КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №250 токтому

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин маселелери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:   

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жөнүндө жобо ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык;

2) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардан каржылануучу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Тышкы соода чөйрөсүндөгү «Бирдиктүү терезе» борбору» мамлекеттик ишканасын, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Бишкек штамптоочу заводу» мамлекеттик ишканасын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин борбордук аппаратын, аймактык органдарын жана ведомстволук бөлүмдөрүн күтүүгө чыгымдарды каржылоонун булагы болуп республикалык бюджет саналары аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-ноябрындагы № 242 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 4-пунктунун 10-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«10) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору болуп;».

4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна ведомстволук бөлүмдөрдүн жоболорунун жана башкаруу схемасынын долбоорлорун киргизсин;

2) ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85  «Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин маселелери жөнүндө» токтому; 

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-июлундагы № 90 «Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин ишинин маселелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 182 «Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча кеңештин ишинин маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 2 жана 3-пункттары. 

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Экономика жана коммерция министрлиги жөнүндө жобо.docx

Төрага                                                                             А.У. Жапаров