Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын16-апрелиндеги № 175 «Кыргыз Республикасында эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөдө эмгектенүү тартибин өркүндөтүү максатында, «Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 175 «Кыргыз Республикасында эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын эмгектенүү тартиби жөнүндө жободо:
- 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы онунчу жана он биринчи абзацтар менен толукталсын:
«QR код – машина окуй турган оптикалык белги, ал өзү байланган объект жөнүндө маалыматты камтыйт;
иштөөгө электрондук уруксат – квалификацияланган электрондук кол тамга коюлган, Кыргыз Республикасы тарабынан таанылган чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга миграция жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштөөгө берилген уруксаттын статусуна теңештирилген, ушул Жобого ылайык электрондук тартипте, анын ичинде Интернет электрондук тармагы аркылуу берилүүчү, тез таасир көрүү үчүн атайын окулуучу QR-коду бар документтик ырастама.»;
- 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«8. Ушул Жобонун 12 жана 20-пункттарында аталган арызды жана документтерди арыз берүүчү өзү же ишенимдүү өкүлдүн паспортунун көчүрмөсүн тиркөө менен ишеним кат боюнча ыйгарым укуктуу өкүл аркылуу берет. Арыз жана документтер кагаз жүзүндө же электрондук түрдө Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу берилет.»;
- 15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«15. Комиссиянын курамына миграция жаатындагы; калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана эмгекти коргоо жаатындагы; ички иштер жана улуттук коопсуздук жаатындагы; экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү жаатындагы; инвестиция, экспорт жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, ошондой эле ыйгарым укуктуу салык органынын бирден өкүлү кирет.»;
- 16-пунктунда:
биринчи абзацындагы «Комиссия тарабынан кабыл алынган чечим тууралуу арыз берүүчүгө жазуу жүзүндө кабарлайт» деген сөздөр «ыйгарым укуктуу органдын расмий веб-сайтына Комиссиянын чечимин жайгаштырат» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзацы «Иш берүүчү» деген сөздөрдөн кийин «баш тартылган учурда» деген сөздөр толукталсын;
- 17-пунктундагы «бир календардык жылдын ичинде» деген сөздөр алып салынсын;
- 22-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«22. Ыйгарым укуктуу орган чет өлкөлүк жумушчунун иштегенге уруксатын ушул Жобонун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык форма боюнча чыгарат.»;
- төмөнкүдөй мазмундагы 31-глава жана 291-296-пункттар менен толукталсын:
«31-глава. Иштөөгө электрондук уруксатты берүү тартиби жана шарттары
291. Иш берүүчү/чет өлкөлүк жумушчу иштөөгө электрондук уруксатты алуу үчүн Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу ушул Жобонун 12 жана 20-пункттарына көрсөтүлгөн арызды жана документтерди берет.
292. Ушул Жобонун 12 жана 20-пункттарында көрсөтүлгөн документтер адамдын графикалык кол тамгасынын, мөөрдүн, бланктын бурчтук штампынын, документтеги даталардын аныктыгынын бардык аутенттүү белгилеринин сакталышын камсыз кылган Portable Document Format (PDF) форматында сканерленүүгө тийиш. Сканерленген документтер электрондук кол тамга менен жиберилет.
293. Ыйгарым укуктуу орган ушул Жобонун 12 жана 20-пункттарында көрсөтүлгөн документтер берилгенде, ушул Жобонун талаптарына шайкеш келерин эки жумуш күндүн ичинде текшерет. Каталар жана дал келбөөлөр аныкталган учурда иш берүүчүгө/чет өлкөлүк жумушчуга каталарды оңдоо зарылдыгы тууралуу дароо электрондук маалымат жиберилет жана өтүнүч толуктап иштеп чыгып, кайтадан тапшыруу үчүн кайтарылат.
294. Ыйгарым укуктуу орган электрондук документтердин толук комплектте алган учурда иш берүүчүгө/чет өлкөлүк жумушчунун электрондук почта даректерине эки жумуш күндүн аралыгында электрондук документтердин алынгандыгы жазылган өзгөчө номер камтылган билдирүү жиберет.
295. Иш берүүчү/чет өлкөлүк жумушчу ушул Жобонун 294-пунктунда көрсөтүлгөн уникалдуу номерди, ыйгарым укуктуу органдын расмий веб-сайтында киргизген учурда электрондук документтердин өтүшү тууралуу маалыматты ала алат.
