Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына баруу, экскурсиялык экологиялык маршруттарды, туристтик жолдорду жана токтоочу жайларды уюштуруу жана жайгаштыруу тартибин бекитүү жөнүндө
“Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8, 15-беренелерин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына баруу, экскурсиялык экологиялык маршруттарды, туристтик жолдорду жана токтоочу жайларды уюштуруу жана жайгаштыруу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги:
– өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
– ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги үчүн республикалык бюджетте тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров