Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-декабрындагы № 320 “Дары-дармек каражаттарына базистик баалар жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы жана Баштапкы деңгээлдеги мамлекеттик кепилдиктердин программасы боюнча камсыздандырылган калктын жана жарандардын жеңилдик берилген категорияларынын дары-дармек каражаттарына экономикалык жана табигый түрдө жетишин камсыздоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-декабрындагы № 320 “Дары-дармек каражаттарына базистик баалар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы жана Баштапкы деңгээлдеги мамлекеттик кепилдиктердин программасы боюнча орду толтурулуучу дары-дармек каражаттарына базистик баалар ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду ушул токтомдон келип чыгуучу иш-чараларды тиешелүү жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинде каралган каражаттардын чегинде ишке ашырсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев