КР Министрлер Кабинетинин 18.10.22 ж. №567 токтому

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 16-статьясына, «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 8, 10-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:

– 10-пунктунда:

бешинчи абзацы «укук күбөлөндүрүүчү документтердин» деген сөздөрдөн кийин «, кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспортунун» деген сөздөр менен толукталсын;

– төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:

«– калктуу конуштардагы жер участоктору үчүн чектеш жер пайдалануучулардын жазуу жүзүндөгү макулдугу;»;

– төмөнкүдөй мазмундагы 101-пункт менен толукталсын:

«101. Бишкек жана Ош шаарларында пайдалануучулардын тизмелерин түзүү, коомчулукка билдирүүнү жүргүзүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын жер мунапысынын объектилерине менчик укуктарын бекитүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу тартиби ушул Жобонун 41-главасында белгиленген тартипте жөнгө салынат.»;

–   төмөнкүдөй мазмундагы 41-глава менен толукталсын:

         «41. Бишкек жана Ош шаарларында пайдалануучулардын тизмелерин түзүү, коомчулукка билдирүүнү жүргүзүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын жер мунапысынын объектилерине менчик укуктарын бекитүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу тартиби

211. Жер мунапысынын субъектилери жер мунапысынын объектилерин пайдалануучулардын жана/же менчик ээлеринин тизмесине киргизүү үчүн ушул Жобонун 10-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди тиркөө менен жер участогу жайгашкан жер боюнча Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссияга арыз менен кайрылат.   

212. Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу жана өкүлчүлүктүү органдарынын, архитектура жана шаар куруу органдарынын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча органдардын, жерди көзөмөлдөө боюнча органдардын өкүлдөрү, ошондой эле тийиштүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана коомчулуктун өкүлдөрү киргизилет.

Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссиялардын ишин жетектөө боюнча функцияларды администрациялык райондордун башчыларына  өткөрүп берүүгө укуктуу.

213. Комиссия  тиркелген документтери менен арыздардын келип түшүүсүнө жараша тийиштүү корутунду даярдоо үчүн аларды архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө жөнөтөт, ал белгиленген тартипте жер участогунун схемасын даярдайт жана жер участогунун схемасы даярдалган күндөн тартып кийинки күндөн кечиктирбестен бир эле убакта тийиштүү ыйгарым укуктуу органдарга өздөрүнүн компетенциясынын алкагында 5 жумуш күндүн ичинде корутунду берүүсү үчүн жер участогунун схемасынын көчүрмөсү менен                             суроо-талаптарды жөнөтөт.

214. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү                            суроо-талап түшкөн учурдан тартып 5 жумуш күндүн ичинде архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө жер участогунун чектерин жана аянтын, бул жер участогуна карата үчүнчү жактын укуктарынын, жүктөөлөрдүн жана чектөөлөрдүн болушун тактоо менен корутунду жөнөтөт.

215. Архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү ушул Жобонун 4-пунктунда белгиленген учурларда, ошондой эле тийиштүү ыйгарым укуктуу органдардын терс корутундулары келип түшкөн учурда, тийиштүү корутундуну даярдоодон баш тартат,  ал жөнүндө комиссияга жана арыз ээсине баш тартуунун себептерин негиздеген кат жөнөтөт.

216. Архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнөн терс корутунду келип түшкөн учурда, комиссия келип түшкөн арыз боюнча терс чечим кабыл алат жана баш тартуу жөнүндө комиссиянын жүйөлөнгөн чечимин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана арыз ээсине жөнөтөт.

217. Жер мунапысынын объектилерине укуктарды берүү  мүмкүнчүлүгү белгиленген учурда архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү:

– жер участогунун чектеринин сыпаттамасы каралган, аянты жана анын жайгашкан жери көрсөтүлгөн тийиштүү корутундуну даярдайт;

– арыз ээсине тийиштүү корутундуну даярдоого байланышкан чыгашаларды төлөө зарылдыгы жөнүндө кабарламаны жөнөтөт. Корутундуну даярдоого байланышкан чыгашаларды төлөө ыйгарым укуктуу органдарда берилген эсептөөлөргө ылайык арыз ээлери тарабынан жүзөгө ашырылат;

– арыз ээсине бардык материалдары тиркелген тийиштүү корутундуну берет, арыз ээси аны жер мунапысынын объектисине менчик укугун бекитүү үчүн комиссияга берет.

218. Комиссия бардык материалдары тиркелген корутундуну алгандан кийин ушул Жобонун 16-пунктун эске алуу менен жер мунапысынын ар бир объектиси боюнча документтердин пакетин түзөт жана коомчулукка билдирүү жол-жобосун жүргүзүү үчүн жер участокторунун чектерин жана аянтын көрсөтүү менен жер мунапысынын объектилерин пайдалануучулардын жана/же менчик ээлеринин тизмесин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтөт. 

219. Коомчулукка билдирүүнүн жыйынтыгы боюнча дооматтар жок болгон учурда, комиссия 5 жумуш күндүн ичинде жер участокторунун чектерин жана аянтын көрсөтүү менен жер мунапысынын объектилерин пайдалануучулардын жана/же менчик ээлеринин акыркы тизмелерин түзөт, комиссиянын жыйналышынын датасын белгилейт жана комиссиянын мүчөлөрүнө жер мунапысынын ар бир объектиси боюнча документтер жөнүндө маалымдайт.

2110. Комиссиянын жыйналышында жер мунапысынын объектилерин пайдалануучулардын жана/же менчик ээлеринин тизмелеринде көрсөтүлгөн жактарга жер мунапысынын объектилерине менчик  укуктарын бекитүү же бекитүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат, ал протокол менен таризделет, ага катышкан комиссиянын бардык мүчөлөрү жана комиссиянын катчысы кол коёт жана 3 жумуш күндүн ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтүлөт.

Эгерде комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси жыйналышка катышса, комиссия чечим кабыл алат. Комиссиянын чечими ачык добуш берүү менен комиссиянын катышкан мүчөлөрүнүн ичинен көпчүлүк добуш менен  кабыл алынат. Добуштар тең болгон учурда, төрагалык кылган адамдын добушу  чечүүчү болуп саналат.»; 

– 25-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

«Бишкек жана Ош шаарларында комиссиянын чечими келип түшкөн күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде жер участокторунун чектерин жана аянтын көрсөтүү менен жер мунапысынын объектилерин пайдалануучулардын жана/же менчик ээлеринин тизмелери  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан бекитилет.»;

– 26-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:


«Бишкек жана Ош шаарларында жер мунапысынын объектилерин пайдалануучулардын жана/же менчик ээлеринин бекитилген тизмелеринин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары 5 жумуш күндүн ичинде жер участокторунун чектерин жана аянтын көрсөтүү менен жер мунапысынын объектилерине укуктарды бекитүү жөнүндө чечим кабыл алат.».

3. Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрүү сунушталсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн. 

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                              А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу