КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы № 493 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 176 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматын (финансы полициясын) түзүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында, “Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 176 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматын (финансы полициясын) түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган болуп саналат, анын иши кылмыштардын экономикалык түрлөрүн, кызматтык жана коррупциялык кылмыштарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде ыкчам-издөө иши, тергөө жана алгач текшерүү жолу менен аныктоого, алдын алууга, бөгөт коюуга, ачууга жана тергөөгө багытталган аткаруу бийлигинин укук коргоо органынын статусуна ээ.”.

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) жөнүндө жобо ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматында (финансы полициясы) кызмат өтөө жөнүндө жободо:

- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“3. Финансы полициясында кызмат өтөө экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө мыйзамдарда белгиленген принциптерге ылайык ишке ашырылат.”;

- 5-пункту:

экинчи абзацындагы “жолунда” деген сөз “жолу менен Финансы полициясында” деген сөздөр менен алмаштырылсын.”;

үчүнчү жана төртүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Бош кызмат ордун ээлөөгө конкурстар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте өткөрүлөт.

Финансы полициясына кызматка башка укук коргоо органдарында жана аскер түзүмдөрүндө, ошондой эле прокуратура органдарында кызматта турган же мурда турган, тиешелүү аскердик, атайын наамдары, класстык чендери жана атайын класстык чендери бар, экономикалык жана кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндө жогорку кесиптик тажрыйбага ээ болгон 35 жаштан жогору жарандар конкурстук негизде кабыл алынат.”;

сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Финансы полициясынын орто, улук жана жогорку жетекчилик курамындагы кызмат ордуна төмөнкүдөй тийиштүү жогорку билими бар жарандар кабыл алынат:

- юридикалык – тергөө бөлүмүнө;

- экономикалык же юридикалык – ыкчам бөлүмүнө;

- юридикалык, экономикалык жана аскердик – нөөмөт бөлүмүнүн инспектордук курамына жана атайын багыттагы ыкчам бөлүмгө;

- юридикалык же экономикалык – кадрдык жана штаб бөлүмдөрүнүн инспектордук курамына;

- “Журналистика” адистиги боюнча – пресс-кызмат бөлүмүнө;

- экономикалык – ички аудит бөлүмүнө;

-  “Эл аралык мамилелер” адистиги боюнча – эл аралык мамилелер маселелерин тейлеген бөлүмгө;

-  филологиялык (кыргыз тили жана адабияты) – мамлекеттик тил маселелерин тейлеген бөлүмгө;

- кызмат ордуна карата квалификациялык талаптарга ылайык жогорку билим – материалдык-техникалык камсыздоо маселелерин тейлеген бөлүмгө.”;

он төртүнчү абзацындагы “мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” деген сөздөр “экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

он алтынчы абзацындагы “мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” деген сөздөр “экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

он жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Жетекчи мыйзамдарга каршы келген буйрук чыгарса, кызматкер экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө мыйзамды жетекчиликке алууга милдеттүү.”;

- 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“6. Кыргыз Республикасынын жараны Финансы полициясына кызматка төмөнкүдөй учурда кабыл алынбайт, эгерде ал:

- соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими менен ишке жарамсыз же жарамдуулугу чектелүү деп табылса;

- соттолгон же соттуулугу бар болсо, кылмыш жоопкерчилигинен реабилитацияланбаган негиздер боюнча бошотулса;

- ушул Жобонун 5-пунктунда каралган талаптарга жооп бербесе;

- башка мамлекеттин жарандуулугуна ээ болсо;

- укук коргоо органдарынан, ошондой эле башка мамлекеттик органдардан терс жактары боюнча иштен бошотулса.

Бири-бири менен жакын туугандык байланышта (ата-энелер, жубайлар, байке-инилер, эже-сиңдилер, уул-кыздар, ошондой эле жубайлардын бир тууган байке-инилери, эже-сиңдилери, ата-энелери жана балдары) болгон Финансы полициясынын кызматкерлерине эгерде алардын кызматы бири-бирине түздөн-түз баш ийүү же бири-бирин контролдоо менен байланышса, Финансы полициясынын бир эле органында кызмат өтөөгө уруксат берилбейт.

