КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-июлундагы № 395 токтому

Кыргыз Республикасынын техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтарды классификациялоонун жана коддоонун бирдиктүү системасы жөнүндө

«Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

-   Техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтарды классификациялоонун жана коддоонун бирдиктүү системасын өнүктүрүү жана колдонуу боюнча иштерди ведомстволор аралык координациялоо тартиби, 1-тиркемеге ылайык;

-   Иштеп чыгууга, жүргүзүүгө, актуалдаштырууга жана колдонууга тийиш болгон техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтардын мамлекеттик, статистикалык, региондук (мамлекеттер аралык) классификаторлорунун тизмеси, 2-тиркемеге ылайык.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                                    К.А.Боронов                                                                                        

Тиркеме