КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы №153 токтому

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ишин уюштуруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо жана киргизүү жол-жобосун өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 15 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө» токтомуна тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жободо:

8-пунктунун 1-пунктчасынын алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«– Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечимдерин аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялайт;».

3. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):

– борбордук аппараттарда, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдө ушул токтомдун жоболорун изилдөө боюнча ишти уюштурсун;

– эки жумалык мөөнөттө өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги эки айлык мөөнөттө төмөнкүлөргө өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун демилгелесин:

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 748 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентин бекитүү жөнүндө» токтомуна.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-сентябрындагы № 588 «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым жоболорун жүзөгө ашыруу тууралу» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                                        А.У. Жапаров

Тиркеме


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө» токтомуна киргизилүүчү ӨЗГӨРТҮҮЛӨР

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламентинде:

1) 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«5. Министрлер Кабинетинин токтомдоруна жана тескемелерине Министрлер Кабинетинин Төрагасы, ал эми ал жок учурда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары же Төраганын милдеттерин аткаруу жүктөлгөн Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары кол коёт.

Министрлер Кабинетинин токтомдору «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет жана расмий жарыяланууга жатат. Министрлер Кабинетинин тескемелери, эгерде акттын өзүндө башкача каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонулуусуна туура келген Министрлер Кабинетинин токтомдору жана тескемелери, эгерде акттын өзүндө башкача каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.»;

2) төмөнкүдөй мазмундагы 51-пункт менен толукталсын:

«51. Министрлер Кабинетинин компетенциясына кирген өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин, ошондой эле мамлекеттер аралык эл аралык келишимдердин долбоорлоруна Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри, ошондой эле Министрлер Кабинетинин башка мүчөлөрү жана Министрлер Кабинетинин тескемелери менен ыйгарым укук берилген кызмат адамдары кол коёт.

Ушул пунктта аталган эл аралык келишимдерге кол коюуга ыйгарым укук берилген министрликтердин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын жетекчилери жана кызмат адамдары кол койбогон учурда, мындай келишимдерге Министрлер Кабинетинин тескемеси менен атайын ыйгарым укуктарды бербестен, Министрлер Кабинетинин Төрагасы же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тапшырмасы боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары кол коёт.»;

3) 8-пункт «ченемдик укуктук актыларынын» деген сөздөрдөн кийин «(актыларынын)» деген сөз менен толукталсын;

4) 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«9. Мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын (актылардын) долбоорлору, ошондой эле башка документтер Министрлер Кабинетинин кароосуна Президент, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын биринчи жетекчилери тарабынан киргизилиши мүмкүн. Биринчи жетекчилер жок учурда актылардын долбоорлору алардын милдеттерин аткарган адамдар тарабынан киргизилет. Башка жактардын актылардын долбоорлорун киргизүүсүнө жол берилбейт, эгерде киргизилсе, алар кароосуз кайтарып берилет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку соту (мындан ары – Жогорку сот) жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Министрлер Кабинетинин кароосуна Министрлер Кабинетинин компетенциясына кирген маселелер боюнча гана мыйзам долбоорлорун киргизет.

Мамлекеттик органдын карамагында турган ведомстволук, аймактык жана түзүмдүк бөлүмдөр, мекемелер, ишканалар Министрлер Кабинетине, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагаларынын орун басарларынын дарегине жогору турган мамлекеттик орган аркылуу гана кайрылышат.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Министрлер Кабинетине, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын жана Министрлер Кабинетинин башка мүчөлөрүнүн дарегине Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү аркылуу гана кайрылышат, буга жогоруда аталган адамдардын мыйзамсыз аракеттерине даттануулар кирбейт. 

Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Министрлер Кабинетине, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын жана Министрлер Кабинетинин башка мүчөлөрүнүн дарегине түз кайрылышат.»;

5) 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«11. Министрлер Кабинетине, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын атына ушул Регламенттин 9-пунктунун талаптарын бузуу менен мамлекеттик органдар тарабынан киргизилген кайрылуулар дарек ээсине кароосуз кайтарылып берилет.»;

6) 12-пунктта: 

– биринчи абзацындагы «жана аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга аткаруу бийлигинин тиешелүү органдарынын карамагына кирген чөйрөлөргө ылайык» деген сөздөр «, аткаруу бийлигинин башка органдарына, Президентке караштуу мамлекеттик органдарга, алардын карамагына кирген чөйрөлөргө ылайык» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– экинчи абзацындагы «Министрлер Кабинетинин чечимин кабыл алуу талап кылынган ченемдик укуктук актылардын» деген сөздөр «ченемдик укуктук актылардын (актылардын)» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

7) 13-пункттун экинчи абзацы «жергиликтүү мамлекеттик администрациялар» деген сөздөрдөн кийин «, башка мамлекеттик органдар» деген сөздөр менен толукталсын;

8) 14-пункттагы «Министрлер Кабинетинин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын токтомдору, тескемелери» деген сөздөр «Министрлер Кабинетинин токтомдору жана тескемелери, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелери» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

9) 16-пункттагы «Президенттин, Министрлер Кабинетинин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын ченемдик укуктук актыларында» деген сөздөр «Президенттин, Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында (актыларында), Министрлер Кабинетинин Төрагасынын актыларында» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

10) 18-пункттагы «Министрлер Кабинетинин токтому менен» деген сөздөр «Министрлер Кабинетинин токтомдору же тескемелери менен» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

11) 20-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«20. Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлеринин чет өлкөлөргө иш сапарлары, ишенип берилген аймактан сыртка чыгуулары Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен макулдашылууга тийиш.

Министрлердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилеринин чет өлкөлөргө иш сапарлары Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен, ал эми ал жок болгон учурда - Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басары менен макулдашуу боюнча ишке ашырылат.

Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдери боюнча расмий делегациялардын курамында чет өлкөлөргө иш-сапарлар макулдашылууга жатпайт.

Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилеринин, анын ичинде Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлеринин өргүүлөрү Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен жазуу жүзүндө өргүү башталганга чейин 10 күндөн кечиктирилбестен макулдашылат.

Министрлердин орун басарларынын, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилеринин орун басарларынын чет өлкөлөргө иш сапарлары министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилеринин чечимдери боюнча ишке ашырылат.»;

12) 22-пункттагы «аткаруу бийлигинин башка органдары» деген сөздөр «башка мамлекеттик органдар» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

13) 24-пункттагы «токтому» деген сөз «Төрагасынын тескемеси» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

14) 26-пункттагы «аткаруу бийлигинин башка органдарынын» деген сөздөр «башка мамлекеттик органдардын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

15) 27-пункттун экинчи абзацындагы «аткаруу бийлигинин башка органдарынын» деген сөздөр «башка мамлекеттик органдардын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

16) 29-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«29. Кечиктирүүгө жол берилбеген айрым маселелер боюнча же Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында талкуулоо зарыл болбогон маселелер боюнча Министрлер Кабинети жыйналыш өткөрбөстөн, ушул Регламенттин VI главасында, Президенттин Администрациясынын Регламентинде аныкталган тартипте Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн сурамжылоо жолу менен чечим кабыл алышы мүмкүн. 

Төмөнкү маселелер боюнча мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларынын (актыларынын) долбоорлору Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында гана каралат:

– экономикалык, социалдык, илимий-технологиялык, руханий жана маданий өнүктүрүү боюнча жалпы мамлекеттик программалар;

– Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү үчүн кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдоо мезгилине республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоору;

– Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө ар жылдык отчеттун долбоору;

– фискалдык саясаттын негизги багыттары;

– эл аралык келишимдердин долбоорлору:

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө; 

эгерде мындай келишимдер Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктарынын бөлүгүн аларга берүүнү караштырса же Кыргыз Республикасы үчүн алардын органдарынын чечимдеринин юридикалык милдеттүүлүгүн белгилесе, Кыргыз Республикасынын эл аралык бирликтерге жана бирикмелерге катышуусу жөнүндө; 

жамааттык коопсуздук жөнүндө.»;

17) 30-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«30. Мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларынын (актыларынын) долбоорлорун, Министрлер Кабинетинин жыйналышына киргизилүүчү башка документтер ушул Регламенттин VI, VI главаларында, Президенттин Администрациясынын Регламентинде аныкталган тартипте макулдашылат жана кароого даярдалат.

Президенттин компетенциясына кирген же Жогорку Кеңештин чечимин талап кылган маселелер боюнча сунуштар, эгерде Президенттин, Министрлер Кабинетинин чечиминде башкача каралбаса, министрликтер, администрациялык ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Президенттин Администрациясы аркылуу гана киргизилет.

Президенттин жарлыктарынын жана тескемелеринин долбоорлору Президенттин Администрациясынын Регламентине ылайык кезексиз тартипте ыкчам киргизилет.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чечимдеринин долбоорлору, анын ичинде Президенттин Администрациясынын ишин уюштуруу боюнча чечимдеринин долбоорлору Президенттин Администрациясынын Регламентинде аныкталган тартипте даярдалат жана кабыл алынат.»;

18) 31-пунктта:

– биринчи абзацындагы «Президенттин Администрациясы» деген сөздөр «компетенциясына жыйналыштарды уюштуруучулук жактан камсыз кылуу маселелери кирген Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмү» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– экинчи абзацындагы «жана административдик ведомствонун же аткаруу бийлигинин башка органынын биринчи жетекчиси» деген сөздөр «административдик ведомствонун, башка мамлекеттик органдын биринчи жетекчиси» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

19) 33-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«33. Министрлер Кабинетинин жыйналышынын катышуучуларын каттоо компетенциясына жыйналыштарды уюштуруучулук жактан камсыз кылуу маселелери кирген Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмү тарабынан жүргүзүлөт.»;

20) 42-пункттагы «Президенттин Администрациясы» жана «жыйналышка төрагалык кылуучу» деген сөздөр тиешелүү түрдө «жыйналыштарды уюштуруучулук жактан камсыз кылуу маселелери кирген Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмү» жана «Министрлер Кабинетинин Төрагасы же анын милдетин аткаруучу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

21) 43-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«43. Сунуштар жана сын пикирлер айтылган Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жана тескемелеринин долбоорлорун, жыйналышта каралган башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун толуктап иштеп чыгуу зарыл болгон учурда, Министрлер Кабинети министрликтерге, администрациялык ведомстволорго, башка мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү тапшырмаларды берет. Актылардын долбоорлорун жеткире иштеп чыгуу жана Министрлер Кабинетинин Төрагасына кол коюуга киргизүү жыйналыш аяктагандан кийин, эгерде башка мөөнөт белгиленбесе, 5 жумуш күнгө чейинки мөөнөттө аткарылат.»;

22) V главанын аталышы «ченемдик укуктук актыларында» деген сөздөрдөн кийин «(актыларында)» деген сөз менен толукталсын;

23) 46-пунктта:

– «Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актылары» деген сөздөр «Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актылары (актылары), Министрлер Кабинетинин Төрагасынын актылары» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– «жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга» деген сөздөрдөн кийин «Президентке караштуу мамлекеттик органдарга» деген сөздөр менен толукталсын;

24) 47-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«47. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында (актыларында), Министрлер Кабинетинин жыйналыштарынын протоколдорунда, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын актыларында камтылган тапшырмаларды, ошондой эле Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана анын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктеринин алар тарабынан өткөрүлгөн кеңешмелердин протоколдорунда жана резолюцияларда камтылган тапшырмаларын (мындан ары – тапшырмалар) аткаруу тапшырмалар даректелген министрлер, административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери, Президентке караштуу мамлекеттик органдар тарабынан уюштурулат.»;

25) 48-пункттагы «факсимилдик байланыш же телефонограмма» деген сөздөр «факсимилдик байланыш, электрондук документ жүгүртүү системасы жана телефонограмма» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

26) 49-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Президенттин жана Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында (актыларында), Министрлер Кабинетинин Төрагасынын актыларында камтылган тапшырмалар аткаруучуларга актылардын көчүрмөлөрүн жиберүү аркылуу жеткирилет.».

27) 50-пунктта:

– үчүнчү абзацындагы «тапшырманы аткаруу мөөнөтү көрсөтүлбөсө, тапшырма» деген сөздөр «резолюцияларда, кеңешмелердин протоколдорунда тапшырманы аткаруу мөөнөтү көрсөтүлбөсө, ал» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү жана бешинчи абзацтар менен толукталсын:

«Эгерде Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын актыларында тапшырманы аткаруу мөөнөтү көрсөтүлбөсө, ал эки айлык мөөнөттө аткарылууга тийиш.

Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын актыларында, резолюцияларда, кеңешмелердин протоколдорунда камтылган ченемдик укуктук актылардын (актылардын) долбоорлорун иштеп чыгууга жана киргизүүгө тийиштүү тапшырмалар эки айлык мөөнөттө аткарылууга тийиш.»;

28) 51-пунктта:

– биринчи абзацында:

«анда «жооптуу» деген сөз менен белгиленген» деген сөздөрдөн кийин «же болбосо тапшырмада биринчи болуп аныкталган» деген сөздөр менен толукталсын;

«жооптуу деп бекитилген, жооптуу аткаруучу» деген сөздөр «негизги аткаруучу» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– экинчи абзацындагы «Жооптуу деп бекитилген, жооптуу аткаруучу» деген сөздөр «Негизги аткаруучу» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

29) төмөнкүдөй мазмундагы VI глава жана 541-5410-пункттар менен толукталсын:

«VI. Мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлорун макулдашуунун жана Президенттин Администрациясына киргизүүнүн тартиби 

541. Министрлер Кабинетинин жыйналышына киргизүүгө пландалган мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору төмөнкүлөр менен алдын ала макулдашылат:

1) мыйзамдардын долбоорлору, эл аралык келишимдин мыйзамдарга ылайык келиши жөнүндө Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу жана аны ратификациялоонун мүмкүн болуучу финансылык-экономикалык жана башка кесепеттерин баалоо жөнүндө тескемелердин долбоору – Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги (мындан ары – Юстиция министрлиги), Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги (мындан ары – Экономика жана коммерция министрлиги), кызыкдар мамлекеттик органдар менен;

2) токтомдордун долбоорлору – Юстиция министрлиги, Финансы министрлиги, Экономика жана коммерция министрлиги, кызыкдар мамлекеттик органдар менен;

3) тескемелердин долбоорлору – Юстиция министрлиги, кызыкдар мамлекеттик органдар менен.

Министрлер Кабинетинин протоколдук чечимдеринин долбоорлору мамлекеттик органдар менен алдын ала макулдашууга жатпайт.

542. Жазуу жүзүндө сурамжылоо жолу менен Министрлер Кабинетинин жыйналыштарын өткөрбөстөн, кароого пландалган мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин токтомдорунун долбоорлору төмөнкүлөр менен макулдашылат:

1) мыйзамдардын долбоорлору, эл аралык келишимдин мыйзамдарга ылайык келиши жөнүндө Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу жана аны ратификациялоонун мүмкүн болуучу финансылык-экономикалык жана башка кесепеттерин баалоо жөнүндө тескемелердин долбоору – Юстиция министрлиги, Финансы министрлиги, Экономика жана коммерция министрлиги, кызыкдар мамлекеттик органдар менен;

2) токтомдордун долбоорлору – Юстиция министрлиги, Финансы министрлиги, Экономика жана коммерция министрлиги, кызыкдар мамлекеттик органдар, Министрлер Кабинетинин тогуздан кем эмес мүчөсүн сурамжылоону камсыз кылуу үчүн башка министрликтер жана мамлекеттик комитет менен;

3) тескемелердин долбоорлору – Юстиция министрлиги, кызыкдар мамлекеттик органдар менен.

543. Мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору жана коштоочу документтер макулдашууга мамлекеттик жана/же расмий тилдерде берилет.

Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору жана коштоочу документтер 14 өлчөмүндөгү «Times New Roman» шрифти менен 1 саптык интервал аркылуу жазылууга тийиш. Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан анын аты-жөнүн жана датаны көрсөтүү менен парафирленүүгө (кол коюлууга) тийиш. 

Акттын долбоорунун текстинин көлөмү машинага жазылган он барактан ашкан учурда документтин арткы бетине иштеп чыгуучу органдын иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин тескеген түзүмдүк бөлүмдүн мөөрлөрүн коюуга жол берилет. 

Макулдашууга киргизилүүчү мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору электрондук санариптик колтамганы пайдалануу шарты менен электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу электрондук түрдө коюлушу мүмкүн.

544. Мамлекеттик органдарда мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлорун макулдашуу алар келип түшкөн күндөн тартып төмөнкү мөөнөттөрдөн ашпоого тийиш: 

– мыйзамдардын, токтомдордун долбоорлору – 6 жумуш күн;

– тескемелердин долбоорлору – 3 жумуш күн.

Юстиция министрлиги үчүн мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлорун макулдашуу жана аларга экспертизалардын адистештирилген түрлөрүн жүргүзүү алар келип түшкөн күндөн тартып төмөнкү мөөнөттөрдөн ашпоого тийиш:

– мыйзамдардын, токтомдордун долбоорлору – 10 жумуш күн
 (100 барактан ашкандар – 18 жумуш күн);

– тескемелердин долбоорлору – 3 жумуш күн.

Министрлер Кабинетинин актыларын шашылыш кабыл алуу зарыл болгондо, анын ичинде согуштук абалдын жана өзгөчө абалдын шарттарында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктеринин тапшырмалары боюнча макулдашуунун бир кыйла кыска мөөнөт белгилениши мүмкүн же мамлекеттик органдардын жетекчилеринин сурамжылоо барагына виза коюу жолу менен долбоор Президенттин Администрациясында кеңешмеде макулдашылышы мүмкүн.

545. Мыйзамдын, Министрлер Кабинетинин актысынын долбоорун кароонун жыйынтыгы боюнча макулдашуучу мамлекеттик орган демилгечиге позициясын чагылдыруу менен долбоорду макулдашуу жөнүндө мамлекеттик органдын биринчи жетекчиси тарабынан кол коюлган катты берет. Эгер ченемдик укуктук актыларда макулдашуучу органдын корутунду берүүсү каралса, ал мамлекеттик органдын биринчи жетекчиси тарабынан кол коюлууга жатат жана катка тиркелет. Биринчи жетекчилер жок учурда каттар (корутундулар) алардын милдеттерин аткаруучу адамдар тарабынан кол коюлат.

Макулдашуунун жыйынтыгы боюнча мыйзамдын, Министрлер Кабинетинин актысынын долбоорунун демилгечиси келип түшкөн эскертүүлөрдү жана сунуштарды эске алуу менен долбоорду жеткире иштеп чыгууга же аларды эске албоого, же болбосо долбоорду андан ары жылдырууну токтотууга укуктуу. Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору боюнча эске алынган жана эске алынбаган эскертүүлөр жана сунуштар жөнүндө маалымат жана аларды эске албоонун себептеринин негиздемеси долбоордун негиздеме-маалымкатында берилет. Мыйзамдардын долбоорлору боюнча эске алынган жана эске алынбаган эскертүүлөр жана сунуштар жөнүндө маалымат жана аларды эске албоонун себептеринин негиздемеси долбоорду Президенттин Администрациясына киргизүүдө коштомо катта берилет.

Эскертүүлөрдү жана сунуштарды эске алуу жана эске албоо үчүн жоопкерчилик Министрлер Кабинетинин мүчөсүнө, административдик ведомствонун биринчи жетекчисине, башка мамлекеттик органдын биринчи жетекчисине жүктөлөт, ал документти Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизет жана аны даярдоого жооптуу болуп эсептелет.

546. Министрлер Кабинети тарабынан мамлекеттик органдарга берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун алкагында алар тарабынан иштелип чыккан чечимдердин долбоорлору жыйналыш өткөрбөстөн жазуу жүзүндө сурамжылоо жолу менен кабыл алынуучу Министрлер Кабинетинин токтомдорунун долбоорлору үчүн ушул главада каралган тартипте жана мөөнөттө макулдашылат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө чечимдердин долбоорлорун макулдашууда Министрлер Кабинетинин тогуздан кем эмес мүчөсүн сурамжылоону камсыз кылуу талап кылынбайт.

547. Президенттин Администрациясына киргизилүүчү Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору төмөнкү документтердин пакети менен коштолууга тийиш:

– долбоорду киргизүүчү мамлекеттик органдын биринчи жетекчиси же анын милдетин аткаруучу адам тарабынан кол коюлган Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басарынын наамына коштоочу кат;

– долбоорду киргизүүчү мамлекеттик органдын биринчи жетекчиси же анын милдетин аткаруучу адам тарабынан кол коюлган долбоордун төмөнкүлөрдү камтыган негиздеме-маалымкаты:

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 313 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускамада көрсөтүлгөн маалыматтарды;

эске алынган жана эске алынбаган эскертүүлөр жана сунуштар жөнүндө маалымат, аларды эске албоонун себептеринин негиздемеси;

финансылык-экономикалык эсептер;

– салыштырма таблица (актка өзгөртүүлөр киргизилген учурда);

– долбоорду макулдашуу жөнүндө мамлекеттик органдардын каттары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурда мамлекеттик органдардын корутундулары;

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жөнгө салуучу таасирди талдоонун негизинде даярдалган аналитикалык кат;

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттеринин корутундулары (чечимдери);

– Министрлер Кабинетинин жыйналышында долбоорду кароодо катышуусу зарыл болгон адамдардын тизмеси.

548. Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору жана коштоочу документтер Президенттин Администрациясына мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагазда жана электрондук маалымат алып жүрүүчүлөрдө берилет. Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору жана коштоочу документтер
 14 өлчөмүндөгү «Times New Roman» шрифти менен 1 саптык интервал аркылуу жазылууга тийиш. 

Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору мамлекеттик органдын жетекчиси же анын милдетин аткаруучу адам тарабынан анын аты-жөнүн жана датаны көрсөтүү менен парафирленүүгө (кол коюлууга) тийиш. Акттын долбоорунун текстинин көлөмү машинага жазылган он барактан ашкан учурда документтин арткы бетине иштеп чыгуучу органдын иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин тескеген түзүмдүк бөлүмдүн мөөрлөрүн коюуга жол берилет.

549. Ушул Регламенттин 547, 548, 63 жана 64-пункттарында белгиленген талаптарды бузуу менен киргизилген документтер Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же Министрлер Кабинетинин Төрагасын тейлөөчү орун басарын милдеттүү түрдө маалымдоо менен Президенттин Администрациясы тарабынан Президенттин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентинде аныкталган тартипте кароосуз кайтарылып берилет.

5410. Президенттин Администрациясы мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлоруна жана мамлекеттик органдар тарабынан киргизилүүчү башка материалдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укугу жок. Мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлорун киргизген мамлекеттик орган Президенттин Администрациясында турган долбоордун концепциясына өзгөртүүлөрдү киргизбестен жеткире иштеп чыгууга жана аны чакыртып алууга укуктуу.

Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын, башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн терс корутундулары мыйзамдын, Министрлер Кабинетинин актысынын долбоорун демилгечисине кайтарып берүү үчүн негиз болуп саналбайт. 

Министрлер Кабинетинин жыйналышында киргизүүгө пландалган мыйзамдын, Министрлер Кабинетинин актысынын долбоору боюнча акыркы чечим Министрлер Кабинетинин жыйналышында кабыл алынат.

Жыйналыш өткөрбөстөн жазуу жүзүндө сурамжылоо жолу менен кароо пландалган, кошумча талкуулоо зарылдыгы келип чыккан мыйзамдын, Министрлер Кабинетинин актысынын долбоору Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын сунушунун негизинде Президенттин же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чечими боюнча Министрлер Кабинетинин жыйналышына чыгарылышы мүмкүн.»;

30) VI глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«VI. Министрлер Кабинетинин мыйзам чыгаруу ишине катышуусу 

55. Мыйзам чыгаруу демилгеси укугу мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана Жогорку Кеңешке киргизүүнү камсыз кылуу аркылуу ишке ашырылат. 

Мыйзам долбоорлору мыйзам долбоорлоо ишинин жыл сайын бекитилүүчү планына, улуттук жана жалпы мамлекеттик программаларга, Президент жана Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү башка мамлекеттик программаларга жана стратегиялык документтерге, Президенттин актыларына, чакырууларына жана тапшырмаларына ылайык иштелип чыгат. 

56. Мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңешке Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан өз демилгеси боюнча же министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, башка мамлекеттик органдардын сунуштары боюнча киргизилет. 

57. Мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңешке «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган документтерди тиркеп, Президент же Министрлер Кабинетинин Төрагасы кол койгон коштомо кат менен киргизилет.

Коштомо катта мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке киргизүүдө министрлердин, мамлекеттик комитеттин төрагасынын, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, башка кызмат адамдарынын атынан мыйзам долбоору боюнча расмий өкүл дайындалат. 

58. Расмий өкүлдүн ыйгарым укуктарынын көлөмү тапшырмада аныкталат, ал толук же чектелген болушу мүмкүн. Ыйгарым укуктарынын толук көлөмү стенограммада жазылган расмий өкүлдүн чыгып сүйлөгөн сөзү Президенттин, Министрлер Кабинетинин каралып жаткан маселе боюнча көз карашы болуп саналарын билдирет. Ыйгарым укуктарынын чектелген көлөмү расмий өкүлдүн талкуулоонун жүрүшүндө мыйзам долбоорлоруна киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү Президент же Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен алдын ала макулдашуусун билдирет. 

Расмий өкүл мыйзам долбоорун кароодо Жогорку Кеңештин жана  анын комитеттеринин жыйналыштарына белгиленген тартипте катышат. Расмий өкүлдөрдү алмаштырууга Президент же Министрлер Кабинетинин Төрагасы кол койгон каттын негизинде гана жол берилет.

59. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Жогорку Кеңеш менен өз ара аракеттенүүнү жана үзгүлтүксүз байланышты камсыз кылат. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Жогорку Кеңештин жыйналыштарына катышат, Жогорку Кеңештин

Тиркемелер

Басып чыгаруу