“Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомун түзүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Өнөр жайды модернизациялоону жана мамлекеттин катышуу үлүшү бар чарбалык коомдорду натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13,
17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Бир акциясынын номиналдык наркы 1000 (бир миң) сом болгон 1 000 000,0 (бир миллион) даана жөнөкөй энчилүү акцияларды чыгаруу жана төлөө жолу менен уставдык капиталында 1 000 000 000 (бир миллиард) сом өлчөмүндө мамлекеттин 100 пайыз катышуусу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коому (мындан ары – “Кыргызиндустрия” ААК) түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргызиндустрия” ААКтын уставы 1-тиркемеге ылайык;
- Уставдык капиталдарындагы акциялардын (үлүштүн) мамлекеттик пакеттери “Кыргызиндустрия” ААКтын ишенимдүү башкаруусуна өткөрүлүп берилүүчү чарбалык коомдордун тизмеги 2-тиркемеге ылайык;
- “Кыргызиндустрия” ААКтын ишеним башкаруусуна өткөрүп берилүүчү мүлктүк комплекстердин мамлекеттик ишканаларынын (филиалдарынын) тизмеги 3-тиркемеге ылайык.
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети “Кыргызиндустрия” ААКтын уюмдаштыруучусу жана жалгыз акционери болуп саналары;
2) 2-тиркемеге ылайык Тизмеде көрсөтүлгөн чарбалык коомдордогу акционердин (катышуучунун) ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жүзөгө ашырылары;
3) ушул токтомдун 4-пунктуна ылайык түзүлүүчү ишенимдүү башкаруу келишиминин колдонуу мезгилинде “Кыргызиндустрия” ААКка төмөнкүдөй ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилери:
– ээликтен ажыратуу жана күрөөгө берүү маселелерин кошпогондо, 2-тиркемеге ылайык Тизмеде көрсөтүлгөн чарбалык коомдордогу акционердин (катышуучунун);
– 3-тиркемеге ылайык Тизмеде көрсөтүлгөн мүлктүк комплекстер катары мамлекеттик ишканаларга (филиалдарга) карата мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана мамлекеттик башкаруучу органдын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен биргеликте коммуналдык жана эксплуатациялык чыгымдарды төлөө менен акысыз пайдалануу келишиминин шарттарында “Кыргызиндустрия” ААКты жайгаштыруу жөнүндө маселени иштеп чыксын;
2) чарбалык коомдордун уставдык капиталдарындагы акциялардын (үлүштөрдүн) мамлекеттик пакетин жана мүлктүк комплекс катары мамлекеттик ишканаларды (филиалдарды) ушул токтомдун 2 жана 3-тиркемелерине ылайык тизме боюнча “Кыргызиндустрия” ААКына ишенимдүү башкарууга өткөрүп берсин жана “Кыргызиндустрия” ААК менен тиешелүү келишим түзсүн;
3) ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) “Кыргызиндустрия” ААКтын уставдык капиталын түзүү үчүн 1 000 000 000,0 (бир миллиард) сом өлчөмүндө акча каражатын издеп тапсын жана бөлүп берсин;
2) “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын даярдоодо ушул пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн каражаттарды эске алсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 “Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жобонун 1-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы
5-пункт менен толукталсын:
“5. Ишенимдүү башкаруу келишими колдонулган мезгилде “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомуна ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилген мамлекеттик ишканалар (филиалдар).”.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-майындагы № 274 “Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарына мүчө кызмат ордуна талапкерлерди мамлекеттик органдар тарабынан тандоо жана көрсөтүү маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
“11. Ушул токтомдун колдонулушу ишенимдүү башкаруу келишими колдонулган учурда, “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомуна акциялардын (үлүштөрдүн) мамлекеттик пакеттери ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилген чарбалык коомдорго жайылтылбайт.”.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 “Мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартибин регламенттөөчү маселелер жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункту менен толукталсын:
“41. Ушул токтомдун колдонулушу ишенимдүү башкаруу келишими колдонулган мезгилде “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомуна ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилген мамлекеттик ишканага (филиалдарына) бекитилип берилген мамлекеттик мүлктү ижарага, ыкчам башкарууга жана чарба жүргүзүүгө берүүгө жайылтылбайт. Аталган мамлекеттик ишканалар (филиалдар) мамлекеттик мүлктү башкаруу саясатын иштеп чыгуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, мамлекеттик мүлк жана ижара чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашпастан, өз алдынча аларга бекитилип берилген мамлекеттик мүлктү пайдалануу тартибин жана шарттарын аныктоого, ошондой эле мамлекеттик мүлктү ижарага, ыкчам башкарууга жана чарба жүргүзүүгө берүүгө укуктуу.”.
9. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
10. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага А.У. Жапаров