КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №193 токтому

Контролдук-кассалык машиналарды киргизүү боюнча чаралар жөнүндө

Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүүнүн алкагында контролдук-кассалык машиналардын колдонулушун өркүндөтүүнү жана  жүргүзүлгөн пилоттук долбоордун натыйжалары боюнча салыктык башкаруу системасын өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 128-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: 

1. Төмөнкүлөр бекитилсин: 

1) Контролдук-кассалык машиналарды каттоо жана колдонуу тартиби 1-тиркемеге ылайык; 

2) Өзүнүн ишинин спецификасына же жайгашкан жеринин өзгөчөлүгүнө жараша контролдук-кассалык машиналарды колдонбостон акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзө алган субъекттердин тизмеси 2-тиркемеге ылайык; 

3) Контролдук-кассалык машиналарга карата техникалык корутунду берүү жана контролдук-кассалык машиналардын реестрин түзүү тартиби 3-тиркемеге ылайык;

4) Контролдук-кассалык машиналарды пайдалануунун типтүү эрежелери 4-тиркемеге ылайык; 

5) Фискалдык маалыматтардын операторуна карата талаптар 5-тиркемеге ылайык; 

6) Контролдук-кассалык машиналарды техникалык тейлөө борборлоруна карата талаптар 6-тиркемеге ылайык.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) 2022-жылдын 1-майынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген Фискалдык модуль менен иштөө функциясы бар контролдук-кассалык машиналарга карата техникалык талаптарга жооп бербеген контролдук-кассалык машиналар каттоого алынбары;

2) ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасында катталган жана ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген Фискалдык модуль менен иштөө функциясы бар контролдук-кассалык машиналарга карата техникалык талаптарга ылайык келбеген,  фискалдык маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды пайдаланган субъекттер аларды 2022-жылдын 31-декабрына чейин колдонууга укуктуу экендиги;

3) алдын ала төлөө (аванс) жана кийин төлөө (кредит) сыяктуу эсептешүүнүн түрлөрү менен кассалык эсептешүү операцияларын аткаруу боюнча субъектке жана контролдук-кассалык машиналарга карата талаптар 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирери;

4) товарларды идентификациялоо (товарларды маркалоо) каражаттарынын коддору жөнүндө маалыматтарды  кассалык чектерде чагылдырууну милдеттүү камсыз кылуу жана ыйгарым укуктуу салык органына реалдуу убакыт режиминде өткөрүп берүү тууралуу талаптарды аткаруу мөөнөттөрү 2022-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирери;

5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  2021-жылдын 27-августундагы № 156 “Контролдук-кассалык машиналарды башкаруу системасынын пилоттук долбоору жөнүндө” токтомун ишке ашыруунун алкагында ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасында катталган контролдук-кассалык машиналар 2022-жылдын 1-январынан тартып контролдук-кассалык машиналарга карата техникалык талаптарга шайкеш келүү жол-жобосунан өтпөстөн субъекттер тарабынан колдонулууга тийиш. Ошол эле учурда ыйгарым укуктуу салык органы ээси болуп саналган контролдук-кассалык машиналарды кошпогондо, бул контролдук-кассалык машиналардын моделдери субъектке же андан кийин  субъектке сатуу үчүн башка жакка сатууга чейин ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген контролдук-кассалык машиналарга карата техникалык талаптарга шайкеш келүү жол-жобосунан өтүүгө тийиш экендиги;

6) ыйгарым укуктуу салык органы ээси болуп саналган,
 2022-жылдын 1-январынан тартып ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасында катталган  программалык контролдук-кассалык машиналар контролдук-кассалык машиналарга карата техникалык талаптарга шайкеш келүү жол-жобосунан өтпөстөн субъекттер тарабынан колдонулууга тийиш экендиги;

7) соода операцияларын жүзөгө ашырууда же жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө субъекттин ишин автоматташтыруу үчүн арналган программалык камсыздоону жана/же программалык-аппараттык комплекстерди пайдалануу менен басылып чыгарылган товардык чектерди контролдук-кассалык чекти бербестен сатып алуучуга (кардарга) берүүгө тыюу салынары.

3. Кыргыз Республикасынын  Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы:

1) Фискалдык модуль менен иштөө функциясы бар контролдук-кассалык машиналарга карата техникалык талаптарды бекитсин;

2) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте ыйгарым укуктуу салык органы ээси болуп саналган программалык контролдук-кассалык машинага  ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген контролдук-кассалык машиналарга карата техникалык талаптарга шайкеш келүү жөнүндө техникалык корутунду алуу боюнча чараларды көрсүн;

3) 2022-жылдын 31-декабрына чейинки колдонуу мөөнөтү менен контролдук-кассалык машиналардын убактылуу реестрин түзсүн жана ага ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасында катталган жана субъекттер тарабынан пайдаланылып жаткан контролдук-кассалык машиналарды контролдук-кассалык машиналарга карата техникалык талаптарга шайкеш келүү жол-жобосунан өткөрбөстөн киргизсин;

4) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте фискалдык модулдардын жана ыйгарым укуктуу салык органы ээси болуп саналган контролдук-кассалык машиналардын иштөө технологияларын коргоону жана сактоону белгиленген тартипте камсыз кылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте ломбарддарды электрондук документ түрүндө күрөө билеттерин тариздөөгө которуу боюнча чараларды көрсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.

6. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте мамлекеттик алымдын жана нотариалдык аракеттерди жүргүзүүдө көрсөтүлгөн квалификациялык юридикалык жардам үчүн алынуучу акча каражаттарынын суммалары жөнүндө маалыматтарды берүү максатында ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасы менен “Электрондук нотариат” автоматташтырылган маалыматтык системасын интеграцияласын.

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын
 8-июнундагы № 353 “Ломбард ишинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагындагы ломбарддардын ишин уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө жободо:

төмөнкүдөй мазмундагы 51-пункту менен толукталсын:

“51. Ломбард күрөө билеттерин ыйгарым укуктуу салык органы аныктоочу тартипте салык органында каттоого милдеттүү.”.

8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 59, 85, 127, 130, 131, 329, 414 жана
 415-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Рейддик салык контролун  жүргүзүү жана материалдарын  тариздөө тартибинде:

20-пункту “көрсөтүлгөн суммадан” деген сөздөрдөн кийин “бир эсептик көрсөткүчкө” деген сөздөр менен толукталсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Контролдук сатып алууну жүргүзүү тартибинде:

17-пунктундагы “көрсөтүлгөн суммадан” деген сөздөрдөн кийин “бир эсептик көрсөткүчкө” деген сөздөр менен толукталсын.

9. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын
 15-июнундагы № 324 “Маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмин ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө” токтому;

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын
     29-ноябрындагы № 633 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
     2016-жылдын 15-июнундагы № 324 “Маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмин ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
  2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын
     4-майындагы № 252 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
     2016-жылдын 15-июнундагы № 324 “Маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмин ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын
     16-июлундагы № 324 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
     2016-жылдын 15-июнундагы № 324 “Маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмин ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому
  4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын
     17-декабрындагы № 691 “Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун 2-пункту;
  5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын
     24-июнундагы № 356 “Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү боюнча чаралар жөнүндө” токтому;
  6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын
     2-октябрындагы № 514 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 4-пункту;
  7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын
     22-январындагы № 20 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 
     2020-жылдын 24-июнундагы № 356 “Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
  8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын
     31-мартындагы № 123 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 3-пункту. 

10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн. 

11. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Приложения KG.zip

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                                   А.У. Жапаров