КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-августундагы № 137 токтому

«Долбоордук офис» мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 21-июлундагы № 305 ПЖ «Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоосунун мындан аркы чаралары жөнүндө» Жарлыгынын 4-пунктун ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. «Долбоордук офис» мамлекеттик мекемеси түзүлсүн.

2. Тиркелген «Долбоордук офис» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо бекитилсин.

3. «Долбоордук офис» мамлекеттик мекемеси:

1) белгиленген тартипте юстиция органдарында «Долбоордук офис» мамлекеттик мекемесин мамлекеттик каттоону жүргүзсүн;

2) ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруу-техникалык жана башка чараларды көрсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды тартуу министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду «Долбоордук офис» мамлекеттик мекемеси ишин жүргүзүүсү үчүн тиешелүү кызматтык жай бөлүп берүү маселесин караштырсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетинин төрагасы                                                   У.А. Марипов


Тиркеме

«Долбоордук офис» мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө жобо 

1. Жалпы жоболор

1. Ушул жобо оперативдүү башкаруу укугуна негизделген жана Байкоочу кеңештин ишин уюштурууну жүзөгө ашырган мекеме болуп саналган «Долбоордук офис» мамлекеттик мекемесинин (мындан ары – Долбоордук офис) ишин регламенттейт.

2. Долбоордук офис өз ишинде Конституцияны, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Санариптештирүү маселелери боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө жобону жана ушул Жобону жетекчиликке алат.

3. Долбоордук офистин уюштуруучу документи болуп ушул Жобо саналат.

4. Долбоордук офисти уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.

5. Мамлекеттик мекеменин толук фирмалык аталышы:

- мамлекеттик тилде: ««Долбоордук офис» мамлекеттик мекемеси»;

- расмий тилде: «Государственное учреждение «Проектный офис»»;

- англис тилинде: «Government instution Project office». 

6. Долбоордук офис өз алдынча юридикалык жак болуп эсептелет, анын мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штампы, бланктары жана башка атрибутикасы болот.

7. Долбоордук офис белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын банктарында жана чет өлкөлүк банктарда алыш-бериш эсептерди жана башка эсептерди, анын ичинен валюталык эсептерди ачууга укуктуу. 

8. Долбоордук офистин өз алдынча балансы болот, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык келишимдерди түзүүгө жана бүтүмдөрдү жасоого укуктуу. 

9. Долбоордук офис оперативдүү башкаруу укугунда таандык болгон жеке өзүнө тиешелүү мүлккө ээ болот, өз милдеттенмелери боюнча ушул мүлккө жооптуу, өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды, милдеттерди алууга жана жооптуу болууга, соттордо доочу жана жооп берүүчү болууга укуктуу.

Долбоордук офис оперативдүү башкаруу укугунда өзүнө берилген мүлктүн сакталышы боюнча зарыл чараларды көрүүгө жана аны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте пайдаланууга милдеттүү.

10. Долбоордук офистин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы Бишкек шаары, Уметалиева, 41 көчөсү.

2. Долбоордук офистин максаты жана милдети

11. Долбоордук офистин максаты Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Санариптештирүү маселелери боюнча байкоочу кеңештин (мындан ары – Байкоочу кеңеш) ишин уюштуруу жана төмөнкүлөргө консультациялык көмөктөшүү болуп саналат:

– санариптештирүү чөйрөсүн, санариптик трансформациялоону, Кыргыз Республикасында санариптик экономиканы түзүүнүн туруктуу механизмин түзүү жана өркүндөтүүгө;

– санариптештирүүнүн өтмө процесстерин калыптандырууга, турмуш-тиричиликтин бардык чөйрөлөрүндө жаңы технологиялык ыкмага өткөрүү процесстерине.

12. Долбоордук офистин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

- атайын мыйзамдардын талаптарын сактоо менен Кыргыз Республикасында санариптик трансформациялоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, коомдук карым-катыштарды жөнгө салуунун инновациялык ыкмаларын колдонуу, башкарууда жана кибер коопсуздукту камсыз кылууда маалыматтык-коммуникациялык технологияларды кеңири пайдалануу боюнча сунуштарды даярдоо;

- санариптик өнүктүрүү боюнча улуттук долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууда мамлекеттик органдардын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсү боюнча сунуштарды даярдоо;

- санариптештирүү процесстерин бирдиктүү башкарууну реформалоо жана санариптик өнүктүрүүгө бөлүнгөн эл аралык жардамдарды координациялоо боюнча сунуштарды даярдоо.

