КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтому

“Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу 


  “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 1.Төмөнкүлөр бекитилсин:

 - мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө кайрылуу тартиби жана мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө тартиби жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык.

 - 16 жашка чейинки балдары бар жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) “үй-бүлөгө көмөк” - ай сайын жөлөкпул алууга жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) муктаждыгын аныктоо тартиби жөнүндө жобо, 2-тиркемеге ылайык.

- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаар мэрияларынын алдындагы Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө жана төлөө жөнүндө жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча комиссия тууралуу жобо, 3-тиркемеге ылайык.

  Төмөнкүлөр белгиленсин:

1)  мамлекеттик жөлөкпулдардын өлчөмү 4-тиркемеге ылайык;

2)  16 жашка чейинки балдары бар жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) “үй-бүлөгө көмөк” - ай сайын жөлөкпул алууга жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) муктаждыгын аныктоо үчүн кепилденген минималдуу кирешенин өлчөмү 900 (тогуз жүз) сом суммасында;

3) 2018-жылдын 1-июлуна чейин 16 жашка чейинки балдары бар жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) “үй-бүлөгө көмөк” - ай сайын жөлөкпул алууга үй-бүлөнүн муктаждыгын аныктоодо:

 - пенсия менен камсыздоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөнүүчү пенсиянын базалык бөлүгүнөн төмөн болгон өлчөмдөгү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын пенсиясынан тышкары, негизги иштеген жери, кызматы (аскер кызматчылары) жана окуусу боюнча жарандардын кирешелерине кирген пенсиялар эске алынат;

  - камкорчулардын (көзөмөлчүлөрдүн) кирешелери эсепке алынбайт;

  - камкорчулар (көзөмөлчүлөр) жана алардын жубайлары үй-бүлөнүн жыйынды кирешесин аныктоодо эсепке алынбоочу адамдардын катарына киришет;

  - камкорчулардын (көзөмөлчүлөрдүн) жана камкордукка жана көзөмөлгө алынган балдардын кирешелери өзүнчө аныкталат;

  - үй-бүлөнүн малы болсо, үй-бүлөнүн жөлөкпулга муктаждыгы үй-бүлөнүн сандык курамына жана мал жандыктарынын башына жараша аныкталат. Мында үй-бүлөнүн жан башына жыйынды кирешеси үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө үй-бүлөнүн кепилденген минималдуу кирешесинин өлчөмүнөн жогору болот жана жөлөкпул төмөнкү учурларда дайындалбайт:

  эгерде үй-бүлө 1-9 мүчөдөн турса, үй-чарбасында 3 жана андан ашык саан ую же 2 жана андан ашык бодо малы (кунаажын, бука, музоо жана 1 жаштан өткөн өгүздөр), же 2 жана андан ашык жылкысы, же 25 же андан ашык майда мал жандыктары (кой жана эчкилери) болсо;

  эгерде үй-бүлө 10 жана андан ашык мүчөдөн турса, үй чарбасында 4 жана андан ашык саан ую же 3 жана андан ашык бодо малы (кунаажын, бука, музоо жана 1 жаштан өткөн өгүздөр), 3 жана андан ашык жылкысы, же 35 же андан ашык майда мал жандыктары (кой жана эчкилери) болсо;

  4) 2018-жылдын 1-апрелине чейин чектелген жана төлөнүп жаткан мамлекеттик жөлөкпулдар төмөнкү адамдарга сакталат:

  - башталгыч кесиптик окуу жайларынын окуучуларына, бюджеттик же контракттык негизде күндүзгү бөлүмдө окуган орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын студенттерине, эгерде контракттын суммасы он сегиз жашка чыкканга чейин кайрымдуулук ишинин алкагында жарандар жана юридикалык жактар тарабынан каржыланса;

  - ар бири үч жашка чыкканга чейинки курактагы эгиздерге кепилденген минималдуу кирешенин 100 % өлчөмүндө;

  - он алты жашка чыкканга чейин үч эм жана андан ашык эгиздерге ар бирине кепилденген минималдуу кирешенин 150% өлчөмүндө;

  - мамлекеттик камсыздоодо турган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга/балдарга - медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалым катынын жарактуулугу аяктаганга чейин;

  - мамлекеттик камсыздоодо турган багуучусунан ажыраган балдарга – алар он алты жашка чыкканга чейин; жалпы билим берүүчү уюмдардын окуучуларына – алар окуусун аяктаганга чейин; башталгыч кесиптик окуу жайларынын окуучуларына, күндүзгү окуу формасындагы орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын студенттерине – алар окуусун аяктаганга чейин, бирок жыйырма үч жашка чыккандан ашык эмес;

  - мамлекеттик камсыздоодо турган АИВ/ЖИКС менен жашаган энелерден төрөлгөн балдарга – алар он сегиз айга чыкканга чейин;

 - мамлекеттик камсыздоодогу алтымыш беш жаш курагына жеткен жана андан өткөн эркектерге, алтымышка чыккан жана андан өткөн аялдарга, алар мамлекеттик камсыздоодо болгон мезгилге;

 - мамлекеттик камсыздоодогу элүү беш жашка чыккан Баатыр энелерге, алар мамлекеттик камсыздоодо болгон мезгилге.

 5) колдонулуудагы иштер боюнча 16 жашка чейинки балдары бар муктаж болгон жарандарга (үй-бүлөлөргө) “үй-бүлөгө көмөк” -  ай сайын жөлөкпулдун өлчөмүн кайра эсептөө жүргүзүлбөйт;

 6) 2018-жылдын 1-июлуна чейин жер үлүштөрүн жана короо жанындагы участокторду пайдалануудан кирешелерди эсептөөдө ушул токтомдун 5-тиркемесине ылайык  жер үлүштөрүн жана короо жанындагы участокторду пайдалануудан кирешелердин ченемдери колдонулат.

 7) 2018-жылдын 1-апрелине чейин төрөлгөн балдарга  ар бир бала төрөлгөндө “балага сүйүнчү” бир жолку төлөөсүн чектөө үчүн 2018-жылдын апрелинде жана кийинчерээк кайрылган учурда бул төлөмдүн түрү райондук коэффициентти эске албастан эсептелет.

 3.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын  29-декабрындагы № 823 “Мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- мамлекеттик тилдеги текстинде:

аталышындагы “пособиелерди” деген сөз “жөлөкпулдарды” деген сөзгө алмаштырылсын;

 преамбуласындагы “пособиелер” деген сөз “жөлөкпулдар” деген сөзгө алмаштырылсын;

 1-пунктундагы “пособиелерди” деген сөз “жөлөкпулдарды” деген сөзгө алмаштырылсын;

 жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жободо:

 - мамлекеттик тилдеги текстинде:

 аталышындагы “пособиелерди” деген сөз “жөлөкпулдарды” деген сөзгө алмаштырылсын;

 бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү “пособие” деген сөз тиешелүү жөндөмөдө “жөлөкпул” деген сөзгө алмаштырылсын;

-      2.1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

  “2.1. Мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөөгө документтерди тариздөө Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык тутумунун (мындан ары - СЖКМТ)  маалыматтар базасында аймактык бөлүмдөр тарабынан ишке ашырылат, мында төлөө:

  - “балага сүйүнчү” - ар бир бала төрөлгөндө бир жолку жөлөкпул (мындан ары – бир жолку төлөө – “балага сүйүнчү”) төлөө бир жылдык мөөнөткө ар бир алуучуга таризделген тапшырмалар боюнча жүргүзүлөт;

  - “социалдык жөлөкпул” - пенсия менен камсыз болууга укугу жок адамдарга ар айлык жөлөкпулду (мындан ары – “социалдык жөлөкпул”) төлөө эки жылдык же андан аз мөөнөткө ар бир алуучуга таризделген  тапшырмалар боюнча жүргүзүлөт;

  - акчалай компенсациялар ар бир алуучуга бир жылдык мөөнөткө таризделген тапшырма боюнча төлөнөт;

  - 16 жашка чейинки балдары бар жарандарга (үй-бүлөлөргө) ай сайын жөлөкпул – “үй-бүлөгө көмөк” (мындан ары – “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулу) ар бир алуучуга эки жылга чейинки мөөнөткө таризделген тапшырмалар боюнча жүргүзүлөт.”;

 5.1.1-5.1.4-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 “5.1.1.  Чектөө боюнча бөлүмдүн адистери мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө тууралуу СЖКМТда таризделген протоколдордун негизинде ар бир айдын 10уна чейин мамлекеттик жөлөкпулдар боюнча чектелген иштер жөнүндө электрондук кабарлоолорду СЖКМТ аркылуу тариздейт.

 Кабарлоого төмөнкү маалыматтар киргизилет: алуучунун аты-жөнү, почта бөлүмүнүн номери же реквизиттерди көрсөтүү менен банктын аталышы, биринчи жана экинчи бөлүмдөр боюнча чектелген сумманы көрсөтүү менен чектелген мамлекеттик жөлөкпулдун суммасы,  мамлекеттик жөлөкпулду чектөөгө протоколдун номери.

 Мында мамлекеттик жөлөкпулдун ар бир түрүнө өзүнчө кабарлоо таризделет.

 5.1.2. Чектөө боюнча бөлүмдүн адистери акчалай компенсацияларды алуучулардын өздүк иштеринин негизинде ар бир айдын 10уна чейин жаңы чектелген алуучуларга акчалай компенсацияларды төлөөгө алуучулардын электрондук тизмесин, ошондой эле каза болгон жана алуу укугу бүткөн алуучулардын тизмесин СЖКМТда түзөт.

 5.1.3. Мамлекеттик жөлөкпулдарды алуучулар берген документтер жөнүндө электрондук кабарлоолор электрондук протоколдор менен бирге жана акчалай компенсацияларды төлөөгө электрондук тизмелер СЖКМТта түзүлөт жана төлөмдөр бөлүмүнүн адисине СЖКМТда жеткиликтүү болот.

 5.1.4. Төлөөлөр бөлүмү СЖКМТда алынган электрондук кабарламанын, мамлекеттик жөлөкпулду чектөөгө протоколдун жана акчалай компенсацияларды төлөөгө алуучулардын электрондук тизмелеринин негизинде СЖКМТ аркылуу электрондук өздүк эсептерин түзөт жана зарыл болгон учурда кагаз жүзүндө СЖКМТдан толтурулган өздүк эсептер басып чыгарылат.”;

 - 5.1.4.2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

 - 5.1.4.3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 “5.1.4.3. Мамлекеттик жөлөкпул алуунун мөөнөтү узартылганда жана мамлекеттик жөлөкпулдун суммасы өзгөргөндө СЖКМТдагы өздүк эсептерге өзгөртүүлөр түзүлөт, бул учурда өздүк эсепке төмөнкү маалыматтар киргизилет: кириш документинин номери, протоколдун номери, мамлекеттик жөлөкпулдун чектелген мөөнөтү жана суммасы.”;

 - 5.1.4.5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 “5.1.4.5. Мамлекеттик жөлөкпулду жана акчалай компенсацияны төлөө алуучу каза болгондо же туруктуу жашаган жеринен кеткенде токтотулат. Мамлекеттик жөлөкпулду жана акчалай компенсацияны төлөөнү токтотуу мамлекеттик жөлөкпулду чектөө жөнүндө протоколдун жана акчалай компенсация төлөөгө тизменин негизинде СЖКМТда таризделет. Төлөөнү токтотуунун себеби жөнүндө белгилер СЖКМТда алуучулардын өздүк эсептерине киргизилет, андан кийин мамлекеттик жөлөкпулду жана акчалай компенсацияны төлөөнү токтотуу жөнүндө тапшырмага кабарлоо толтурулуп, ал байланыш ишканасына жиберилет.”;

 - 5.1.5-пунктунда:

 “үчүн тапшырмаларды” деген сөздөрдөн кийин “СЖКМТ аркылуу” деген сөздөр менен толукталсын;

 “18” деген цифралар “20” деген цифраларга алмаштырылсын.

-      5.1.5.3 жана 5.1.5.4-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

  “5.1.5.3.     Тапшырмаларды даярдагандан кийин төлөөлөр бөлүмү мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө жөнүндө протоколду мамлекеттик жөлөкпул чектөө бөлүмүнө өткөрүп берет.

  5.1.5.4. Алуучулардын мамлекеттик жөлөкпулдарын жана акчалай компенсацияларын кайра эсептөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине ылайык жүргүзүлөт. Мамлекеттик жөлөкпулду чектөө жөнүндө протоколдун жана акчалай компенсация төлөөгө тизменин негизинде төлөөлөр бөлүмүнүн адиси тарабынан СЖКМТда алуучулардын өздүк эсептерине тиешелүү өзгөртүүлөр таризделет, андан кийин байланыш ишканасынын кызматкерлеринин катышуусунда тапшырмаларга өзгөртүүлөр киргизилет.”;

  - 5.1.7-пунктундагы “АББП алынбай калган учурдан баштап алты айдан кеч эмес мезгилде кайрылуу болсо, ал өткөн мезгил үчүн, ал эми АБСП жана” деген сөздөр “Дайындалган жана алуучулар өз убагында талап кылбаган мамлекеттик жөлөкпулдар аны төлөө токтотулган мегилден тышкары, бүткүл өткөн мезгилге төлөнөт,” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

  - 5.4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

  “5.4. Социалдык стационардык мекемеде акчалай компенсацияларды төлөө үчүн документтерди тариздөө жана эсепке алуу ушул Жобонун 5.1.1 - 5.5.6-пункттарына ылайык жүргүзүлөт.”;

  - 8-главасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

  “8. Мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөөлөр боюнча отчеттуулук

  8.1. Аймактык бөлүмдөр социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген формада керектелген сумманы чектөө жана мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды каржылоо жөнүндө отчетторду берет.

  8.2. Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аймактык бөлүмдөрү боюнча топтомо отчетторду СЖКМТда түзөт жана мамлекеттик финансыны башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу органга отчет берет.”.

  4.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 847 “Бала төрөлгөндө “балага сүйүнчү” бир жолку жөлөкпулга кайрылуунун жана чектөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

         - токтомдун аталышындагы,  1 жана 2-пункттарындагы “бир жолку жөлөкпулга” деген сөздөр “бир жолку төлөөгө” деген сөздөргө алмаштырылсын;

          - 3 жана 5-пунктары күчүн жоготту деп таанылсын;

          жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бала төрөлгөндө “балага сүйүнчү” бир жолку жөлөкпулга кайрылуунун жана чектөөнүн тартиби жөнүндө жободо:

         - жобонун аталышындагы “бир жолку жөлөкпулга” деген сөздөр “бир жолку төлөөгө” деген сөздөргө алмаштырылсын;

  - 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

         “1. Ушул Бала төрөлгөндө “балага сүйүнчү” бир жолку төлөөгө кайрылуунун жана чектөөнүн тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) бала төрөлгөндө “балага сүйүнчү” бир жолку төлөөгө (мындан ары – “балага сүйүнчү” бир жолку төлөөсү) кайрылуунун жана аны чектөөнүн тартибин аныктайт.”;

         - бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү “балага сүйүнчү” жөлөкпулу” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “балага сүйүнчү” бир жолку төлөөсү” деген сөздөргө алмаштырылсын;

         - 3-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

         “Балага сүйүнчү” бир жолку төлөөсүн чектөө жөнүндө арыз социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен формага ылайык берилет.”;

-           4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

         “Балага сүйүнчү” бир жолку төлөөсү чектеле турган адамдын иш жүзүндө жашаган жери арыз ээсинин айтканы боюнча жазылат.”;

        - 6-пунктундагы “Мамлекеттик жөлөкпул чектөө жөнүндө арыздарды каттоо журналы” эсепке алуу журналында арыз» деген сөздөр “тиешелүү эсепке алуу журналында арыз ээси” деген сөздөргө алмаштырылсын;

        - 8-пунктунун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

        - 10-пунктундагы “кайрылуу ээсинен толтурулган арызды кабыл алат,” деген сөздөр “СЖКМСда электрондук арызды толтурат, ал кайрылуу ээсине берүү жана кол коюу үчүн кагазга чыгарылат,” деген сөздөргө алмаштырылсын;

         - 17-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

         “Балага сүйүнчү” бир жолку төлөөсүн чектөө же чектөөдөн баш тартуу жөнүндө арыз ээсине кабарлоо социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен формага ылайык жүргүзүлөт.”;

         - 18-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

         “18. “Балага сүйүнчү” бир жолку төлөөсүн чектөө же чектөөдөн баш тартуу жөнүндө бардык билдирүүлөр СЖКМСда түзүлөт жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген форма боюнча “Мамлекеттик жөлөкпулду чектөө же баш тартуу жөнүндө билдирүүлөрдү каттоо журналына” жазылат;

        - 20-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

        “20. Бийик тоолуу жана алыскы калктуу конуштарда жашаган адамдарга “балага сүйүнчү” бир жолку төлөөсүнүн өлчөмү райондук коэффициенттерди эсепке албастан эсептелет.”.

-  21-пунктундагы “жөлөкпулдун ушул түрү үчүн кайрылуу бала төрөлгөн күндөн тартып бир жылдан” деген сөздөр “балага сүйүнчү” бир жолку төлөөсү үчүн кайрылуу бала төрөлгөн күндөн тартып алты айдан” деген сөздөргө алмаштырылсын;

-  22-пункттун үчүнчү абзацындагы “жөлөкпулдун” деген сөз “төлөөнүн”  деген сөзгө алмаштырылсын.

-  24-пунктундагы “жөлөкпулдун” деген сөз “бир жолку төлөөнүн” деген сөздөргө алмаштырылсын;

         - жогоруда аталган Жобонун 1-3-тиркемелери күчүн жоготту деп таанылсын.

         5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

  - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 822 “Мамлекеттик жөлөкпул чектөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;

 -  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын  29-декабрындагы № 824 “Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү жөлөкпулун чектөө үчүн үй-бүлөнүн жалпы кирешесин аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;

 -  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын  29-декабрындагы № 825 “Кепилденген эң төмөнкү кирешени белгилөө жөнүндө” токтому;

 - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-апрелиндеги № 133 “Үй-бүлөнүн жыйынды кирешесин аныктоонун механизмин өркүндөтүү жөнүндө” токтомунун 5-пункту;

 - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-апрелиндеги № 134 “Кыргыз Республикасында балдарды социалдык коргоонун деңгээлин жогорулатуу жөнүндө” токтому;

 -  “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 822 “Мамлекеттик жөлөкпул чектөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын   29-июлундагы № 428 токтому;

 -  “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын  29-декабрындагы № 822 “Мамлекеттик жөлөкпул чектөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын                 18-октябрындагы № 723 токтому;

- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 824 “Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү жөлөкпулун чектөө үчүн үй-бүлөнүн жалпы кирешесин аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-апрелиндеги № 200 токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы  № 261 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 1-пункту;

-   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-октябрындагы № 587 “Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык корголушунун деңгээлин жогорулатуу жана балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдардын даректүүлүгүн күчөтүү жөнүндө” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июнундагы № 308 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 1 жана 2-пункттары;

-   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-сентябрындагы № 554 “Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык корголушунун деңгээлин жогорулатуу жана балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдардын даректүүлүгүн күчөтүү жөнүндө” токтомунун 4, 6-пунктары жана 1,2-тиркемелери;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун  3-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-июнундагы № 408 “Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык корголушунун деңгээлин жогорулатуу жана балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдардын даректүүлүгүн күчөтүү жөнүндө” токтому;

-   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-октябрындагы № 675 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому;

-   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-сентябрындагы № 498 “Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү социалдык коргоо деңгээлин жогорулатуу жана балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдардын даректүүлүгүн күчөтүү жөнүндө”  токтому.

6.   Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги белгиленген тартипте:

- пенсия менен камсыз болууга укугу жок адамдарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдардын суммасын 2018-жылдын 1-июлунан тартып кайра эсептесин:

ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга -18 жашка чейин;

АИВ/ЖИКС менен жашаган энелерден төрөлгөн балдарга - алар 18 ай курагына чыкканга чейин;

бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ушул токтомдун 4-тиркемесинде белгиленген ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдун өлчөмдөрүн эске алуу менен.

- 2019-жылдын 1-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы жана Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти менен мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө үчүн электрондук түрдө маалымат алмашууну караган өз ара аракеттенүү жөнүндө эки тараптуу ведомстволор аралык макулдашуу түзсүн;

- өз чечимдерди ушул токтомго ылайык келтирсин.

7.   Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

8.   Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет, буга төмөнкүлөр кирбейт:

- 5-пунктунун 2-пунктчасы;

- 13 жана 14-пункттары;

- 17-пунктунун 12-пунктчасы;

- 18-пункту, ушул токтом менен бекитилген 16 жашка чейинки балдары бар жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) “үй-бүлөгө көмөк” - ай сайын жөлөкпул алууга жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) муктаждыгын аныктоо тартиби жөнүндө жобонун үй-бүлөнүн курамында камкордукка алынган балдарды эсепке алуу бөлүгүндө, алар 2018-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.


Премьер-министр                                                           М.Д. Абылгазиев