 Финансы полициясынын кызматкерине экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө мыйзамдарда каралган чектөөлөр коюлат.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө мыйзамдарда каралган чектөөлөр сакталбаган фактынын аныкталышы ыйгарым укуктуу органдын кызматкерине карата ээлеген кызматынан бошотууга чейинки тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу үчүн негиз болуп саналат.”;

- 10-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“10. Кызматкерлер Финансы полициясынын кадрларынын карамагына төмөнкүдөй учурларда төрт айдан ашпаган мөөнөткө киргизилет:

1) кайра уюштуруу, жоюу, ылайыкташтыруу же штаттык санды кыскартуу менен байланышкан уюштуруу-штаттык иш-чараларды жүргүзгөндө;

2) тартиптик жаза чарасына ылайык ээлеген кызматынан бошотулганда;

3) мурда бул кызматты ээлеп турган кызматкер бала багуу өргүүсүнөн чыкканда;

4) бул кызматты мурда ээлеп турган кызматкерди башка кызматка дайындоого мүмкүн болбогондуктан, өз ордуна кабыл алууда;

5) Финансы полициясынын кызматкери соттун чечими менен ырасталып, дайынсыз жок болсо;

6) кайрадан даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга жөнөтүүдө.

Кызматкерлерди жеке мүнөздөгү жүйө боюнча берилген билдирменин негизинде кадрлардын карамагына киргизүүгө уруксат берилет.

Аталган убакыттын ичинде Финансы полициясы кызматкерге мурдагы кызматына барабар бош кызмат ордун бир жолу сунуштоого милдеттүү. Бош кызмат орду жок болсо, бош кызмат орду пайда болгон сайын сунушталат, мындай учурларда кадрлардын карамагында болуу убактысы узартылат.

Иш убактысын эсепке алуу табели милдеттүү түрдө толтурулуу менен, кызматтын кызыкчылыгы үчүн кадрлардын карамагында турган кызматкер ишке тартылышы мүмкүн.

Кадрлардын карамагына киргизилип жаткан жана ушул жыл үчүн кезектеги жыл сайын алуучу өргүүсүн пайдалана элек кызматкерге кадрлардын карамагына киргизилгенден кийин өргүү берилиши керек. Кийин өргүү берилбейт.

Кызматкердин кадрлардын карамагында болгон мөөнөтүнө убактылуу ишке жарамсыздык мезгили, өргүүдө болгон убакыты, бош эмес кызмат орду боюнча милдеттерди аткарган убакыты, кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгына байланыштуу камакта болгон мөөнөтү, ошондой эле эгерде актоо негиздери боюнча кылмыш иши токтотулса же болбосо сот тарабынан актоочу өкүм чыгарылса, камакка алынган күндөн тартып бошотулган күнгө чейинки мөөнөттөр эсептелбейт.

Кадрлардын карамагына өткөндүгү жөнүндө буйрук менен кызматкер кол коюп таанышат. Кызматкер кол коюудан баш тарткан же келбей койгон учурда тийиштүү акт түзүлүп, анын жашаган жерине билдирүү жөнөтүлөт.

Кадрлардын карамагына өткөндүгү жөнүндө буйрук Финансы полициясында кызматы токтотулду дегенди билдирбейт.

Кызматкер кадрлардын карамагында төрт ай болгондон кийин сунушталган бош кызмат ордунан, анын ичинде төмөн турган кызмат ордунан баш тартса, ал Финансы полициясы органдарынан бошотулууга тийиш.

Кадрлардын карамагына киргизилген Финансы полициясынын кызматкерлерине кадрлардын карамагына киргизилген учурдан тартып төмөнкүдөй тартипте акчалай акы төлөнөт:

- биринчи эки айга - акыркы ээлеген кызматы боюнча кызматтык акынын, атайын наамы боюнча акынын жана иштеген жылдары үчүн  ар бир айга пайыздык үстөк акынын өлчөмүндө;

- үчүнчү айга - атайын наамы боюнча акынын жана иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акынын өлчөмүндө;

- төртүнчү ай үчүн акчалай акы төлөнбөйт.”;

- төмөнкүдөй мазмундагы 101-пункту менен толукталсын:

“101. Финансы полициясынын кызматкери төмөнкү учурларда ээлеген кызматынан убактылуу четтетилиши мүмкүн:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын тергөө жана сот органдары кызматтан четтетүү жөнүндө токтом чыгарса - иш боюнча акыркы чечим чыкканга чейин;

2) кызматтык териштирүү жүргүзүүдө - териштирүүнүн бардык мезгилинде.