3. Долбоордук офистин функциялары

13. Долбоордук офистин функциялары:

1) санариптештирүү чөйрөсүндөгү улуттук долбоорлордун жана программалардын максаттарына жетүүнү жана ишке ашыруунун жүрүшүнө талдоо жүргүзүү жана баалоо, кийинчерээк аларды жакшыртуу боюнча сунуштарды даярдоо менен бирге.

2) даярдоо:

- Байкоочу кеңештин жыйындарын, Байкоочу кеңештин рекомендацияларын жана сунуштарын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жеткирүү;

- Байкоочу кеңеш үчүн Кыргыз Республикасында санариптик трансформациялоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, коомдук карым-катыштарды жөнгө салуунун инновациялык ыкмаларын колдонуу, башкарууда жана кибер коопсуздукту камсыз кылууда маалыматтык-коммуникациялык технологияларды кеңири пайдалануу боюнча рекомендацияларды жана сунуштарды;

3) колдонуудагы стратегиялык пландоо документтерин актуалдаштыруу жана санариптештирүү, санариптик трансформациялоо, Кыргыз Республикасында бирдиктүү санариптик платформа түзүү жаатында ченемдик укуктук актыларды жакшыртуу боюнча талдоо жүргүзүүгө катышуу, кийинчерээк аларды жеткире иштеп чыгуу боюнча Байкоочу кеңешке сунуштарды киргизүү менен бирге;

4) Байкоочу кеңеш үчүн төмөнкүлөр боюнча сунуштарды даярдоо:  

- мамлекеттик органдардын, ошондой эле мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттик катышуу үлүшү бар акционердик коомдордун МТ-бюджеттерин бириктирүү, кийинчерээк аларды Байкоочу кеңешке кароого киргизүү менен бирге;  

- Кыргыз Республикасында санариптик трансформациялоо жаатындагы долбоорлордун түзүлүшүнө жана артыкчылыктуулугуна жараша;

5) төмөнкүлөр боюнча сунуштарды киргизүү:

- Кыргыз Республикасынын санариптик күн тартиби боюнча иш-чараларды ишке ашыруунун негизги максаттуу көрсөткүчтөрү, жыйынтыктарга жетүүнүн индикаторлоруна иштеп чыгуу, Байкоочу кеңештин чечимдеринин (анын ичинде онлайн - инструментер) аткарылышына мониторинг жүргүзүү, келип чыккан маселелерди табууда жана оперативдүү чечим кабыл алууда тиешелүү чөйрөдөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды колдоо, тиешелүү рекомендацияларды иштеп чыгуу менен бирге;    

- өзгөчө инновациялык экономикалык аймактарды – креативдүү экономика инновациялык парктарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзгөчө (атайын) режимде иш жүргүзгөн технопарктарды түзүү жана өнүктүрүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо долбоорлорун, анын ичинде жөнгө салуучу аянтча тибиндеги долбоорлорду ишке ашыруу боюнча, кийинчерээк аларды Байкоочу кеңешке кароого киргизүү менен бирге;  

- Байкоочу кеңештин ыйгарым укуктарына кирген маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдардын курамы боюнча; 

6) өзгөчө инновациялык экономикалык аймактарды – креативдүү экономика инновациялык парктарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзгөчө (атайын) режимде иш жүргүзгөн технопарктардын жетекчилери кызмат орундарына талапкерлерди макулдашуу жана Байкоочу кеңешке кароого киргизүү;

7) Кыргыз Республикасындагы санариптик трансформациялоо жаатындагы долбоорлордун топтомун башкаруу;

8) Байкоочу кеңешке Долбоордук офистин иши жөнүндө отчет берүү (квартал сайын);

9) Байкоочу кеңештин ишин уюштурууга байланышкан башка ыйгарым укуктарды мыйзамда белгиленген тартипте аткаруу.

14. Долбоордук офистин укуктары:

1) жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматты мамлекеттик органдардан жана уюмдардан белгиленген тартипте суратууга жана алууга, мамлекеттик жана мыйзамдуу корголгон жашыруун сыр камтылган маалыматтан сырткары;

2) Долбоордук офис милдеттерине жана функцияларына ылайык иштеши үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган ар кандай булактардын финансы ресурстарын тартууга;

3) маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумдарды түзүүгө;

4) Байкоочу кеңешке Долбоордук офистин компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштарды киргизүү;  

5) Долбоордук офистин компетенциясына кирген маселелер боюнча Байкоочу кеңеште маселелерди кароодо зарыл болгон аналитикалык, маалыматтык жана башка материалдарды даярдоо;

