Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 28-июлундагы № 473 “Кыргыз Республикасында баштапкы кесиптик билим берүү боюнча жумушчу кесиптердин жана адистиктердин тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Эмгек рыногунда суроо-талапка ээ жумушчу кадрларды жана адистерди даярдоо чөйрөсүндөгү иштин натыйжалуулугун камсыздоо максатында, “Билим берүү жөнүндө” жана “Башталгыч кесиптик билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 28-июлундагы № 473 “Кыргыз Республикасында баштапкы кесиптик билим
берүү боюнча жумушчу кесиптердин жана адистиктердин тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- токтомдун аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Кесиптик башталгыч билим берүүчү уюмдарда окутулуучу кесиптердин тизмесин бекитүү жөнүндө”;
- 1 жана 2-пункттарындагы “Кыргыз Республикасында баштапкы кесиптик билим берүү боюнча жумушчу кесиптердин жана адистиктердин тизмеси” деген сөздөр “Кесиптик башталгыч билим берүүчү уюмдарда окутулуучу кесиптердин тизмеси” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында баштапкы кесиптик билим берүү боюнча жумушчу кесиптердин жана адистиктердин тизмеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев