КР Министрлер Кабинетинин 06.09.22 ж. №484 токтому

2023–2027-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолу жөнүндө

Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн макроэкономикалык параметрлерин орто мөөнөттүү мезгилге аныктоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 74-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1.    2023–2027-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолу тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.    Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын 2023–2027-жылдарга фискалдык саясатынын негизги багыттарын иштеп чыгууда 2023–2027-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн бекитилген макроэкономикалык параметрлерин негиз катары алсын.

3.    Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча):

1) орто мөөнөттүү программаларды жана өнүктүрүү стратегияларын иштеп чыгууда 2023–2027-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн бекитилген макроэкономикалык параметрлерин негиз катары алышсын;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин программалык документтеринде каралган иш-чараларды аткаруу, экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү жана ишкердик субъекттердин ишин колдоо, экономикалык өсүш темптеринин максаттуу көрсөткүчтөрүн камсыздоо үчүн тейлеген багыттар боюнча өндүрүштүн жана ресурстардын кошумча резервдерин табуу боюнча толук чараларды көрүшсүн;

3) Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттуу көрсөткүчтөрүн аткарууга мониторинг жүргүзүп турушсун жана ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен отчеттук мезгилде Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттуу көрсөткүчтөрүн аткаруунун жүрүшү тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине берип турушсун.

4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги:

1) Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттуу көрсөткүчтөрүн аткарууга мониторингдин жыйынтыктарын квартал сайын жалпылап турсун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында каралууга тийиш болгон маселелердин графигине жана тизмесине ылайык отчеттук мезгилде Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттуу көрсөткүчтөрүн аткаруу тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине берип турсун;

2) 2023–2027-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолун министрликтин расмий веб-сайтына жарыяласын.

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 

2021-жылдын 28-июнундагы № 47 “2022–2024-жылдарда Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолу жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Тиркеме.zip

Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                              А.У. Жапаров


Тиркемелер

Басып чыгаруу