6) конференцияларды, семинарларды, көргөзмөлөрдү, презентацияларды, изилдөөлөрдү уюштуруу жана жүргүзүү, эл аралык маалымат алмашууга катышуу;

7) Долбоордук офистин милдеттерине жана функцияларына ылайык кадрларды окутууну, тажрыйба алмашууну, такшалмаларды, тема боюнча кадрлардын квалификациясын жогорулатууну уюштуруу;  

8) санариптик долбоорлорду талкуулоо, алдыга жылдыруу жана ишке ашыруу үчүн донорлор, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, жарандык, эксперттик жана бизнес-коомчулук өкүлдөрү менен жолугушууларды демилгелөө жана өткөрүү;  

9) өзүнүн иши жөнүндө коомчулукка жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу маалымат берүү;

10) Кыргыз Республикасын санариптик трансформациялоонун бардык долбоорлоруна карата төмөнкүлөр боюнча техникалык талаптарды түзүү үчүн сунуштарды киргизүү:

- системанын/подсистеманын платформасы жана архитектурасы (бирдиктүү санариптик платформанын);

- жабдуунун эсептөө комплекси;

- маалыматтарды сактоо системаларынын көлөмдөрү;   

- операциялык системалар;

- иштеп чыгууда пайдаланылган программалоо тили;   

- мамлекеттик маалымдамаларды жана классификаторлорду пайдалануу;

- башка подсистемалар менен өз ара аракеттенүүнүн интеграциялык механизмдери (бирдиктүү санариптик платформанын);

- жабдуунун тармактык жана канал түзүүчү комплекси;  

- маалымат базаларынын башкаруу системалары; 

- системаларды жана платформаларды кийинки колдоо (1-2-3 колдоо линиялары);

- автоматташтырылган жумушчу орунга карата талаптар (кардардын орундары);

- маалыматтык системалардын жана платформалардын кардардык бөлүгүнө карата талаптар;

- маалыматтык коопсуздук (Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен бирдикте);

- Кыргыз Республикасындагы санариптештирүү боюнча долбоорлорго товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекетик сатып алууларды жүргүзүүгө конкурстук документтердин топтому;

11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды ишке ашырат.

4. Долбоордук офисти финансылоо

15. Долбоордук офис өз ишинин максаттарына, менчик ээсинин тапшырмаларына жана мүлктүн багытына ылайык мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттик мүлктү пайдаланууга укуктуу.

16. Долбоордук офисти финансылоо булагы болуп төмөнкүлөр саналат:   

- гранттык каражаттар;

- жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу салымдары;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка кирешелер.

5. Долбоордук офистин ишин уюштуруу 

17. Долбоордук офистин ишине жалпы координациялоону Байкоочу кеңеш жүргүзөт.

Долбоордук офистин түзүмү Долбоордук офистин жетекчисинин сунушу боюнча Байкоочу кеңештин чечими менен жактырылат.

18. Долбоордук офистин ишин жалпы жетектөөнү жана башкарууну Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалган жана кызматтан бошотулган жетекчи жүргүзөт.

19. Долбоордук офистин жетекчиси Байкоочу кеңештин катчысы болуп эсептелет.

20. Долбоордук офистин жетекчиси Долбоордук офиске жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышына жооптуу, жана анын ишинин жыйынтыгы санариптештирүүгө, Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоого тийиштүү маселелерди Байкоочу кеңешке кароого киргизүүнү камсыз кылат, санариптик күн тартибинин милдеттерин ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчет берет.

21. Долбоордук офистин жетекчиси:

- ишеним катсыз Ишкананын атынан иш жүргүзөт, бардык мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара мамилелерде Долбоордук офистин кызыкчылыгын коргойт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коет;

- өз компетенциясынын чегинде Долбоордук офистин бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, тапшырмаларды берет, алардын аткарылышын контролдоону уюштурат;

- сметаны, штаттык тизимди, Долбоордук офистин кызматкерлеринин функционалдык милдеттерин бекитет;

- Долбоордук офистин кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;   

- Долбоордук офистин кызматкерлерине карата дисциплинардык жаза чараларды колдонот жана сый акыларды берет;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Долбоордук офистин ишин жетектөө боюнча башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды аткарат.

6. Долбоордук офисти кайра уюштуруу жана жоюу

22. Долбоордук офисти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат. 

23. Жоюлгандан кийин калган мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланылат. 

24. Долбоордук офистин документтери «Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.

Тиркемелер

Басып чыгаруу