“Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-майындагы № 241 токтому
"Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө
"Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын ишкер субъекттерине салык, бажы, социалдык жана салыктык эмес төлөмдөр маселелери боюнча колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын аймагында "COVID-19" коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү боюнча кырдаал ал жеткис күчтүн жагдайы деп таанылсын.
2. Жеке ишкерлер жана юридикалык жактар 2020-жылдын 1-июлуна чейин төмөнкүлөрдү жазуу жүзүндөгү арызысыз берүүгө укуктуу экендиги белгиленсин:
- Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоодо кыйыр салыктар боюнча салык отчетторунан тышкары, 2020-жылдын биринчи кварталынын салык мезгили үчүн жана/же 2020-жылдын 1-мартынан тартып 31-майына чейин түзүлүүчү салык отчетторун;
- 2020-жылдын 1-мартынан тартып 31-майына чейинки отчеттук мезгил үчүн жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдөрдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр боюнча отчетту (FORM STI-157).
3. Салык органдарынын чечимдерин чыгаруу, тапшыруу жана даттануу мөөнөттөрүн токтотуунун төмөнкү тартиби аныкталсын:
1) эгерде өзгөчө абал режими киргизилген күнгө карата салык кызматынын органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык андан ары чечим чыгарууга алып келген жол-жоболор жүргүзүлүп, бирок жол-жоболорду жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөтү аяктай электигине байланыштуу алар боюнча чечим чыгарыла элек болсо, анда мындай жол-жоболорду жүргүзүүнүн мөөнөттөрү өзгөчө абал режими киргизилген күндөн тартып мындай абал киргизилген мезгилге карата белгиленген мөөнөттүн калган күндөрдүн санын сактоо менен токтотулат;
2) эгерде өзгөчө абал режими киргизилген күнгө карата салык органдары тарабынан салык төлөөчүлөр боюнча Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган чечим чыгарылып, бирок тапшыруу үчүн белгиленген мөөнөт аяктай электигине байланыштуу салык төлөөчүлөргө чечим тапшырыла элек болсо, же болбосо чечим тапшыруу үчүн белгиленген мөөнөттүн акыркы күнү өзгөчө абал режими киргизилген күнү аяктаса, анда мындай чечимдерди тапшыруунун мөөнөттөрү өзгөчө абал режими киргизилген күндөн тартып мындай абал киргизилген мезгилге карата белгиленген мөөнөттүн калган күндөрдүн санын сактоо менен токтотулат;
3) эгерде өзгөчө абал режими киргизилген күнгө чейин салык төлөөчүлөргө чечим тапшырылып, аларга даттануунун мөөнөтү өзгөчө абал режими киргизилген күнү аяктай элек болсо, анда салык органдарынын чечимдерине доо арыз берүү мөөнөттөрү өзгөчө абал режими киргизилген күндөн тартып мындай абал киргизилген мезгилге карата белгиленген мөөнөттүн калган күндөрдүн санын сактоо менен токтотулат.
Ушул пунктка ылайык токтотулган мөөнөттөрдү кайрадан жандандыруу өзгөчө абалдын режими аяктаган күндөн тартып жети иш күн өткөндөн кийин башталат.
4. Салыктарды белгиленген сумма түрүндө төлөө жөнүндө салык контрактын түзүү, кайра түзүү, токтото туруу жана бузуу тартиби ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-июлундагы № 357 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345, 352 жана 355-беренелеринин жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салык органдарына патентти кагаз жүзүндө же электрондук форматта берүүнүн тартибинде:
- 25-пункту "Патентти сатып алууда" деген сөздөр "Колдонуу мөөнөтү ал жеткис күчтүн жагдайларынын мезгилине туура келген патенттин негизиндеги салыктын суммасын кайра эсептөөдөн тышкары, патентти сатып алууда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 25-1-пункт менен толукталсын:
"25-1. Ал жеткис күчтүн жагдайларынын натыйжасында иш токтотулган учурда салык төлөөчү ишин кайрадан жандандырганда аймактык салык органына иши токтотулган күндү көрсөтүү менен патенттин колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө электрондук же кагаз түрүндө арыз берет. Салык органынын кызмат адамы патенттин бланкына иши кайра улантылган күндөн тартып пайдаланылбай калган күндөргө карата патенттин мөөнөтүн узарткандыгы жөнүндө белгини көрсөтүүгө жана штамп коюуга, ал эми салык төлөөчү электрондук арыз берген учурда - пайдаланылбай калган күндөргө электрондук патенттин мөөнөтүн узартуу жөнүндө электрондук формадагы билдирүү берүү менен автоматташтырылган системада ырастоого милдеттүү.".
