КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-апрелиндеги № 197 токтому

Кыргыз Республикасынын коомдук саламаттык сактоо тармагында чектөөчү/карантиндик чараларды киргизүүнүн жана ишке ашыруунун тартибин бекитүү жөнүндө

Карантиндик жана өзгөчө кооптуу оорулардын очокторунун жайылышын алдын алуу, чектөө жана жок кылуу боюнча ыкчам чараларды иштеп чыгуу жана иш жүргүзүү, Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейгамчылыгын камсыздоо, “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесин аткаруу максатында,  “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын коомдук саламаттык сактоо тармагында чектөөчү/карантиндик чараларды киргизүүнүн жана ишке ашыруунун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 22-мартынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                              М.Д.Абылгазиев