Транспорт каражаттарынын жол берилген салмак-габариттик параметрлерин бузуу жана жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалар боюнча транспорт каражатынын өтүүсү үчүн жыйым алуу жөнүндө маалыматты фото жана видео тартуу/видео жазуу функциялары бар стационардык, атайын техникалык каражаттар менен маалыматтык система объекттерин колдонуу аркылуу автоматтык түрдө берүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө
Салмак-габариттик контролдоодо жана жасалма курулмалар боюнча транспорт каражатынын өтүүсү үчүн жыйым алууда коррупциялык тобокелдиктерди жоюу, адамдык факторду минималдаштыруу, ошондой эле транспорт каражаттарынын жол берилген салмак-габариттик параметрлерин бузуу жөнүндө маалыматты автоматтык түрдө берүү жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалар боюнча транспорт каражатынын өтүүсү үчүн автоматтык түрдө жыйым алуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:
1) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Унаа” мамлекеттик мекемесинин карамагына этабы менен төмөнкүлөрдү өткөрүп берсин:
- ушул токтомдун тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасынын аймагындагы транспорттук контролдоо пункттарында орнотулган 8 (сегиз) салмак-габариттик контролдоо динамикалык системасын, салмак-габариттик контролдоо динамикалык системаларынын сервердик жабдуусун, Бишкек – Ош автомобиль жолунда жайгашкан “Сосновка” жана “Кара-Көл” стационардык өткөрүү пункттарын (курулмалары жана маалымат системасы менен);
- эмгек акы төлөө фонду менен тиешелүү штаттык бирдиктерди, документтерди, курулмаларды, аларды тейлөө үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каралган финансы каражаттарын жана башка товардык-материалдык баалуулуктарды;
2) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине таандык имараттардан жана курулмалардан Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Унаа” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерин кызматтык жайлар менен камсыз кылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги:
1) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен бирдикте эки жумалык мөөнөттө бул токтомдун 1-пунктун ишке ашыруу боюнча этаптуу Иш-чаралар планын иштеп чыксын жана бекитсин;
2) төмөнкүдөй маалыматты күнү-түнү автоматтык түрдө берүүнү камсыз кылсын:
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Автомобиль, суу транспорту жана салмак-габаритти контролдоо агенттигине – транспорт каражаттарынын жол берилген параметрлерин (максималдуу жалпы масса, октук жүк, башка линиялык параметрлер) бузгандыгы жөнүндө, ошондой эле салмак-габариттик контролдоо динамикалык системаларында катталган бардык транспорт каражаттарынын салмак-габариттик параметрлерин жана мамлекеттик номердик белгилерин чагылдыруу менен транспорт агымы жөнүндө;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматына жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына – бажылык жана салыктык жол-жоболорду башкарууну санариптештирүүнүн алкагында салмак-габариттик контролдоо динамикалык системаларында катталган бардык транспорт каражаттарынын салмак-габариттик параметрлерин жана мамлекеттик номердик белгилерин чагылдыруу менен транспорт агымы жөнүндө;
3) ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруу-техникалык, материалдык жана башка маселелерди чечсин;
4) жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
5) бир айлык мөөнөттө ушул токтомго шайкеш келтирүү максатында ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Автомобиль, суу транспорту жана салмак-габаритти контролдоо агенттиги:
- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Унаа” мамлекеттик мекемесине салмак-габариттик контролдоо динамикалык системаларын өткөрүп берүү процесси аяктаганга чейин бардык салмак-габариттик контролдоо динамикалык системаларын үзгүлтүксүз иштөөсүнө көмөк көрсөтсүн;
- “Унаа” мамлекеттик мекемесине транспорт каражаттарынын салмак-габариттик параметрлерин бузгандыгы үчүн айып пул салынгандыгы жөнүндө токтомдорду маалымат системасы (онлайн режиминде) аркылуу жиберип турсун (туруктуу негизде).
4. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Унаа” мамлекеттик мекемеси салмак-габариттик контролдоо динамикалык системаларын техникалык коштоону камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 22-апрелиндеги № 183 “Бишкек – Ош автомобиль жолундагы тоннель аркылуу транспорт каражаттарынын акы төлөп өтүүсүн уюштуруу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктунда:
- экинчи абзацындагы “Бишкек – Ош автожолу мамлекеттик дирекциясынын жол органдары” деген сөздөр “Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Унаа” мамлекеттик мекемеси” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Акы төлөмдүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен макулдашуу боюнча белгиленет.”;
2) 3-пунктундагы “Бишкек – Ош автожолу мамлекеттик дирекциясы” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Унаа” мамлекеттик мекемеси” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Төрага У.А.Марипов