2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планы (мындан ары – План) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ар бир жылдын жыйынтыгы боюнча Планда камтылган милдеттер жана иш-чаралар түзөтүлүшү мүмкүн деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги:
- бир айлык мөөнөттө Пландын алкагында 2022-жылга пландын долбоорун даярдоону камсыз кылсын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизсин;
- Пландын алкагында кийинки календардык жылдын башталышына чейин бир ай калганда кийинки жылдык пландарды даярдоону жүргүзсүн.
4. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) белгиленген мөөнөттөрдө Планды аткаруу боюнча так чараларды көрсүн.
5. Пландын сапаттуу жана өз убагында аткарылышы үчүн аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын (макулдашуу боюнча) жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага А.У. Жапаров