Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруунун айрым маселелерин жөнгө салуучу механизмдерди андан ары өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөр тиркемеге ылайык киргизилсин.
2. Ушул токтом күчүнө киргенге чейин башталган конкурстук жол-жоболор ушул токтомдо белгиленген өзгөртүүлөрдү эске албастан бүткөрүлө турганы белгиленсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр У.А. Марипов