Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин акча каражаттарын натыйжалуу башкаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин
105, 106-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын
24-июлундагы № 444 “Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартибин бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров