продукцияларды (алкоголдук продукциянын аталышы, өндүрүүчүнүн аталышы жана анын юридикалык дареги, импорттолгон учурда - импорттоочунун аталышы жана анын юридикалык дареги, продукт келип чыккан өлкө, керектөө тарасындагы продукциянын көлөмү, даярдалган күнү, колдонуу мөөнөтү, пайыз менен жазылган кубаттуулугу жана сактоо шарттары) жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган маалыматтардын болушу;

2) аларды өндүрүүнүн мыйзамдуулугун күбөлөндүрүүчү коштоочу документтердин (лицензия, шайкештик сертификаты, товардык-транспорттук коштоочу кагазы же эсеп-фактурасы) болушу;

3) Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана сатылуучу арактын минималдуу дүң сатуу жана чекене баадан төмөн эмес сатылышы;

4) алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу үчүн жыйымдарды төлөө; 

5) алкоголдук продукцияны сатуучу ишкердик субъекттердин соода жана кампа жайларынын болушу;

6) этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияларды, өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган жерлерде алкоголдук продукцияларды сатуу;

- балдардын, билим берүү уюмдарында жана аларга жакын жайгашкан аймактарда, ошондой эле түздөн-түз медициналык мекемелердин аймактарында;

- шаар жана шаарга жакын каттамдардагы коомдук транспорттордун (жалпы пайдалануудагы транспортто) бардык түрлөрүндө;

- маданият уюмдарында (аларда жайгашкан уюмдардан же коомдук тамактануу пункттарынан тышкары, анын ичинде юридикалык жак түзбөгөн), дене тарбиялык-саламаттыкты чыңдоо жана спорттук курулмаларда;

- жалпы иш-чараларды өткөрүүчү жайларда, аскердик соода-сатык объекттерди кошпогондо аскер бөлүктөрүнүн аймактарында, ошондой эле чатырларда, контейнерлерде, колдон, лотоктордон, автомашиналардан жана башка алкоголдук продукцияларды сатууга ыңгайлашпаган жерлерде.

7) алкоголдук продукцияны сатып жаткан сатуучунун жаш курагы (18 жаштан улуу болушу керек);

8) 18 жашка жетпеген адамдарга сатуусу.

195. Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү менен алектенген ишканаларда төмөнкүлөр текшерилет:

1) чийки заттын, таранын, фурнитуранын жана көмөкчү материалдардын кыймылы жана эсеби;

2) акциздик маркалардын эсеби жана кыймылы, акциздик маркалардын калдыгын алуу (10-тиркеме);

3) этил спиртин өндүрүү жана жүгүртүү боюнча лицензиялык шарттарды жана талаптарды сактоону контролдоо максатында спирт сактоочу жайлардагы даяр продукцияны чыгаруучу идиштердеги өлчөгүчтөрдүн маалыматтары жана өндүрүш кампа жайларына кирген (чыккан) бардык жерлердеги  видеобайкоонун маалыматтары.

196. Ушул жобонун 194 жана 195-пункттарында көрсөтүлгөн маселелерди текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча рейддик салык контролунун актысынын 141-пункту толтурулат, анда төмөнкүлөр жазылат:

«сакталат» - спирт камтылган продукцияларды жүгүртүү чөйрөсүндө мыйзам бузуулар болбогон учурда;

«сакталбайт» - мындай бузуулар аныкталган учурда.

Бузуулар аныкталган учурда спирт камтылган продукцияларды жүгүртүү чөйрөсүндөгү салык мыйзамдарынын сакталышы боюнча кошумча текшерүү актысы таризделет (11-тиркеме).»;

5) аталган Жобонун 2-тиркемеси төмөнкүдөй редакциядагы 

141-пункт менен толукталсын:

«141. Этил спиртин, алкоголдук продукцияны жүгүртүү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталгандыгы тууралуу маалымат»;

6) ушул токтомдун 1 жана 2-тиркемесине ылайык 10 жана 11-тиркеме менен толукталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 

23-январындагы № 26 «Аракка болгон бааларды мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 4-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине» деген сөздөр «этил спиртин, алкоголдук жана спирттүү продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органга» деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

- 6-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги» деген сөздөр «этил спиртин, алкоголдук жана спирттүү продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу орган» деген сөздөр менен алмаштырылсын. 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-июнундагы № 418 «Иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«2. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин жарандарынан тышкары Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктын суммасына 5ке барабар, бирок салыктын базалык суммасынан жогору эмес коэффициент колдонула тургандыгы белгиленсин.».

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-ноябрындагы № 771 «4-топтогу мүлк объекттерине салыктын толук чогулуусун камсыз кылуу жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункту, 2-пунктунун үчүнчү жана төртүнчү абзацтары жана 5-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-декабрындагы № 603 «Бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:

- 52-пунктундагы «24» деген цифралар «72» деген цифралар менен алмаштырылсын.

7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                М.Д.Абылгазиев