296. Иш берүүчү/чет өлкөлүк жумушчу иштегенге электрондук уруксат алгандан кийин, зарылдыгына жараша аны басып чыгарат. Иштөөгө электрондук уруксат чет өлкөлүк жумушчу паспортун көрсөткөн учурда жарактуу.»;
- 30-пунктунда:
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- эгерде иш берүүчү чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу квотасын алуу учурунда жалган маалымат берсе же Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч келтирген иш жүргүзсө;»;
төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
«- иш берүүчү тарабынан тышкы миграция жана салык мыйзамдары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы аракеттер жасалса.»;
- 31-пунктунда:
алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи жана тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
«- тышкы миграция жана салык мыйзамдары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы аракеттер жасалса;
- Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектенүүсүн же жеке ишкердик менен алектенүүсүн токтотсо.»;
- жогоруда аталган Жобонун тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда 2-тиркеме менен толукталсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө жумушка орноштуруу боюнча иштин тартиби жөнүндө жободо:
- 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Кыргыз Республикасынын жарандарын анын чектеринен сырткары жумушка орноштурууга байланышкан иштер деп Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөгө эмгектенүү максатында кетүүлөрүн уюштуруу боюнча бардык иштер эсептелинет.»;
- 2-главасынын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2-глава. Уруксатты берүү, жокко чыгаруу жана уруксатты берүүдөн баш тартуу тартиби»;
- 11-12-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«11. Уруксат бир жылдык мөөнөткө берилет жана жөнөтүүчүнүн арызы боюнча үч жылга узартылышы мүмкүн. Уруксатты колдонуу мөөнөтүн узартууда жөнөтүүчүдөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен өлчөмдө мамлекеттик алым алынат. Уруксат мурда алынган уруксаттын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин узартылат.
12. Уруксатты алууда жөнөтүүчү ыйгарым укуктуу орган белгилеген банктык депозиттик эсепке кепилдик төгүм катары ишмердигинин бүт мезгилине 1000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү сумманы которушу керек. Жумушчунун өмүрүнө же саламаттыгына коркунуч жаралган учурда жөнөтүүчү эч кандай аракет кылбаса, кепилдик төгүмдүн каражаттары жумушка орноштурууга көмөктөшүү жөнүндө келишимдин жана/же эмгек келишиминин шарттарын аткарбоонун кесепетинен жумушчуга келтириле турган материалдык зыяндын ордун толтуруу үчүн жөнөтүүчү менен макулдашпастан туруп сарпталат.
Жөнөтүүчү уруксаттын жана банктык депозиттик эсептин берилгендиги үчүн мамлекеттик алымды ведомстволор аралык комиссиянын уруксат берүү боюнча оң чечими чыккандан кийин үч календардык айдын ичинде төлөөгө тийиш.»;
- 15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«15. Уруксат берүү жөнүндө чечим улуттук коопсуздук жана ички иштер жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен милдеттүү макулдашуудан кийин, арыз берилген күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде ведомстволор аралык комиссия тарабынан кабыл алынат. Уруксат арыздын негизинде тиешелүү органдар менен макулдашпастан туруп узартылат.
Ведомстволор аралык комиссия ыйгарым укуктуу орган тарабынан миграция жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын, ички иштер жана улуттук коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу органдардын өкүлдөрүнөн түзүлөт. Комиссиянын иш тартиби ыйгарым укуктуу органдын чечими менен бекитилет.»;
- төмөнкүдөй мазмундагы 191-пункту менен толукталсын:
«191. Уруксатты берүүдөн баш тартуу жана жокко чыгаруу чечими ведомстволор аралык комиссия тарабынан кабыл алынат. Төмөнкүдөй учурларда уруксат берилбейт же мурда берилген уруксат жокко чыгарылат:
- жөнөтүүчү уруксат алуу үчүн жалган маалымдарды берсе;
- эмгек келишиминин, ишке орноштуруу кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишимдин же кызматташуу жөнүндө келишимдин долбоорлорунун шарттары Кыргыз Республикасынын же ишке орноштурган өлкөнүн мыйзамдарына шайкеш келбесе;
- жөнөтүүчү экстремисттик, террористтик же сепартисттик уюмдардын мүчөсү болуп саналса, ошондой эле мыйзамсыз миграция уюштуруу боюнча жорук кылгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылса;
- жөнөтүүчү же иш берүүчү тарабынан келишимдин шарттары бузулгандыгына байланыштуу эмгек мигрантынын өмүрүнө же саламаттыгына коркунуч келтирилсе;
- жөнөтүүчү Кыргыз Республикасынын жаранына эмгек келишиминин, кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишимдин бирден нускасын же жөнөтүүчүнүн кызматтары үчүн төлөнгөндүгү тууралуу квитанциянын көчүрмөсүн бербесе.»;
- 21-пунктунда:
бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- жаран менен жөнөтүүчүнүн ортосунда ишке орноштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө келишим түзгөнгө чейин жумушка орноштурууга көмөктөшүү үчүн алдын ала кандай болбосун төлөмдү алуусуна жол бербөөгө;»;
он экинчи абзацындагы «ай сайын» деген сөздөр «квартал сайын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы:
- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр К.А.Боронов