Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 745 «Оор оору менен ооруган эркинен ажыратууга соттолгондорду медициналык күбөлөндүрүү жана аларды андан ары жаза өтөөдөн бошотууну сунуш кылуу тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Оор оору менен ооруган эркинен ажыратууга соттолгондорду медициналык күбөлөндүрүү жана аларды андан ары жаза өтөөдөн бошотууну сунуш кылуу тартибинде:
- аталган Тартиптин 1-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- аталган Тартиптин 4-тиркемесинин 3-пункту «атайы врачтык комиссиянын бүтүмү» деген сөздөрдөн кийин «, ал эми соттолгондо психикалык бузулуулардын белгилери аныкталган учурда - соттук-психиатриялык эксперттик комиссиянын бүтүмү» деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 111 «Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелерине кирүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышындагы жана 1-пунктундагы «түзөтүү мекемелерине» деген сөздөр «коомдон обочолоо менен байланышкан жазык-укуктук таасир берүүчү жазаларды жана мажбурлоо чараларын аткаруучу мекемелерине» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- преамбулада:
«түзөтүү мекемелери» деген сөздөр «коомдон обочолоо менен байланышкан жазык-укуктук таасир берүүчү жазаларды жана мажбурлоо чараларын аткаруучу мекемелер» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
«23» деген цифралар «43» деген цифралар менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелерине кирүү тартиби жөнүндө жободо:
- 1-пунктундагы «түзөтүү мекемелерине» деген сөздөр «коомдон обочолоо менен байланышкан жазык-укуктук таасир берүүчү жазаларды жана мажбурлоо чараларын аткаруучу мекемелерине» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 43-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген адамдар түзөтүү мекемелерине атайын уруксатсыз кире алат.»;
- төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
«21. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү түзөтүү мекемелерине атайын уруксат боюнча ушул Жобонун 3-9-пункттарында аныкталган тартипте киришет.»;
- 12-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«12. Соттолгондорду киного, сүрөткө жана видеого тартууга, алардан интервью алууга, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн жана башка адамдардын аудио-видео каражаттарын пайдалануу менен, мекеменин администрациясынын жана соттолгондордун өздөрүнүн макулдугу менен уруксат берилет.
Түзөтүү мекемелеринин коопсуздугун камсыз кылган обьекттерди киного, сүрөткө жана видеого тартуу аталган мекемелердин администрациясынын уруксаты менен жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 43-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3 жана 4-пункттарында аталган адамдар тарабынан түзөтүү мекемелерине киного, сүрөткө жана видеого тартуу жабдыктарын алып өтүү жана аларды колдонуу атайын уруксатсыз жүргүзүлөт.
Түзөтүү мекемелеринин администрациясы аларга кирген адамдардын коопсуздугун камсыз кылат.».
3. Ушул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдар тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте каралган, бекитилген каражаттардын чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен ишке ашырылсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев