КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15- ноябрындагы №261 токтому

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин айрым маселелери жөнүндө

Мамлекеттик башкаруу системасын андан ары өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1)   аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын;

2)   аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын.

2.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын
 12-февралындагы № 89 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин соттук өкүлчүлүк борборун түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

–    аталышында жана 1-пунктундагы “Министрлер Кабинетинин” деген сөздөр “Юстиция министрлигине караштуу” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

  • 2-пунктунда:

тогузунчу абзацындагы “Министрлер Кабинетине” деген сөздөр “Юстиция министрлигине” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

онунчу абзацындагы “Президентинин Администрациясы” деген сөздөр “Юстиция министрлиги” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

  • 8-пунктунда:

биринчи абзацындагы “Министрлер Кабинетинин” деген сөздөр “Президентинин” деген сөз менен алмаштырылсын;

экинчи абзацындагы “Министрлер Кабинетинин” деген сөздөр “Юстиция министрлигине караштуу” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

1)   аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Соттук өкүлчүлүк борбору жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын;

2)   аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Соттук өкүлчүлүк борборунун мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүнүн регламенти 4-тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын.

3.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 “Улуттук коргонуу, улуттук коопсуздук, мамлекеттик сырды сактоо, маалыматтык коопсуздук жана табигый кырсыктардын кесепетин жоюу менен байланышкан товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

–    2 жана 4-пункттарындагы түрдүү жөндөмө формаларындагы “Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борбору” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү “Юстиция министрлигине караштуу Соттук өкүлчүлүк борбору” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

аталган токтом менен бекитилген Улуттук коргонуу, улуттук коопсуздук, мамлекеттик сырды сактоо, маалыматтык коопсуздук жана табигый кырсыктардын кесепетин жоюу менен байланышкан товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибинде:

–    5-пунктундагы “Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борбору” деген сөздөр “Юстиция министрлигине караштуу Соттук өкүлчүлүк борбору” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

4.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-июлундагы № 416 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборунун кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

–    аталышындагы “Өкмөтүнүн” деген сөз “Юстиция министрлигине караштуу” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

  • преамбуласындагы, 1 жана 2-пункттарындагы түрдүү жөндөмө формаларындагы “Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борбору” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү “Юстиция министрлигине караштуу Соттук өкүлчүлүк борбору” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

жогоруда аталган токтомдун 1 жана 2-тиркемелериндеги “Өкмөтүнүн” деген сөз “Юстиция министрлигине караштуу” деген сөздөр менен алмаштырылсын. 

5.   Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:

–    өзүнүн чечимдерин бул токтомго ылайык келтирсин;

–    бул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

6.   Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Тиркеме 261 токтомго.zip

Төрага                                                                            А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу