КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-мартындагы № 170 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 “Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 94-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз   Республикасынын   конституциялык   Мыйзамынын   10   жана  17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги №144 “Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында салык төлөөчүлөрдү салыктык каттоо тартиби жөнүндө жободо:

- жогоруда  аталган жобонун 1-тиркемеси  ушул  токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

- жогоруда  аталган жобонун 5-тиркемеси ушул токтомдун  2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

              Премьер-министр                                                                    М.Д.Абылгазиев