1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүн майрамдоонун урматына 9-майга карата жыл сайын бир жолку акчалай жөлөкпул төлөө жөнүндө
Жарандардын кепилденген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн жөнөкөйлөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүн майрамдоонун урматына 9-майга карата жыл сайын жарандардын төмөнкү категорияларына бир жолку акчалай жөлөкпул төлөнсүн:
1) Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына – эсептик көрсөткүчтүн алты эсе өлчөмүндө;
2) Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына – эсептик көрсөткүчтүн төрт эсе өлчөмүндө;
3) 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген жана “За оборону Ленинграда” медалы менен сыйланган адамдарга жана “Жителю блокадного Ленинграда” белгиси менен сыйланган адамдарга – эсептик көрсөткүчтүн төрт эсе өлчөмүндө;
4) экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жайларынын мурдагы жашы жете элек туткундарына – эсептик көрсөткүчтүн төрт эсе өлчөмүндө;
5) Улуу Ата Мекендик согуштагы фронтто курман болгон жоокерлердин ата-энелерине жана экинчи никеге турбаган жесирлерине (жесилдерине) – эсептик көрсөткүчтүн эки эсе өлчөмүндө;
6) Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы каарман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдарга – эсептик көрсөткүчтүн бир эсе өлчөмүндө;
7) Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жумушчу колонналарга (эмгек армиясына) мыйзамсыз түрдө күч менен мобилизацияланган жана кийин реабилитацияланган жарандарга – эсептик көрсөткүчтүн бир эсе өлчөмүндө;
2. 1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүн майрамдоонун урматына 9-майга карата төмөнкүлөргө жыл сайын кошумча бир жолку акчалай жөлөкпул белгиленсин:
1) Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына – 20 000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө;
2) Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына – 20 000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө;
3) 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген жана “За оборону Ленинграда” медалы менен сыйланган адамдарга жана “Жителю блокадного Ленинграда” белгиси менен сыйланган адамдарга – 20 000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө;
4) экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жайларынын мурдагы жашы жете элек туткундарына – 20 000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө;
5) Улуу Ата Мекендик согуштун мезгилинде курман болгон жоокерлердин жесирлерине – 15 000 (он беш миң) сом өлчөмүндө;
6) Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы каарман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдарга – 15 000 (он беш миң) сом өлчөмүндө;
7) Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жумушчу колонналарга (эмгек армиясына) мыйзамсыз түрдө күч менен мобилизацияланган жана кийин реабилитацияланган жарандарга – 15 000 (он беш миң) сом өлчөмүндө.
3. Ушул токтомдун 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн адамдарга жыл сайын бир жолку акчалай жөлөкпулду төлөө алган пенсиясынын, жөлөкпулунун, акчалай компенсациясынын өлчөмүнө карабастан, республикалык бюджеттин каражаттарынан жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги жыл сайын 9-майга карата 1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку акчалай жөлөкпул төлөө үчүн социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга акча каражатын бөлүп берсин.
6. Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул токтомдун 4-пункту менен бекитилген Жобого ылайык жыл сайын бир жолку акчалай жөлөкпул төлөп берүүнү камсыз кылсын.
7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 15-апрелиндеги № 170 “Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагерлерине 9-майга карата ар жылкы бир жолку акчалай пособие төлөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-декабрындагы № 882 “Улуу Ата-Мекендик согуштун жана эмгектин ардагерлерине 9-майга карата ар жылкы бир жолку акчалай пособие төлөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 15-апрелиндеги № 170 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 “Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация төлөө жөнүндө” токтомунун 12-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-апрелиндеги № 180 “1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүн майрамдоонун урматына 9-майга карата ар жылдагы кошумча бир жолку акчалай жөлөкпул төлөө жөнүндө” токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-октябрындагы № 687 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 3-пункту;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-апрелиндеги № 248 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-апрелиндеги № 180 “1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин социалдык жактан колдоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 203 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-апрелиндеги № 180 “1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүн майрамдоонун урматына 9-майга карата ар жылдагы кошумча бир жолку акчалай жөлөкпул төлөө жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 274 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 3 жана 7-пункттары;
9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-июнундагы № 398 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтомунун 1-пункту;
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-мартындагы № 184 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-апрелиндеги № 180 “1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүн майрамдоонун урматына 9-майга карата ар жылдагы кошумча бир жолку акчалай жөлөкпул төлөө жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.
8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
9. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр У.А. Марипов