Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана ата мекендик айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн жана дыйкан (фермер) чарбаларын колдоо боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 6-декабрындагы № 547 “Айыл чарба ишин жүргүзгөн субъекттерди колдоо боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29, 47-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1.0Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирилүүчү жана импорттолуучу товарларга нөл (0) пайыз өлчөмүндө кошумча нарк салыгынын (КНС) ставкасы тиркемеге ылайык белгиленсин.
2.02022-жылдын 1-январынан баштап 2024-жылдын 31-декабрына чейин айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн салыктын нөл (0) пайыз өлчөмүндө ставкасы белгиленсин.
3.0Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4.0Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров