КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-майындагы № 210 токтому

Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2019/2020-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө

Экономика тармактарын жана калкты электр жана жылуулук энергиясы, отун ресурстары менен камсыз кылуу, министрликтерди, мамлекеттик комитеттерди, административдик ведомстволорду жана республиканын региондорун 2019/2020-жылдардагы күз-кыш мезгилинен өтүүгө өз убагында даярдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2019/2020-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча иш-чаралардын планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызкөмүр" жана "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканалары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана макулдашуу боюнча: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Бишкек шаарынын мэриясынын "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы, "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы", "Электр станциялар", "Кыргызстандын улуттук электр тармактары", "Түндүк электр", "Ош электр", "Чыгыш электр", "Жалалабат электр", "Кыргызнефтегаз", "Бишкек жылуулук тармагы", "Чакан ГЭС" ачык акционердик коомдору (мындан ары - ААК), "Газпром Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коому (мындан ары - ЖЧК) жана "Жылуулук менен камсыздоо" Ош муниципалдык ишканасы:

- Иш-чаралар планын, электр энергиясын жана кубаттуулуктарды керектөөнүн лимиттерин, графиктерди жана тапшырмаларды 1-21-тиркемелерге ылайык аткарууну камсыздашсын;

- 2019-жылдын 1-августуна чейинки мөөнөттө, белгиленген тартипте бюджеттик мекемелер үчүн отун сатып алууга конкурс өткөрүү боюнча чараларды көрүшсүн жана алар менен келишимдерди түзүшсүн;

- 2019-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө, жылытуучу буу казандарынын жана отун-энергетикалык комплексинин ишканаларынын алдыда турган күз-кыш мезгилинде иштөөгө даярдыгын текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жумушчу комиссияларды түзүшсүн (балансында буу казандары жана энергетикалык жабдыктардын башка түрлөрү бар мекемелер үчүн);

- ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен ушул токтомдун аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине айдын 1ине карата абал боюнча маалыматты, анын ичинде көмүр сатып алуу боюнча конкурс өткөрүү жөнүндө, отун камдоо боюнча пландык тапшырмалардын аткарылышы тууралуу, отун базаларын түзүү жана баасын көрсөтүү менен сатуу пункттарын уюштуруу боюнча маалыматтарды берип турушсун. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине маалымат берүү жана ал маалыматтын тактыгына болгон жоопкерчилик министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексинин ишканаларынын жетекчилерине жүктөлсүн;

- отун-энергетикалык ресурстарды керектөөдө чыгымдарды азайтуу үчүн энергияны үнөмдөө жана энергиялык натыйжалуулукту жогорулатуу саясатын ишке ашыруу боюнча чараларды туруктуу негизде көрүп турушсун.

3. "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун конкурстук комиссиялары, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасы, "Электр станциялар" ААК (макулдашуу боюнча) 2019/2020-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана бул мезгилден өтүү убагында "Кыргызнефтегаз" ААК жана Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында алынган көмүр жана отун мазуту менен камсыз кылуу боюнча конкурска катышууда Кыргыз Республикасынын салык жана камсыздандыруу салымдарын төлөө боюнча карыздары тууралуу маалыматты берүүгө талапты коюшпасын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги 2019-жылдын 20-майына чейинки мөөнөттө:

- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы берген тизмеге ылайык Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексинин ишканаларына көмүр берген Кыргыз Республикасынын көмүр казуучу компаниялары үчүн көмүрдүн баасын белгилесин;

- "Кара-Кече" кени - Балыкчы темир жол станциясы - жана Таш-Көмүр шаары - Бишкек шаарынын ЖЭБи маршруту боюнча автотранспорт каражаттары менен көмүр ташуунун баасын аныктасын жана пайдаланууга сунуштасын;

- Ош шаарынын ЖЭБине, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын жылуулук менен камсыздоочу филиалдарына жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскердик бөлүктөрүнө ташуу үчүн "Кыргызнефтегаз" ААКнын "М-100" маркасындагы отун мазутунун баасын белгилесин.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) отун базаларындагы жана калк үчүн көмүр сатуучу пункттардагы көмүрдүн баасын байкап турушсун. Көмүрдүн баасы бир айдын ичинде 20 жана андан көп пайызга кымбаттаган учурда бааларды мыйзамдарда белгиленген тартипте турукташтыруу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине киргизишсин.

6. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары тарабынан киргизилген сунуштарга мониторинг жана талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча көмүрдүн баасы бир айдын ичинде 20 жана андан көп пайызга кымбаттаган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө көмүрдүн баасына мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү боюнча сунуш берип турушсун.

7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги республиканын бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын алыскы аймактарында жашаган адамдар үчүн 2019-жылы компенсациялык каражаттарды "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттардын чегинде квартал сайын өз убагында бөлүүнү камсыздасын.

8. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча):

- керектелген электр, жылуулук энергиялары, жаратылыш газы, көмүр жана отун мазуту үчүн өз убагында толук көлөмдө акы төлөөнү камсыздашсын;

- энергетика компанияларына аба жана кабелдик электр берүү линиялары өткөн коргоого алынган аймактарда тоскоолдук жараткан бак-дарактарды кыюуга көмөк көрсөтүшсүн.

9. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы коңшу мамлекеттер (Казакстан Республикасы, Тажикстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы) менен чектешкен аймактар боюнча өтүүчү электр берүү линияларын жана магистралдык газ түтүктөрүн пландык же авариялык оңдоо жүргүзүү зарылдыгы келип чыккан учурда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу ремонттук-техникалык персоналды, технологиялык жабдыктарды жана шаймандарды өткөрүүгө көмөк көрсөтүшсүн.

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана андан өтүү учурунда "Электр станциялар", "Кыргызстандын улуттук электр тармактары", "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Ош электр", "Жалалабат электр", "Чакан ГЭС", "Бишкек жылуулук тармагы", "Кыргызнефтегаз" ААКларынын, "Газпром Кыргызстан" ЖЧКнын, Бишкек шаарынын мэриясынын "Бишкек жылуулук энерго" коммуналдык ишканасынын, "Жылуулук камсыздоо" Ош муниципалдык ишканасынын, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргыз жылуулук энерго" жана "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканаларынын алыш-бериш эсептерин жабуу боюнча чечимдерди кабыл алышпасын.

11. Төмөнкүлөр үчүн жеке жоопкерчилик жүктөлсүн:

- электр энергиясын жана кубаттуулуктарды керектөө боюнча белгиленген лимиттерди аткаруу үчүн - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларына, айыл өкмөт башчыларына, "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы", "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Ош электр", "Жалалабат электр", "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКларынын жетекчилерине;

- электр жана жылуулук энергиялары, жаратылыш газына акы төлөөнү кечиктирүү үчүн - бюджеттик уюмдардын жетекчилерине;

- энергиялык жабдууларга сапаттуу жана өз убагында ремонттук-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы", "Түндүк электр", "Ош электр", "Чыгыш электр", "Жалалабат электр", "Кыргызстандын улуттук электр тармагы", "Электр станциялар", "Чакан ГЭС", "Бишкек жылуулук тармагы" ААКларынын, "Бишкек жылуулук энерго" коммуналдык ишканасынын, "Жылуулук менен камсыздоо" Ош муниципалдык ишканасынын, "Кыргыз жылуулук энерго" мамлекеттик ишканасынын жетекчилерине жүктөлсүн.

12. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргыз жылуулук энерго" мамлекеттик ишканасы:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан 2019-жылга карата белгиленген пландык техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышын камсыздасын;

- 2019/2020-жылдардагы жылытуу мезгили башталганга чейин буу казан жабдууларын жана жылуулук тармактарын оңдоо иштерин аягына чыгарууну камсыздасын;

- 2019-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө "Бостери жылуулук менен камсыздоо ишканасы" филиалынын буу казандарын электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн кубаттуулугу 10 кВ жаңы аба линиясынын курулушун аягына чыгарсын.

13. "Бишкек жылуулук тармагы" ААКга, Бишкек шаарынын мэриясынын "Бишкек жылуулук энерго" коммуналдык ишканасына, "Жылуулук менен камсыздоо" Ош муниципалдык ишканасына төмөнкүлөр сунушталсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан 2019-жылга карата белгиленген пландык техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышын камсыздоо;

- 2019/2020-жылдардагы жылытуу мезгили башталганга чейин буу казан жабдууларын жана жылуулук тармактарын оңдоо иштерин аягына чыгарууну камсыздоо.

14. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы:

- 2019-жылдын 5-майына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине көмүрдүн баасын аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексинин ишканаларына көмүр жеткирген көмүр казуучу компаниялардын тизмесин берсин;

- 2019/2020-жылдардын күз-кыш мезгилине өз убагында даярдануу максатында көмүр катмарын ачуу боюнча иштерди толук көлөмдө аткарууну камсыздоо үчүн Кавак күрөң көмүр бассейниндеги иштетилип жаткан участокторду кен транспорттук техника менен комплектесин;

- Бишкек шаарынын ЖЭБине берилүүчү көмүрдүн сапатын "Электр станциялар" ААК тарабынан көрсөтүлгөн техникалык мүнөздөмөлөргө шайкеш келтирүүнү камсыздасын;

- Кавак күрөң көмүр бассейнинен Бишкек шаарынын ЖЭБине берилүүчү көмүрдүн сапатын талдоо боюнча аттестацияланган лаборатория ачуу чараларын көрсүн.

15. "Кыргызнефтегаз" ААКга кыска мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине Ош шаарынын ЖЭБине, "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын жылуулук менен камсыздоочу филиалдарына жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскердик бөлүктөрүнө ташыла турган "М-100" маркасындагы отун мазутунун баасын белгилөө үчүн эсептик материалдарды берүү сунушталсын.

16. "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААКга төмөнкүлөр сунушталсын:

- "Электр станциялар", "Кыргызстан улуттук электр тармагы", "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Ош электр" жана "Жалалабат электр" ААКлары менен бирдикте:

республиканын керектөөчүлөрүн электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча чараларды көрүү;

бюджеттик керектөөчүлөрдүн карыздарын жана республиканын бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын аймактарында жашаган адамдарга 2019-жылдын төртүнчү кварталы үчүн төлөнчү компенсацияны эсепке албастан, 2019-жылы электр тармактарында электр энергиясынын жоготууларынын деңгээлин: "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКда - 5% чейин, "Түндүк электр" ААКда - 11% чейин, "Чыгыш электр" ААКда - 12,8% чейин, "Ош электр" ААКда - 11,4% чейин, "Жалалабат электр" ААКда - 11,4% чейин азайтууну жана дебитордук карыздарды 25% чейин азайтууну камсыз кылуу;

- "Электр станциялар", "Кыргызстандын улуттук электр тармагы", "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Ош электр", "Жалалабат электр", "Чакан ГЭС" ААКлары менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан 2019-жылга карата белгиленген пландык техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышын камсыздоо.

17. "Кыргызстандын улуттук электр тармагы", "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Ош электр", "Жалалабат электр", "Бишкек жылуулук тармактары" ААКларына жана "Газпром Кыргызстан" ЖЧКга төмөнкүлөр сунушталсын:

- саламаттык сактоо объектилеринен, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелеринен жана объектилеринен, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын кошуундарынан, бөлүктөрүнөн жана мекемелеринен тышкары, электр, жылуулук энергиясы жана жаратылыш газы үчүн дебитордук карыздары бар керектөөчүлөргө, электр энергиясын керектөөнүн белгиленген лимиттеринен ашык чыгымдалышына жол берген бюджеттик уюмдарга карата белгиленген тартипте тийиштүү чара көрүү;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары менен бирдикте 2-11-тиркемелерде көрсөтүлгөн электр энергиясын жана кубаттуулуктарды керектөөнүн лимиттеринен ашууга жол бербөө;

- "Жылуулук менен камсыздоо" Ош муниципалдык ишканасынын, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргыз жылуулук энерго" мамлекеттик ишканасынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын "Бишкек жылуулук энерго" коммуналдык ишканасынын технологиялык объектилеринин буу казандарынын жабдууларын оңдоо жана 2019/2020-жылдардагы күз-кыш мезгилинен өтүү убагында өз ара кепилдик жана башка милдеттенмелерди сактоо менен электр энергиясын өчүрбөө.

18. "Газпром Кыргызстан" ЖЧКга төмөнкүлөр сунушталсын:

- 2019/2020-жылдардагы күз-кыш мезгилинде Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрүн жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу;

- Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейин газ менен камсыздоо жана газдаштыруу боюнча Генералдык схемасынын алкагында 2019-жылга карата Инвестициялык программанын аткарылышын камсыздоо;

- 2019-жылга карата Инвестициялык программанын аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине ай сайын маалымат берүү.

19. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) "Газпром Кыргызстан" ЖЧКга Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейин газ менен камсыздоо жана газдаштыруу боюнча Генералдык схеманын алкагында 2019-жылга карата Инвестициялык программаны ишке ашырууга көмөк көрсөтүшсүн.

20. "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Ош электр", "Жалалабат электр" ААКларына жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен бирдикте электр энергиясын жана кубаттуулуктарды пайдалануу лимити ашып кеткен, негизги жабдууга ашыкча күч келген, кубаттуулуктун дефицити пайда болгон учурларда колдонуу үчүн электр тармактарындагы жүктү жеңилдетүүнүн графиктерин иштеп чыгуу жана "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКга берүү сунушталсын.

21. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы № 249 "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2018/2019-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-октябрындагы № 463 "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2018/2018-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоонун жүрүшү жөнүндө" токтому.

22. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 17-майындагы N 40 жарыяланды

23. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.


Кыргыз Республикасынын Премьер-министри


М.Абылгазиев




1-тиркеме

Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2019/2020-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча
 ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ


Иш-чаралардын аталышы

Аткаруу мөөнөтү

Жооптуу аткаруучулар

1

Облустарда, Бишкек жана Ош шаарларында жылытуу мезгилине даярдыктын жүрүшүн ай сайын көзөмөлдөп туруу үчүн күз-кыш мезгилине карата даярдык көрүү боюнча дайыма иштей турган штабдарды түзүү, биринчи кезекте карала турган маселелер:

- жылуулук менен камсыздай турган ишканалардын, калкты жылуулук менен камсыздоочу ведомстволук жана өнөр жай буу казандарын даярдоо жөнүндө; 

- социалдык объектилердин жылытуу мезгилине даярдыктарынын сапаты жөнүндө; 

- турак-жай фондунун жылытуу мезгилине даярдыктарынын сапаты жөнүндө; 

- социалдык объектилердин, калктын отун-суу менен камсыз болушу жана жеңилдик берилген жарандарга каражаттардын өз убагында төлөнүшү жөнүндө

2019-жылдын 1-июлуна чейин

Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, КРӨ ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, макулдашуу боюнча: Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, ОЭК ишканалары

2

Токтогул суу сактагычындагы сууну пайдалануунун 2019-жылга жана 2020-жылдын I кварталына карата суу-энергетикалык режимин болжолдоонун жана күтүлө турган электр энергиясын пайдалануу көлөмүнүн негизинде эсептеп чыгуу

Ай сайын

"Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААК, "Электр станциялары" ААК (макулдашуу боюнча)

3

Облустардын жана электр бөлүштүргүч компаниялардын алкагында электр энергиясын пландуу пайдаланууга түзөтүүлөрдү киргизүү (2019-жылдын 1-июлуна карата суунун иш жүзүндөгү агымы боюнча Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли жөнүндө болжонгон маалыматтар такталса)

Зарылдыгына жараша

ӨЭЖКПМК "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААК, "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААК (макулдашуу боюнча)

4

Республиканын энергосистемасынын Борбор Азиянын бириккен энергосистемасынын курамындагы паралеллдүү ишинин туруктуулугун жана Борбор Азия мамлекеттеринин энерго системаларынын "Энергия" координациялык-диспетчердик борбору менен өз ара аракеттенүүсүн камсыздоо

Дайыма

"Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААК, "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААК (макулдашуу боюнча)

5

Электр энергиясын берүү боюнча электр бөлүштүргүч компаниялары, ири өнөр жай ишканалары жана башка лицензиаттар менен "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААКнын подстанцияларына туташкан ар бир кошулуу боюнча жол берилген кубаттуулукту бекитүү менен контракт түзүү

2019-жылдын 30-октябрына чейин

"Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААК, "Түндүк электр" ААК, "Чыгыш электр" ААК, "Ош электр" ААК, "Жалалабад электр" ААК, ири өнөр жай ишканалары, дүң сатып алуучулар-кайра сатуучулар (макулдашуу боюнча)

6

Электр станцияларындагы өндүргүч жабдыктарды күз-кыш мезгилиндеги ишке даярдоо жана Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги бекитилген кубаттуулукту бул токтомдун 15 жана 16-тиркемелерине ылайык аткаруу

Оңдоо иштеринин графигине ылайык

"Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААК, "Электр станциялары" ААК (макулдашуу боюнча)

7

Жылуулук тармактарынын температура графигин иштеп чыгуу жана макулдашуу жана анын аткарылышын камсыздоо

2019-жылдын 1-октябрына чейин

"Бишкек жылуулук тармактары" ААК, "Электр станциялары" ААК (макулдашуу боюнча)

8

"Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААКына сааттык суткалык электр энергиясын жана кубаттуулукту пайдалануу графиктерин бул токтомдун 2-11-тиркемелерине ылайык тапшырмалардын жана түзүлгөн контракттардын негизинде берип турууну камсыздоо;

- "Кыргызстандын УЭТ" ААКнан электр энергиясынын жана кубаттуулугунун суткалык графикте берилген бирдиктен ашып кетүүсүнө жол бербөө;

- жергиликтүү жүктү чектөө графигин иштеп чыгуу, макулдашуу, бекитүү, керектөөчүлөргө билдирүү жана аткаруу;

- электр энергиясын жана кубаттуулукту "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААК тарабынан белгиленген көлөмдөн ашыкча пайдаланууга жол берген электр берүүлөрүн энергосистемасын авариялык учурларды болтурбоо же өтө күч келип жаткан линиялар менен трансформаторлорду жеңилдетүү максатында подстанциядан ажыратуу

Зарылдыгына жараша

"Түндүкэлектр" ААК, "Ошэлектр" ААК, "Чыгышэлектр" ААК, "Жалалабадэлектр" ААК, электр энергиясын берүү жана жеткирүү боюнча лицензиаттар (макулдашуу боюнча)

9

Капиталдык оңдоо иштерин аткарууну камсыздоо, энергия менен жабдуунун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана материалдык-техникалык ресурстардын авариялык запасын түзүү

Графикке ылайык

ОЭК ишканалары (макулдашуу боюнча)

10

Үч фазалуу кошулууга ээ керектөөчүлөрдүн электр энергиясын пайдалануу режимин бузган же өз алдынча электр жылуулук жабдыктарына кошулган учурда берилген техникалык шарттарын белгиленген тартипте жоюу

Дайыма

"Түндүк электр" ААК, "Ош электр" ААК, "Чыгыш электр" ААК, "Жалалабад электр" ААК (макулдашуу боюнча)

11

Электр энергиясын жана кубаттуулукту бул токтомдун 2-11-тиркемелеринде бекитилген электр энергиясын жана кубаттуулукту пайдалануу лимитинин алкагында мекемелерге бөлүштүрүүнү камсыздоо

Дайыма

Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, КРӨ ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, макулдашуу боюнча: ОЭК ишканалары, "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААК, "Түндүкэлектр" ААК, "Ошэлектр" ААК, "Чыгышэлектр" ААК, "Жалалабадэлектр" ААК, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары

12

Бюджеттик мекемелер тарабынан пайдаланылган электр, жылуулук энергиясы жана жаратылыш газы үчүн акы төлөмдөрүн толук көлөмдө жана артыкчылыктуу тартипте ишке ашыруу

Дайыма

Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар

13

Дебитордук карызы бар керектөөчүлөргө электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газ берүүгө жол бербөө

Дайыма

ОЭК ишканалары (макулдашуу боюнча)

14

2019/2020-жылдардагы күз-кыш мезгилинде калктын пайдалануусу үчүн стационардык отун базаларына түзүлгөн келишимдин негизинде көмүрдү толук көлөмдө берүүнү камсыздоо, камтылбай калган аймактардагы калктуу конуштарга зарылдыгына жараша кошумча отун базаларын түзүү

2019-жылдын 1-августунан тартып 2020-жылдын 1-мартына чейин

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, "Кыргызкөмүр" МИ, макулдашуу боюнча: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, көмүр казуучу ишканалар

15

Республиканын калкын жана бюджеттик мекемелерин көмүр менен камсыз кылуу максатында көмүр кенинде көмүрдү үзгүлтүксүз жүктөөнү камсыздоо боюнча чараларды көрүү

2019-жылдын 1-августунан тартып 2020-жылдын 1-мартына чейин

"Кыргызкөмүр" МИ

16

Башка техника бара албай турган аймактарда электр берүү линияларынын авариялык өчүүлөрүн аныктоо жана жоюу үчүн авиациялык техника менен учуп барып, жабдыктарды жана адистерди жеткирүүнү камсыздоо

Зарылдыгына жараша

ӨКМ, Коргоо комитети макулдашуу боюнча: "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААК, "Түндүкэлектр" ААК, "Ошэлектр" ААК, "Чыгышэлектр" ААК, "Жалалабадэлектр" ААК

17

Токтогул суу сактагычында суунун топтолушуна байланыштуу кырдаал боюнча, керектелген электр, жылуулук энергиясы, жаратылыш газы үчүн карызды өз убагында төлөө зарылдыгы туурасында, электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу боюнча, отун-сууларды сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу, энергияны сактоо жана отун-суу камдоо, жылуулук берүү мезгилинен ийгиликтүү өтүү жасалып жаткан иш-чаралар туурасында калк арасында жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү

Дайыма

Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, КРӨ ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, макулдашуу боюнча: Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, ОЭК ишканалары, "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААК

18

2019/2020-жылдардагы күз-кыш мезгилинде Бишкек шаарынын ЖЭБинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча төмөнкүдөй чараларды көрүү:

- негизги жана көмөкчү жабдууларды оңдоо боюнча пландалган иштерди аткаруу зарыл;

- буу казандарынын турбоагрегаттарынын импульстук линияларын жылытуу системаларын иштеп чыгуу жана киргизүү;

- КИП жана автоматика шаймандарын өркүндөтүү

2019-жылдын 1-ноябрына чейин

"Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААК, "Электр станциялары" ААК (макулдашуу боюнча)

19

2019/2020-жылдардагы жылытуу мезгилинен ийгиликтүү өтүүнү камсыздоо боюнча төмөнкүдөй чараларды көрүү:

- Токтогул ГЭСиндеги АБТ-500 кВ негизги жабдууну алмаштыруу;

- Ат-Башы ГЭСиндеги эки күч-кубаттуулук трансформаторду алмаштыруу; 

- "Бишкек" ПС 110 кВ курууну бүткөрүү; 

- "Таш-Булак" ПС 110 кВ экинчи этабын, "Борбор" ПС 110 кВ үчүнчү этабын, "Өнөр жай" ПС 110 кВ үчүнчү этабын куруу жана 5 ПС 110 кВ реконструкциялоо

2019-жылдын 1-ноябрына чейин

"Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААК, "Электр станциялары" ААК, "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААК (макулдашуу боюнча)

Кыскартуулардын тизмеси:

ГЭС

-

Гидроэлектр станциялары

Коргоо комитети

-

Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети

ӨЭЖМК

-

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети

МИ

-

мамлекеттик ишкана

КӨП

-

контролдоочу-өлчөөчү приборлор

ӨКМ

-

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

ААК

-

ачык акционердик коом

АБТ

-

ачык бөлүштүргүч түзмөк

ПС

-

подстанция

ӨЭК

-

отун-энергетикалык комплекс




2-тиркеме

2019/2020-жылдардагы күз-кыш мезгилине Жалал-Абад облусу боюнча электр энергиясын жана кубаттуулукту керектөөнүн лимиттери жана керектүү отун запасынын көлөмү

Иш-чаранын аталышы

Бардыгы

2019-жыл

2020-жыл

Апрель

Май

Июнь

Июль

Август

Сентябрь

Октябрь

Ноябрь

Декабрь

Январь

Февраль

Март

I

Электр энергиясы: (млн. кВтс)














1.1

облус боюнча электр энергиясын керектөө планы, бардыгы:

2053,406

130,702

118,830

115,476

125,663

121,265

108,593

156,259

226,975

259,149

266,864

234,056

189,574

1.1.1

анын ичинен: БЭК боюнча электр энергиясын керектөө планы

1695,845

102,920

92,875

89,779

99,164

98,197

87,651

130,654

193,584

223,106

226,028

196,915

154,972

1.1.2

КПП боюнча электр энергиясын керектөө планы

62,562

4,667

4,661

4,623

4,579

4,591

4,596

5,272

5,297

5,820

6,635

5,940

5,881

1.1.3

"Кыргызстан УЭТ" ААКнын жоготуулары

241,023

19,148

17,145

17,041

17,748

14,347

12,527

15,843

23,435

24,888

28,814

26,264

23,823

1.1.4

"Кыргызстан УЭТ" ААКнын чарбалык керектөөлөрү

0,174

0,0180

0,0210

0,0210

0,0110

0,0200

0,0200

0,0070

0,0080

0,0090

0,0100

0,0100

0,0190

1.1.5

"Электр станциялар" ААКнын керектөөлөрү

53,802

3,949

4,128

4,012

4,161

4,110

3,799

4,483

4,651

5,326

5,377

4,927

4,879

1.2

облус боюнча чектелүү кубаттуулук (МВт)


247

217

218

225

218

207

289

365

406

410

409

303

1.2.1

БЭК боюн

Тиркемелер

Басып чыгаруу