“Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” конкурсун өткөрүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу
Балдар жана жаштар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча (өсүү түйүндөрү) шаарлардын ишине дем берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 8-январындагы № 1 “2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы № 194 токтому менен бекитилген 2018-2022-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясынын алкагында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” конкурсун өткөрүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” конкурсунун байге фонду 6 000 000 (алты миллион) сом өлчөмүндө белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) 2020-2022-жылдары “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” конкурсун даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу иштерин 2-тиркемеге ылайык жүргүзүшсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 2022-жылдын 31-августуна чейин колдонулат.
Премьер-министр К.А.Боронов