Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-сентябрындагы № 659 “Чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин аккредитациялоонун жана дипломатиялык номердик белгилерди каттоонун маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн жана аларга теңештирилген Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан башка өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерин аккредитациялоонун жол-жоболорун оптималдаштыруу жана өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-сентябрындагы № 659 “Чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин аккредитациялоонун жана дипломатиялык номердик белгилерди каттоонун маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин кызматкерлерин, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан аларга теңештирилген башка өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерин аккредитациялоонун тартиби жөнүндө жободо:
- 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган, Өкүлчүлүктүн же Мекеменин кызматкеринин үй-бүлө мүчөлөрү болгон Кыргыз Республикасынын жарандары ТИМде аккредитацияланбайт.”;
- 10-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“10. Аккредитациялык карточкалар төмөнкүдөй категорияларга бөлүнөт:
1) “D” дипломатиялык карточка.
2) “С” консулдук карточка.
3) “Т” техникалык карточка.
4) “О” кызматтык карточка.
5) “НС” ардактуу консулдун карточкасы.
- 12 жана 13-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“12. “С” консулдук карточкасы 1963-жылдагы консулдук карым-катнаштар жөнүндө Вена конвенциясына ылайык (дипломатиялык паспорту болгон учурда) консулдук мекемелердин консулдук кызмат адамдарына жана алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө берилет.”;
- 13-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“13. “Т” техникалык карточкасы төмөнкүлөргө берилет:
- 1961-жылдагы дипломатиялык карым-катнаштар жөнүндө Вена конвенциясына ылайык дипломатиялык Өкүлчүлүктөрдүн администрациялык-техникалык персоналына жана алар менен чогуу жашаган (кызматтык паспорту же практикасында кызматтык паспортту тариздөөнүн жоктугун ырастаган аккредитациялоочу мамлекеттин Тышкы иштер министрлигинин тийиштүү нотасы бар болсо) үй-бүлө мүчөлөрүнө;
- 1963-жылдагы консулдук карым-катнаштар жөнүндө Вена конвенциясына ылайык консулдук кызматкерлерге жана алар менен чогуу жашаган (кызматтык паспорту же практикасында кызматтык паспортту тариздөөнүн жоктугун ырастаган аккредитациялоочу мамлекеттин Тышкы иштер министрлигинин тийиштүү нотасы бар болсо) үй-бүлө мүчөлөрүнө;
- Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде эл аралык уюмдардын Өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле аларга теңештирилген Өкүлчүлүктөрдүн администрациялык-техникалык персоналына;
-1961-жылдагы дипломатиялык карым-катнаштар жөнүндө Вена конвенциясына жана 1963-жылдагы консулдук карым-катнаштар жөнүндө Вена конвенциясына ылайык дипломатиялык Өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин тейлөөчү персоналына (кызматтык паспорту же практикасында кызматтык паспортту тариздөөнүн жоктугун ырастаган аккредитациялоочу мамлекеттин Тышкы иштер министрлигинин тийиштүү нотасы бар болсо).
жана/же өз ара мамиле принциби боюнча”;
- 14-пунктунда:
үчүнчү абзацы “Өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерине” деген сөздөрдөн кийин “жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө” деген сөздөр менен толукталсын;
төртүнчү абзацындагы “(дипломатиялык же кызматтык паспорттору болсо)” деген сөздөр алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 141-пункт менен толукталсын:
“14.1. “НС” ардактуу консулдун карточкасы 1963-жылдагы консулдук карым-катнаштар жөнүндө Вена конвенциясына ылайык чет мамлекеттердин ардактуу консулдарына (чет мамлекеттердин ардактуу консулунун үй-бүлө мүчөлөрүн жана Ардактуу консулдуктун башка кызматкерлерин кошпогондо) берилет.”;
- төмөнкүдөй мазмундагы 181-пункт менен толукталсын:
“18.1. Өкүлчүлүк же Мекеме өзүнүн кызматкеринин миссиясы аяктаган учурда миссия аяктаган күндөн 10 календардык күндүн ичинде кызматкердин миссиясы аяктагандыгы жөнүндө билдирүүчү нотаны жөнөтөт жана кызматкердин, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн аккредитациялоочу карточкаларын ТИМге кайтарып берет.”.
- 20-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“20. Ушул бөлүмдө каралган аккредитациялоочу карточкаларды берүү тартиби Өкүлчүлүктүн же Мекеменин кызматкерлери менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө да тийиштүү. Ата-энесинин багуусундагы жана Кыргыз Республикасынын окуу жайларында окуган 18 жаштан ашкан балдары үчүн өз ара мамиле принцибинде жыл сайын узартуу мүмкүндүгү менен 1 жылдык мөөнөткө аккредитациялоочу карточка берилиши мүмкүн.
Өкүлчүлүктүн же Мекеменин кызматкерлеринин чогуу жашаган жана алардын багуусундагы ата-энелери үчүн өз ара мамиле принцибинде жыл сайын узартуу мүмкүндүгү менен 1 жылдык мөөнөткө аккредитациялоочу карточка берилиши мүмкүн.”;
- 23-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“23. “D” дипломатиялык карточкасы, эгерде кайрылууда андан аз мөөнөт көрсөтүлбөсө, 3 жылга чейинки мөөнөткө берилет.
“С” консулдук жана “Т” техникалык карточкалар, эгерде кайрылууда андан аз мөөнөт көрсөтүлбөсө, 3 жылга чейинки мөөнөткө берилет.
“О” кызматтык карточкасы, эгерде кайрылууда андан аз мөөнөт көрсөтүлбөсө, 2 жылга чейинки мөөнөткө берилет.
“НС” ардактуу консулдун карточкасы, эгерде кайрылууда андан аз мөөнөт көрсөтүлбөсө, 3 жылга чейинки мөөнөткө берилет.
Ушул Жобонун 16-пунктунда белгиленген тартипте жөнөтүлгөн, тийиштүү кайрылуунун негизинде аккредитациялоочу карточканын жарактуу мөөнөтү ушул пунктта көрсөтүлгөн ошондой эле мөөнөткө узартылышы мүмкүн.
Кайрылуу аккредитациялоочу карточканын жарактуулук мөөнөтү аяктоого 30 жумушчу күн калганга чейин жөнөтүлөт.”.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министрдин
милдетин аткаруучу,
биринчи вице-премьер-министр К.А.Боронов