КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №247 токтому

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин маселелери жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын
 5-мартындагы № 80 “Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

– 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

– жогоруда аталган токтомдун 1 жана 2-тиркемелери күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул токтомду ишке ашыруу бекитилген штаттык сандын жана тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги бул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Энергетика министрлиги жөнүндө жобо.docx

Төрага                                                                 А.У. Жапаров