Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө
“Баткен облусунун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына мамлекеттик органдар тарабынан акысыз же жеңилдетилген негизде көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары:
– бул токтомдун 1-пунктунда бекитилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин 2022-жылдын 15-мартынан тартып жетекчиликке алсын;
– 2022-жылдын 15-мартына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы монополияга каршы мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү менен макулдашылган мамлекеттик кызматтарды акысыз же жеңилдетип көрсөтүүнү эске алуу менен түзүмдүк бөлүмдөр жана ведомстволук мекемелер тарабынан Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына көрсөтүлгөн акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн (жумуштардын) бекитилген тарифтерине (бааларына) тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
– 2022-жылдын 5-мартына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү тарабынан мамлекеттик кызматтарды жеңилдетилген негизде көрсөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда мамлекеттик кызматты керектөөчүнүн жашаган жери боюнча каттоодо тургандыгын күбөлөндүрүүчү зарыл документтердин тизмеси, акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын түзүү (өзгөртүү) тартиби жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын бекиткен орган жөнүндө маалыматтар тууралуу тиешелүү өзгөртүүлөрдү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартына белгиленген тартипте киргизсин;
– Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына акысыз же жеңилдетилген негизде көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын көлөмү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине квартал сайын, отчёттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмесин бекитүү аркылуу Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына акы төлөнүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жеңилдетилген негизде берүү мүмкүнчүлүгүн белгиленген тартипте карап чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун муниципалдык мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү муниципалдык кызматтардын тарифтерине (бааларына) тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы монополияга каршы мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү менен макулдашуу сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмесин) бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– төмөнкүдөй мазмундагы 2-3-пункт менен толукталсын:
“2-3. Өзгөчө жеңилдик режими каралган аймактарда акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине кирген калкка көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тизмеге ылайык акысыз же жеңилдетилген шартта көрсөтүлө тургандыгы белгиленсин.”.
5. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына мамлекеттик органдар тарабынан акысыз же жеңилдетилген негизде көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 191-б буйругу менен түзүлгөн Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн системалаштырылган бирдиктүү реестрин (тизмесин) түзүү боюнча ведомстволор аралык комиссия тарабынан милдеттүү тартипте каралууга тийиш.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров