Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн жер участокторун берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги № 192 “Мамлекеттик токой фондун пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик токой фондун пайдалануу жана тескөө тартибинде:
- 1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы 8-пунктча менен толукталсын:
“8) энергиянын кайра жаралуучу булактарын (мындан ары – ЭКБ) пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду куруу максатында иштерди аткаруу.”;
- 5-пунктунун он биринчи абзацы “жана жер казынасын пайдалануудан,” деген сөздөрдөн кийин “ошондой эле ЭКБны пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду куруудан” деген сөздөр менен толукталсын;
- 10-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
“- объекттин техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүн баалоо боюнча тиешелүү квалификациясы бар энергокомпаниялар жана башка уюмдар ЭКБны пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн мамлекеттик токой фондунун жерлери берилген учурларда.”;
- төмөнкүдөй мазмундагы 231-пункт менен толукталсын:
“231. ЭКБны пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн жер участогун берүү жөнүндө талапкерлердин документтерин кароодо комиссия тарабынан төмөнкүдөй критерийлер эске алынат:
1) төмөнкүлөрдү камтыган алдын ала техникалык-экономикалык негиздеменин болушу:
- объекттин техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү: электр же жылуулук энергиясын жылдык иштеп чыгуунун көлөмү, каржылоо көлөмү жана өзүн-өзү актоо мөөнөтү, объектти куруунун, пайдаланууга берүүнүн жана электр, жылуулук энергиясын берүүнү баштоонун мөөнөтү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоонун тартибине ылайык таризделген айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо жөнүндө отчет;
2) долбоорлорду өз алдынча ишке ашыруу боюнча же артыкчылык болуп эсептелген ЭКБны пайдалануу менен ушул сыяктуу объектилерге карата башка жактар менен биргеликте ишке ашырууга катышуучу катары тажрыйбанын болушу.”;
- 32-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 10-пунктча менен толукталсын:
“10) ЭКБ субъекттеринин реестрине киргизүү жөнүндө күбөлүктү жокко чыгаруу.”;
- 4-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 91-параграф менен толукталсын:
“§ 91. Мамлекеттик токой фондунун жерлеринде ЭКБ пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду куруу
741. ЭКБны пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду куруу максатында мамлекеттик токой фондунун жерлерин пайдалануу укугун берүү токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органы менен токойду пайдалануучунун ортосундагы келишимдин негизинде жүргүзүлөт.
742. Жер участогу ЭКБ субъектисине ушул Жобого ылайык белгиленген мөөнөткө ижарага берилет. Токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органдары ижара акысын жер салыгынын эки ставкасынан жогору эмес өлчөмдө белгилешет.
743. Ижарага берилген жер участогун пайдалануунун шарттары ЭКБны пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду куруу боюнча долбоордук документтерге жана жер участогунун ижара келишимине ылайык аныкталат.
744. Мамлекеттик токой фондунун жерлеринде ЭКБ пайдалануу үчүн энергетикалык орнотмолор токой менен капталбаган жерлерге жана токойдун коргоочу касиеттеринин, өрткө каршы, экологиялык жана санитардык абалынын, ошондой эле алардын кайра көбөйүү шарттарынын начарлашына алып келбөөчү ыкмалар менен орнотулат.”.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 “Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жободо:
- 11-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын:
“4) ушул Жобонун 41-главасына ылайык энергиянын кайра жаралуучу булактарынын субъекттерине ЭКБны пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн.”;
- төмөнкүдөй мазмундагы 41-глава менен толукталсын:
“41. Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн арналган жер участокторун ижаралоо маселелери
551. ЭКБны пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн мамлекеттин менчигинде турган жер участоктору жер участогу карамагында турган мамлекеттик органдар тарабынан жер участогуна ижара келишимин түзүү укугуна карата тооруктун жеңүүчүсүнө ижарага берилет.
Энергетика чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мөөнөтсүз (мөөнөтү көрсөтүлбөй) пайдалануу укугунда турган жер участоктору ЭКБны пайдалануу боюнча энергетикалык орнотмолорду курууга конкурстук тандоонун жеңүүчүсүнө ижара шарттарында өткөрүлүп берилет.
552. ЭКБны пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн мамлекеттик менчикте турган жер участоктору төмөнкү критерийлердин негизинде берилет:
1) төмөнкүлөрдү камтыган алдын ала техникалык-экономикалык негиздеменин болушу:
- объекттин техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү: электр же жылуулук энергиясын жылдык иштеп чыгуунун көлөмү, каржылоо көлөмү жана өзүн-өзү актоо мөөнөтү, объектти куруунун, пайдаланууга берүүнүн жана электр, жылуулук энергиясын берүүнү баштоонун мөөнөтү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоонун тартибине ылайык таризделген айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо жөнүндө отчет;
2) жерге укук берүүдө – ЭКБны пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду куруу боюнча долбоорду өз алдынча же артыкчылык болуп эсептелген ЭКБны пайдалануу менен ушул сыяктуу объектилерге карата долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбасы бар ЭКБнын башка субъектилери менен биргеликте долбоорду ишке ашыруу боюнча тажрыйбанын болушу.
553. Ижарага берилген жер участогун пайдалануунун шарттары ЭКБны пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду куруу боюнча долбоордук документтерге жана жер участогунун ижара келишимине ылайык ишке ашырылат.
554. Жер участогу ЭКБ субъектисине ушул Жободо белгиленген мөөнөткө ижарага берилет.
555. Энергетика чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мөөнөтсүз пайдалануусунда турган жер участокторун ижарага өткөрүп берүүдө ижара акысынын өлчөмү, аны төгүүнүн тартибин жана шарттарын энергетика чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт.
556. Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун ижаралоодо ижара акысынын өлчөмү, аны төгүүнүн тартиби жана шарттары ушул Жобонун талаптарында каралган тартипте аныкталат.
557. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруунун шарттары жана тартиби жөнүндө жобого ылайык ижарачынын ЭКБ субъекттерин реестрге киргизүү жөнүндө күбөлүгүн жокко чыгаруу жер участогуна укугун (ижара/пайдалануу) токтотуу үчүн негиз болуп саналат.”.
3. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары өздөрүнүн чечимдерин бир айлык мөөнөттө ушул токтомго ылайык келтиришсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр У.А. Марипов