КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-мартындагы № 174 токтому

Кыргыз Республикасынан айрым товарлардын түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө

2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 47-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелген тизмеге ылайык Кыргыз Республикасынан айрым товарлардын түрлөрүн (реэкспорттон, транзиттен жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык жардамдан тышкары) ташып чыгууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленсин.

2.      Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги:

-  ушул токтом күчүнө киргенден тартып үч күндөн кечиктирбей ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды экспорттоого убактылуу тыюу салынгандыгы жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясына белгиленген тартипте кабарласын;

- ушул токтомго ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тышкы соода ишмердүүлүгүн жөнгө салуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине белгиленген тартипте кабарласын.

3.      Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө киргенден тартып үч күндөн кечиктирбей ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн тыюу салууну киргизүү жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине белгиленген тартипте кабарласын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат:

- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган товарларды мыйзамсыз ташып чыгууну (экспорттоону) токтотууга багытталган зарыл болгон чараларды көрүшсүн;

- ЕАЭБ ТЭИ ТН коддордун, ошондой эле ушул токтомдун 1-пунктунда аталган тизмеге ылайык товарлардын аталыштарын жетекчиликке алышсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                                   М.Д.Абылгазиев


Тиркемелер

Басып чыгаруу