Кызматкер ушул пункттун 2-пунктчасына ылайык ээлеген кызматынан убактылуу четтетилсе, анын эмгек акысы сакталып калат. Калган учурларда эмгек акы сакталбайт.”;

- 12-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“12. Финансы полициясынын кызматкерлерин кесиптик жактан даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу Кыргыз Республикасынын жана башка мамлекеттердин окуу жайларында  ведомстволор аралык келишимдердин негизинде жүргүзүлөт. Окууга жөнөтүлгөн кызматкерлер жана бул максатта тандалып алынган жарандар кадрлардын карамагына киргизилет жана окууну бүткөндөн кийин милдеттүү түрдө ишке орноштурулууга тийиш.”;

- 13-пунктундагы “мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” деген сөздөр “экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 14-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“14. “Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык финансы полициясы органдарынын кызматкерлеринин атайын наамдары төмөнкүдөй бөлүнөт:

“а) кенже жетекчилик курамдын атайын наамдары - финансы полициясынын катардагы кызматкеринен баштап прапорщиги кошо кирет;

б) орто жетекчилик курамдын атайын наамдары - финансы полициясынын кенже лейтенант кызматкеринен баштап капитаны кошо кирет;

в) улук жетекчилик курамдын атайын наамдары - финансы полициясынын майор кызматкеринен баштап полковниги кошо кирет;

г) жогорку жетекчилик курамдын атайын наамдары - финансы полициясынын генерал-майор кызматкеринен баштап генерал-лейтенанты кошо кирет.

Финансы полициясынын кызматкерлерине атайын наамдар алардын квалификациясын, билимин, кызматка болгон мамилесин, иштеген жылдарын жана ээлеген штаттык кызмат ордун эске алуу менен ырааттуу, жекече ыйгарылат.”;

- 15-пунктунда:

төртүнчү абзацындагы “алгачкы” деген сөз алып салынсын;

жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Аскердик, атайын наамдары, атайын класстык чендери жана класстык чендери бар, Финансы полициясына кызматка алынган, башка укук коргоо органдарынын мурдагы жана учурдагы кызматкерлерине жана аскер түзүмдөрүнүн аскер кызматчыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын кызматкерлерине атайын наамдар алардын мурдагы аскердик, атайын наамдарын, атайын класстык чендерин жана класстык чендерин эске алуу менен ыйгарылат.”;

- төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи жана тогузунчу абзацтар менен толукталсын:

“Эгерде жумушка кабыл алууда кадрдык бөлүмгө бул адамдын  аскердик, атайын наамы, атайын класстык чени жана класстык чени бар экендиги жөнүндө маалым болбосо, ошондой эле тийиштүү ырастоолор берилбесе, мындай учурларда мурда ыйгарылган наам же чен жөнүндө буйруктун көчүрмөсү келген учурдан тартып наам ыйгарылат.

Финансы полициясына кызматка дайындалгандан кийин аталган адамдарга кезектеги атайын наамдар алган наамына иштеген жылдарынын жана наамына иштеген жылдарынын мөөнөттөрүн суммалык эсептөө боюнча ыйгарылат.”;

- 19-пунктунун үчүнчү абзацы “Финансы полициясынын кадр бөлүмү” деген сөздөрдөн кийин “же бөлүмдүн түздөн-түз жетекчиси” деген сөздөр менен толукталсын;

- 22-пунктунун жетинчи абзацы “өргүүлөрдүн башка түрлөрү” деген сөздөрдөн кийин “, анын ичинде эмгек акысы сакталбастан” деген сөздөр менен толукталсын:

- 25-пунктунун жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Кызматкер бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн мезгилде анын ордуна башка кызматкерлерге же бул кызмат ордунун квалификациялык талаптарына туура келген башка адамдарга убактылуу иштөөгө уруксат берилет. Кызмат ордуна убактылуу дайындалган адамдарга атайын наамдар ыйгарылбайт, ыкчам-кызматтык ишке жана жашыруун иш кагаздары менен иштөөгө уруксат берилбейт.”;

- 29-пунктунда:

“м” пунктчасындагы “3” деген цифра “4” деген цифра менен алмаштырылсын;

“с” пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“с) төмөнкүдөй негиздер менен ишеним көрсөтүлбөсө:

- кызыкчылыктардын кагылышынын алдын алуу жана/же жөнгө салуу боюнча иш-аракеттерди тараптын өз убагында көрбөгөндүгү;

- ишкердик иштин кандай болбосун түрү менен алектенүү;

- Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерде башкача каралбаган учурда башкаруу органдарынын, көзөмөлдөөчү же байкоо жүргүзүүчү кеңештердин, чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын башка органдарынын жана Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн курамына кирүү;

-  кызматтык териштирүүнүн корутундусуна ылайык Финансы полициясынын кызматкери тарабынан Кесиптик этика кодексинин талаптарын, анын ичинде иш убактысынан сырткары да, бир нече жолу жана/же одоно бузуу;

-  кирешелер, мүлк жана милдеттенмелер жөнүндө декларацияны бербей коюу же көз көрүнөө такталбаган же толук эмес маалыматтарды берүү;

-  башка мамлекеттин жарандыгы бар экендигин жашыруу;

- Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар экендиги жөнүндө көз көрүнөө жалган маалыматты берүү.”.

2. Ушул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдар тийиштүү жылдарга карата республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                           М.Д.Абылгазиев