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 164 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
3-пунктундагы "2020-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө" деген сөздөр "2020-жылдын 31-декабрын кошо алгандагы күнгө чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 "Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салыктык карызды өндүрүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
122-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ал жеткис күчтүн жагдайлары келип чыккан учурда банктык кепилдиктерди берүүсүз, ал жеткис күчтүн жагдайынын натыйжасында түзүлгөн салык карызынын суммасы боюнча кийинкиге жылдырууларды же бөлүп төлөөлөрдү берүү чечимин белгилүү бир мөөнөткө карата кабыл алууга укуктуу.
Салык төлөөчү ал жеткис күчтүн жагдайларынын натыйжасында пайда болгон салык карыздарынын суммасы боюнча мөөнөтүн узартып же бөлүп төлөө жөнүндө арызды банк кепилдиктери жөнүндө документтерди көрсөтпөстөн берүүгө укуктуу.".
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-октябрындагы № 537 "Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу товарларга контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун, колдонуунун жана контролдоонун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- токтомдун аталышы жана 1-пункту "импорттолуучу" деген сөздөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн" деген сөздөр менен толукталсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу товарларга контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун, колдонуунун жана контролдоонун тартибинде:
Тартиптин аталышы "импорттолуучу" деген сөздөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн" деген сөздөр менен толукталсын;
1-пункту "импорттолуучу" деген сөздөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн" деген сөздөр менен толукталсын;
4-пунктунун биринчи абзацы "импорттолуучу" деген сөздөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн" деген сөздөр менен толукталсын;
2-главасынын аталышы "импорттолуучу" деген сөздөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 21-1, 21-2 жана 21-3-пункттар менен толукталсын:
"21-1 Эгерде өндүрүүчү Тизмеге киргизилген товар боюнча салык салынуучу беримдерди ишке ашырса жана келишимде жана эсеп-фактурада товардын баасын контролдук баалардын минималдык деңгээлинин белгиленген өлчөмүнөн төмөн көрсөтсө, КНС боюнча салыктык милдеттенме контролдук баалардын белгиленген минималдык деңгээлин колдонуу жана аны КНС боюнча салык отчетунда чагылдыруу менен эсептелет.
21-2. Эгерде өндүрүүчү Тизмеге киргизилген товар боюнча салык салынуучу беримдерди ишке ашырса жана келишимде жана эсеп-фактурада товардын баасын контролдук баалардын минималдык деңгээлинин белгиленген өлчөмүнөн жогору кылып көрсөтсө, КНС боюнча салыктык милдеттенме контролдук баалардын минималдык деңгээлин колдонбостон, келишимде жана эсеп-фактурада көрсөтүлгөн баага жараша эсептелет.
21-3. Контролдук баалардын минималдык деңгээли белгиленген товарларды тийиштүү товар коштоочу документтери жок салык салынуучу жеткирүү фактылары аныкталган учурда, кыйыр салыктар контролдук баалардын минималдык деңгээлин колдонуу менен салык органы тарабынан эсептелүүгө тийиш.";
- 22-пункту "импорттоочу" деген сөздөн кийин "жана өндүрүүчү" деген сөздөр менен толукталсын.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 45 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-155) толтуруу жана берүү тартибинде:
3-пункту "Декларант" деген сөздөн кийин "салыктын суммасын өзгөртүүгө алып келүүчү каталар табылган учурда Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген мөөнөттө өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүүдөн тышкары," деген сөздөр менен толукталсын.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июлундагы № 491 "Кошумча нарк салыгы жана акциз салыгы боюнча салык отчетунун формаларын, аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кошумча нарк салыгы боюнча отчетту толтуруу жана берүү тартибинде:
- 45-пунктунда:
