Тарифтик эмес жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарды аныктоо маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9 жана
11-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 256 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө жободо:
- 7-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
«- товарлардын импортуна (ташып келүү) жана экспортуна (ташып чыгуу) эксперттик корутунду берүү;».
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-мартындагы № 142 “Үчүнчү өлкөлөр менен соода жагында тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган, Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген спецификалуу товарлардын экспортун жана импортун лицензиялоо боюнча уюм-эксперттердин жана лицензиарлардын тизмегин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- токтомдун аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Эксперттик корутунду берүү боюнча уюм-эксперттердин жана үчүнчү өлкөлөр менен сооданы тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарлардын экспортуна жана импортуна уруксат документтерин берүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”;
- 1-пунктундагы “Үчүнчү өлкөлөр менен соода жагында тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган, Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген спецификалуу товарлардын экспортун жана импортун лицензиялоо боюнча уюм-эксперттердин жана лицензиарлардын тизмеги” деген сөздөр “Эксперттик корутунду берүү боюнча уюм-эксперттердин жана үчүнчү өлкөлөр менен сооданы тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарлардын экспортуна жана импортуна уруксат документтерин берүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын тизмеги” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- Үчүнчү өлкөлөр менен соода жагында тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган, Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген спецификалуу товарлардын экспортун жана импортун лицензиялоо боюнча уюм-эксперттердин жана лицензиарлардын тизмеги ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 401 “Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети жөнүндө жободо:
8-пунктунун “б” пунктчасында:
- он сегизинчи абзацындагы “-техникалык” деген сөз алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма үчүнчү абзац менен толукталсын:
“- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Евразия экономикалык бирлигинин укуктарына ылайык товарлардын импортуна же экспортуна квоталардын көлөмүн тышкы соода иштеринин катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрөт.”.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр К.А. Боронов