Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулган дары каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын тизмесин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 268-беренесине жана 297-беренесинин 1-бөлүгүнүн 13-пунктуна ылайык, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2021-жылдын 14-сентябрындагы № 80 “Евразия экономикалык биримдигинин Тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн бирдиктүү товардык номенклатурасын бекитүү тууралуу, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин айрым чечимдерин өзгөртүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө” чечимин көңүлгө алып, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулган дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 31 “Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулган дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров