КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-декабрындагы №294 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жер участогуна укуктарды күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөө жана кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык изилдөө жүргүзүү чөйрөсүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Жер участогуна укуктарды күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөө жана кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык изилдөө жүргүзүү чөйрөсүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүү жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын  25-апрелиндеги № 246 “Ысык-Көл курорттук-туристтик районунда жер пайдаланууну, курулуш курууну, көрктөндүрүүнү тартипке салуу жана табигый чөйрөнүн корголушун камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 6-пункту күчүн жоготту деп табылсын;

2) 7-пунктундагы “жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча   мамлекеттик  агентствонун” деген сөздөр алып салынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 388 “Кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык изилдөө жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык изилдөө жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо:

1) төмөнкүдөй мазмундагы 42-пункт менен толукталсын:

“42. Кыймылсыз мүлк бирдигинин дареги өзгөргөндө, адис техникалык паспорттун төмөнкү оң бурчуна өзгөрүү датасын көрсөтүү менен даректин өзгөргөндүгү жөнүндө жазуу жүргүзөт.”;

2) 19-пунктунда:

– төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Турак жай аянты – турак бөлмөлөрдүн аянттарынын суммасы.”;

- төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын:

“Турак жайдын жалпы аянты – балкондорду, лоджияларды, верандаларды жана террасаларды кошпогондо, турак жайдын турак жана турак эмес аянттарынын суммасы.

Курулуштардын аянттарын эсептөө курулуштун абриси боюнча жүргүзүлөт. Эсептөөдө түздөн-түз ченөө учурунда алынган чоңдуктарды пайдалануу керек, эсептөөлөр бир ондук белгиге чейинки тактыкта жүргүзүлөт.”;

3) 48, 49-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“48. Изилдөөдө курулуш максаттары үчүн жер участогуна укуктарды белгилөөчү жана укуктарды күбөлөндүрүүчү документтери жок адамдардын өз алдынча курулуштары аныкталса, алар техникалык изилдөөдөн өтүүгө тийиш, бул туурасында кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспортунда жана архивдик иш материалдарында жазуу жазылат. Мында жергиликтүү каттоо органы тарабынан тиешелүү акт түзүлөт, ал бир жумалык мөөнөттө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына же архитектуралык-курулуш көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жиберилет.

49. Өз алдынча курулуштун болушу техникалык паспортту берүү үчүн тоскоолдук болуп эсептелбейт. Бул учурда “Пайдалануучу” графасына техникалык паспорт арыз боюнча даярдалганы белгиленет жана жеке адамдын аты-жөнү же юридикалык жактын толук аталышы көрсөтүлөт.”;

4) төмөнкүдөй мазмундагы 50-пункт менен толукталсын:

“50. Эгерде курулма курулуш максатында бөлүнгөн жер участогунда тургузулса жана укук ээсинин жер участогуна укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтери бар болсо, бирок курулушка уруксат берүүчү документтери жок болсо, техникалык паспорт берүү менен техникалык изилдөө жүргүзүлөт. Мындай учурда техникалык паспортто курулманын эксплуатациялоого кабыл алына электиги жөнүндө белгиленүүгө тийиш.”.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы № 311 “Жер участогуна укуктарды күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жер участогуна укуктарды күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобо:

1) төмөнкүдөй мазмундагы 14ˡ-пункт менен толукталсын:

“14ˡ. Жер участогунун иш жүзүндөгү аянты укук белгилөөчү документте көрсөтүлгөн аянт менен дал келбегендиги аныкталганда, эгерде арыз ээси укук белгилөөчү документтеги аянттан аз жер участогунун иш жүзүндөгү аянты менен макул болсо, анда арыз ээсинин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жер участогунун иш жүзүндөгү аянтын көрсөтүү менен укук күбөлөндүрүүчү документ таризделет.”;

2) 16-пунктунда:

- он экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“үчүнчү графага жер участогунун жайгашкан жери – калктуу конуштарда так почта дареги жазылат. Кыймылсыз мүлк бирдигинин почта дареги өзгөргөндө, укук күбөлөндүрүүчү документ алмаштырылбайт, мында эски почта дареги чийип салынат жана жаңы почта дарегин ыйгаруу менен жазуу жазылат, ал мөөр менен күбөлөндүрүлөт.”;

– он үчүнчү абзацы “аткаруучусу тарабынан кол коюлат” деген сөздөрдөн кийин “(анын ичинде укуктарды күбөлөндүрүүчү документтин архивдик нускасына жергиликтүү каттоо органынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмүнүн башчысы менен картографы кол коёт)” деген сөздөр менен толукталсын; 

3) төмөнкүдөй мазмундагы 194-пункт менен толукталсын:

“194. Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана алар менен бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык кошумча документтерди берүү зарылчылыгы келип чыккан учурда жер кадастры боюнча ишти жүзөгө ашырган жергиликтүү каттоо органынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмүнүн аткаруучусу жерге жайгаштыруу иштерин жана жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөөнү 30 күнгө чейинки мөөнөткө токтотот жана жетишпеген документтерди же болбосо карама-каршылыктардын жоюлгандыгын тастыктаган документтерди арыз ээсине билдирилген күндөн тартып 30 күндүн ичинде берүү зарылдыгы тууралуу жергиликтүү каттоо органынын жетекчисинин колу коюлган белгиленген формадагы бланкта арыз ээсине билдирет.

Эгерде арыз ээси билдирилген күндөн тартып 30 күндүн ичинде зарыл документтерди бербесе, анда жерге жайгаштыруу иштерин жана жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөөдөн баш тартылат.”.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 “Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелеринде:

1) Эрежелердин 29-тиркемесинде “укуктарды мамлекеттик каттоону жүргүзүү” деген сөздөр “каттоо, жерге жайгаштыруу иштерин жана кызмат көрсөтүүнүн башка түрлөрүн (көрсөтүү керек)  аткаруу” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) Эрежелердин 32, 33-тиркемелеринин аталыштарындагы  “Укукту каттоону” жана “Укуктарды каттоодон” деген сөздөр “Каттоону, жерге жайгаштыруу иштерин жана кызмат көрсөтүүнүн башка түрлөрүн (көрсөтүү керек) аткаруунун”, “Каттоону, жерге жайгаштыруу иштерин жана кызмат көрсөтүүнүн башка түрлөрүн (көрсөтүү керек) аткаруудан” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын  22-октябрындагы № 610 “Кыргыз Республикасында даректерди ыйгаруу жана Даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-пунктундагы “Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы” деген сөздөр “Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында даректерди ыйгаруу жана Даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:

– 6-пунктундагы “Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаменти” деген сөздөр “Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

– 21-пункту күчүн жоготту деп табылсын.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Төрага                                                                            А.У. Жапаров                                       






Тиркемелер

Басып чыгаруу