Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш жөнүндө
Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн тышкы жардамын пайдалануу жана пландаштыруу боюнча жалпы координациялоону ишке ашыруу жана макулдашылган чечимдерди кабыл алуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын
13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 592 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Өнүктүрүүгө карата өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш жөнүндө” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 34-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-майындагы № 261 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 3-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-майындагы № 296 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2012-жылдын 30-августундагы № 592 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Өнүктүрүүгө карата өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” токтому.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров