Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө
Соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү үчүн жагымдуушарттарды түзүү, экспорттук потенциалды жогорулатууну, Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу, эсепке алынган датаны аныктоо максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 51, 261-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу тартиби 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алуу пункттары аркылуу (мындан ары – товарларды эсепке алуу пункттары) жеке пайдалануу үчүн жеке жактар тарабынан өткөрүлүүчү, аларга карата товардык коштоочу документтерди (эл аралык транспорттук коштомо кагаз –СМR, же коштомо кагаз, эсеп-фактура) милдеттүү тариздөө талап кылынбаган товарлардын тизмеси жана товарларды ташып киргизүү боюнча сунушталган минималдык ченемдер 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аэропортторундагы эл аралык аба катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын тизмесинде:
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“
3 | “Ысык-Көл”аэропорту | Ысык-Көлоблусу, Тамчы а., “Ысык-Көл”аэропорту | Көптараптуу, күнү-түнү | + | + | + | + | + | + | + |
”;
2) жогоруда аталган токтомдун 6-1-тиркемеси ушул токтомдун
3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
3) жогоруда аталган токтомдун 6-2-тиркемеси ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын кыргыз-казак участогундагы өткөрүү пункттарына жакын жайгашкан товарларды эсепке алуу пункттарында мамлекеттик контролду (санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык, фитосанитардык, транспорттук) жүргүзүү боюнча координациялоочу орган болупКыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы аныкталсын.
4. Товарларды эсепке алуу пунктунун ишине тартылган мамлекеттик органдар:
1) товарларды эсепке алуу пункттарынын ишине тартылган кызмат адамдарынын күнү-түнү нөөмөтүн камсыз кылсын;
2) бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына товарларды эсепке алуу пункттарынын ишине тартылган мамлекеттик органдардын жоболоруна тиешелүү толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникацияларминистрлиги Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте Талас облусунун Манас районунда (“Кичи-Капка автожолу”), Чүй облусунун Аламүдүн районунда (“Ак-Жол автожолу”), Чүй облусунун Жайыл районунда (“Жайыл автожолу”), Чүй облусунун Сокулук районунда (“Камышановка автожолу”) мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогундагы өткөрүү пункттарына жакын жайгашкан товарларды эсепке алуу пункттарынын курулуш объекттерине жер бөлүп берүү боюнча зарыл иш-чараларды жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жүргүзсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы”мамлекеттик ишканасы товарларды эсепке алуу пункттарында мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу боюнча ишке тартылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына темир жол станцияларында акысыз пайдалануу келишиминин шарттарында жайларды убактылуу акысыз пайдаланууга берсин: Талас облусунун Кара-Буура районунда (Маймак, Жоон-Дөбө темир жол станциялары), Чүй облусунун Жайыл районунда (Кара-Балта темир жол станциясы), Чүй облусунун Аламүдүн районунда (Аламүдүн темир жол станциясы), Чүй облусунун Панфилов районунда (Кайыңды темир жол станциясы), Чүй облусунун Москва районунда (Беловодскоетемир жол станциясы), Чүй облусунун Сокулук районундагы Шопоков шаарында (Шопоков темир жол станциясы), Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кант шаарында (Кант темир жол станциясы), Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка айылында (Ивановка темир жол станциясы), Чүй облусунун Токмок шаарында (Токмоктемир жол станциясы), Чүй облусунун Кемин районунда (Быстровка, Джиль-Арык темир жол станциялары), Ош облусунун Кара-Суу районунда (Карасуу, Кашгаркишлак темир жол станциялары), Ош шаарында (Ош темир жол станциясы), Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында (Жалал-Абад темир жол станциясы), Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында (Таш-Көмүр темир жол станциясы),Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарчасында (Шамалдысай темир жол станциясы), Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында (Кызыл-Кыя темир жол станциясы), Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында (Рыбачье темир жол станциясы), Бишкек шаарында (Бишкек-1 темир жол станциясы).
7. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерцияминистрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте “Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коому тарабынан товарларды эсепке алуу пункттарында мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу боюнча ишке тартылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына убактылуу акысыз пайдаланууга “Манас”, “Ош” жана “Ысык-Көл” эл аралык аэропортторунда акысыз пайдалануу келишиминин шарттарында жайларды берүүнү камсыз кылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги:
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен бирдикте долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыксын жана товарларды эсепке алуу пункттарын курууга финансы-экономикалык эсептерди чыгарсын;
- Товарларды эсепке алуу пункттарынын курулушун камсыз кылсын жана анын заказчысы болсун, кийин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын карамагына өткөрүп берсин.
9. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте маалымат системасынын үзгүлтүксүз иштеши үчүн товарларды эсепке алуу пункттарын кошумча (резервдик) интернет байланыш каналы менен камсыз кылсын.
10. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогундагы товарларды эсепке алуу пункттарын жана контролдоо-өткөрүү пункттарын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздасын.
11. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогундагы товарларды эсепке алуу пункттарынын жана контролдоо-өткөрүү пункттарынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу максатында
6 айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын энергетика системасынын жана Борбордук Азиянын бириккен энергия системасынын ишинде авариялык системалык бузулуулар болгон учурларда колдонуу үчүн электр энергиясынын резервдик (автономдуу) булактарын аныктасын.
12. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги каржылоону камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинде аныкталган тартипте республикалык бюджеттен акча каражаттарын төмөнкүлөргө бөлсүн:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине ушул токтомдун 8-пунктун аткаруу жана Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүналкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу тартибин ишке ашыруу үчүн;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы:
1) Кыргыз Республикасына ташып келүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соодажүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алуу пункттарына серверлерди сатып алуу жана орнотуу үчүн;
2) ушул токтомдун 9-пунктун аткаруу үчүн;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына ушул токтомдун 11-пунктун аткаруу үчүн.
13. Министрликтер жана ведомстволор өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
14. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын
23-августундагы № 396 “Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-апрелиндеги № 150 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2018-жылдын 23-августундагы № 396 “Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында транспорттук контролдоону жана товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-мартындагы № 151 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту жана 2, 3 жана 4-тиркемелери;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-августундагы № 430 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 3-пункту жана 3-4-тиркемелери;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-ноябрындагы № 540 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салык салуу маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” токтомунун
5-пункту.
15. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
16. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У.Жапаров