3-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- контролдук баалардын минималдык деңгээлинен төмөн баада коюлган товарлардын наркы менен контролдук баалардын минималдык деңгээли боюнча наркынын ортосундагы айырма болгондо - "КБМД" аббревиатурасы;";
- 4-пунктчасындагы таблицанын "100-199 "Салык салынуучу жеткирүүлөр" бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 128-позиция менен толукталсын:
"
128 | Контролдук баалардын минималдык деңгээлинен төмөн баада коюлган товарлардын наркы менен контролдук баалардын минималдык деңгээли боюнча нарктын ортосундагы айырма |
";
- төмөнкүдөй мазмундагы 55-2-пункт менен толукталсын:
"55-2. Эгерде өндүрүүчү Тизмеге киргизилген товар боюнча салык салынуучу беримдерди ишке ашырса жана эсеп-фактурада товардын баасын контролдук баалардын минималдык деңгээлинин белгиленген өлчөмүнөн төмөн көрсөтсө Реестрди тариздөө ушул Тартиптин 45-пунктунда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Мында контролдук баалардын минималдык деңгээлинен төмөн баада коюлган товарлардын наркы менен контролдук баалардын минималдык деңгээли боюнча нарктын ортосундагы айырма КНСтин отчеттук салык мезгили үчүн реестринде төмөнкү тартипте чагылдырылат:
1) "Жазып берилген күн" 1-графада - контролдук баалардын минималдык деңгээлинен төмөнкү баада товарлар жеткирилген эсеп-фактуранын жазып берилген күнү көрсөтүлөт;
2) "Эсеп-фактуранын №/ББЭД" 2-графада - контролдук баалардын минималдык деңгээлинен төмөн баада товарлар жеткирилген эсеп-фактуранын номери көрсөтүлөт;
3) "Эсеп-фактуранын сериясы/ББЭД" 3-графада - "КБМД" аббревиатурасы көрсөтүлөт;
4) "Жеткирүүлөрдүн коду" 4-графада - "128" коду көрсөтүлөт;
5) "Аталышы (Аты-жөнү)" 5-графада - сатып алуучунун аталышы же аты-жөнү көрсөтүлөт;
6) "ИСН" 6-графада - сатып алуучунун ИСНи көрсөтүлөт;
7) "Салык органынын коду/өлкөнүн коду" 7-графада - салык органынын коду же сатып алуучу өлкөнүн коду көрсөтүлөт.
Сатып алуучу:
- Кыргыз Республикасынын аймагында болсо - сатып алуучунун салыктык катталган жери боюнча салык органынын үч орундуу цифралык белгилерден турган коду көрсөтүлөт;
- Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары болсо МК (ИСО 3166) 004-97 дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык классификаторуна ылайык сатып алуучунун өлкөсүнүн цифралык коду көрсөтүлөт;
8) "Жеткирилген күн" 8-графада - контролдук баалардын минималдык деңгээлинен төмөн баада товарлар жеткирилген эсеп-фактура боюнча иш жүзүндө жеткирилген күн көрсөтүлөт;
9) "КНСсиз наркы" 9-графада - контролдук баалардын минималдык деңгээлинен төмөн баада коюлган товарлардын наркы менен контролдук баалардын минималдык деңгээли боюнча наркынын ортосундагы айырма көрсөтүлөт;
10) "КНСтин суммасы" 10-графада - контролдук баалардын минималдык деңгээлинен төмөн баада коюлган товарлардын наркы менен контролдук баалардын минималдык деңгээли боюнча наркынын ортосундагы айырмадан турган КНСтин суммасы көрсөтүлөт;
11) "КНС менен жалпы наркы" 11-графада - КНСтин суммасын эсепке алуу менен, контролдук баалардын минималдык деңгээлинен төмөн баада коюлган товарлардын наркы менен контролдук баалардын минималдык деңгээли боюнча наркынын ортосундагы айырманын жалпы суммасы;
12) "№" 12 жана "Серия" 13-графаларда оңдоп-түзөлүүчү эсеп-фактуралар толтурулбайт.".
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-июнундагы № 301 "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Медициналык, ветеринариялык жана башка максаттарга пайдаланылуучу этил спиртин сатып алуу тартиби жөнүндө жободо:
15-пунктунда:
- "Арыздардын түшүүсүнө жараша," деген сөздөрдөн кийин "ал жеткис күчтүн жагдайлары пайда болгон учурдан тышкары," деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Арыздардын түшүүсүнө жараша, ал жеткис күчтүн жагдайлары пайда болгон учурда, ал жеткис күчтүн жагдайларынын мезгилинде атайын керектөөчүлөрдүн жана этил спиртин техникалык жана башка максаттарда пайдалануучу субъекттердин жалпыланган тизмесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө жол берилет.".
12. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | М.Абылгазиев |