КР Министрлер Кабинетинин 01.08.22 ж. №435 токтому

«Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө

«Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү жана тартипке келтирүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: 

  1. «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналган минималдуу базалык ставка 7 040 сом өлчөмүндө белгиленсин. 
  2. Төмөнкүлөр бекитилсин:

– «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маянага эселөө коэффициенттери 1-тиркемеге ылайык;

– «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын кызматкерлеринин иш стажын белгилөө жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;

– «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын кызматкерлерине кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөр 3-тиркемеге ылайык;

– «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын кызматкерлеринин 48 бирдиктен турган чектүү саны.

3. «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын кызматкерлерине төмөнкүлөр төлөнөт деп белгиленсин:

– өзгөчө шарттарда иштеген адамдарга кызматтык маянасынын    45 пайызы өлчөмүндө үстөк (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 164224-статьяларына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык);

– изотоптор менен түздөн-түз байланышта болбогон, бирок «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын аймагында иштеген жана радиоактивдүү нурланууларга дуушар болгон кызматкерлерге кызматтык маянанын 30 пайызы өлчөмүндө үстөк;

– жыл ичинде квартал үчүн иштин жыйынтыгы боюнча атайын кийимдерди, жеке коргонуу каражаттарын дезактивдештирүү, радиоактивдүү калдыктарды көмүү жана изотопторду ташып чыгуу боюнча келишимдик милдеттенмелерди аткаргандыгы үчүн төрт айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө сый акы;

– эмгектик өргүүгө чыкканда эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө ден соолукту чыңдоого жөлөкпул.

4.,«Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын жетекчисине иштин татаалдыгы, сапаты жана натыйжасы, чыгармачыл, кесипкөй демилге көрсөткөндүгү үчүн кызматтык маянанын 50 пайызына чейинки өлчөмдө үстөктү белгилөө укугу берилсин.

5.,Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу, анын ичинде «Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023–2024-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.

6.,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги №,196 «Кыргызжилкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

7.,Бул токтом 2022-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет жана расмий жарыяланууга тийиш.


Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                      А.У. Жапаров


Тиркемелер

Басып чыгаруу