«Ай сайынкы социалдык жөлөкпулду дайындоо жана төлөп берүү » жана «2010-жылдын апрель-июнь айларындагы окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга ай сайынкы кошумча жөлөкпулду дайындоо жана төлөп берүү» боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы №26 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин аймактык бөлүмдөрү тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын административдик регламенттери бекитилсин: 1) Ай сайынкы социалдык жөлөкпул дайындоо жана төлөө 1-тиркемеге ылайык;
2) 2010-жылдын апрель-июнь айларындагы окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга ай сайынкы кошумча жөлөкпулду дайындоо жана төлөө 2-тиркемеге ылайык.
2. Үй-бүлөнү колдоо, балдарды коргоо жана мамлекеттик төлөмдөр башкармалыгы:
1) ушул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына жайгаштырууга жиберсин;
2) ушул буйрукту расмий жарыяланган күндөн тарта үч иш күндүн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдердеги эки нускадагы көчүрмөлөрүн кагаз жана электрондук сактагычта, аталган ченемдик укуктук актынын жарыяланган булагын көрсөтүү менен, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберсин.
3. Бюджеттик пландаштыруу жана каржылоо башкармалыгы, Социалдык камсыз кылуу департаменти, маалыматтык технологиялар бөлүмү, райондук, шаардык жана райондор аралык эмгек жана социалдык
өнүктүрүү башкармалыктары ай сайынкы социалдык жөлөкпулду жана 2010-жылдын апрель-июнь айларындагы окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга ай сайынкы кошумча жөлөкпулду берүүдө бул буйрукту жетекчиликке алсын.
4. Документтик камсыз кылуу жана администрациялык колдоо бөлүмү бул буйрукту министрликтин аймактык бөлүмдөрүнө жеткирсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары А.Солтонбековага жүктөлсүн.
6. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.