Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-июнундагы № 443 “2020-жылга чейин гендерлик теңчиликке жетишүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук стратегиясы жана Кыргыз Республикасында гендерлик теңчиликке жетишүү боюнча иш-аракеттердин улуттук планы жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасында гендерлик теңчиликке жетишүү боюнча мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-июнундагы № 443 “2020-жылга чейин гендерлик теңчиликке жетишүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук стратегиясы жана Кыргыз Республикасында гендерлик теңчиликке жетишүү боюнча иш-аракеттердин улуттук планы жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунда:
бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
“- 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетишүү боюнча иш-аракеттердин улуттук планы (мындан ары – Иш-аракеттердин улуттук планы) 6-тиркемеге ылайык.”;
- жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын;
- ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда 6-тиркеме менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев