КР Министрлер Кабинетинин 05.04.23 ж. №186 токтому

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу  

«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламентинде:

         – 9-пункттун биринчи абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй рекдакцияда баяндалсын: «Мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын (актылардын) долбоорлору, ошондой эле башка документтер Министрлер Кабинетинин кароосуна Президент, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, администрациялык ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын биринчи жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, ошондой эле Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери тарабынан киргизилиши мүмкүн.»; 

         – 13-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын: 

  «Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан аларга өткөрүлүп берилген Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын алкагында Президенттин Администрациясына киргизилген Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору Президенттин Администрациясы тарабынан каралбайт жана кайра кайтарылууга тийиш.

Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдердин (актылардын) долбоорлорун мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен оперативдүү макулдашууга көмөк көрсөтүү жөнүндө өтүнүчтөр менен кайрылуулары кечиктирилгис чечимди талап кылуучу учурлардан тышкары,   Президенттин Администрациясы тарабынан каралбайт жана кайтарылууга тийиш.

Кечиктирилгис чечимдерди талап кылуучу учурлар болуп өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу маселелери, Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында же анын айрым аймактарында киргизилген өзгөчө режимди жана/же согуштук абалды камсыз кылууга тиешелүү маселелер, ошондой эле Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмасы менен аныкталуучу маселелер кирет.»;

− төмөнкүдөй мазмундагы 291-пункт менен толукталсын:

«291. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык финансы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча шашылыш тартипте Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилүүгө тийиш болгон бюджеттик жөнгө салуудагы кыйынчылыктар жөнүндө корутунду Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан бекитилет.»;

− 36-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

«Министрлер Кабинетинин жыйналыштары Министрлер Кабинетинин төрагалык кылуучусу жана мүчөлөрү, ошондой эле башка мамлекеттик органдардын жетекчилери тарабынан санариптик платформаларды колдонуу менен онлайн режимде өткөрүлүшү мүмкүн.»; 

− 542-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи, үчүнчү абзацтар менен толукталсын: 

«Эл аралык келишимдерди ратификациялоо же денонсациялоо жөнүндө актылардын долбоорлорун кошпогондо, кол коюлган күндөн тартып төрт ай өткөндөн кийин берилген долбоорду макулдашуу жөнүндө каттар каралууга тийиш эмес.

Президенттин же Министрлер Кабинетинин жетекчилигинин тапшырмасына ылайык иштелип чыккан чечимдердин долбоорлорун кошпогондо, каржылоо булактары жок болгон бөлүгүндө Финансы министрлигинин сын пикирлери эске алынбаган актылардын долбоорлору каралууга тийиш эмес.»;

− 543-пунктта: 

төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Макулдашууга киргизилүүчү мыйзам долбоорлору, Министрлер Кабинетинин актылары макулдашууга киргизилүүчү долбоордун коштоочу катына электрондук санариптик колтамганы колдонуу шарты менен электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу электрондук түрдө коюлушу мүмкүн.»;

төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

«Мында мамлекеттик органдарга макулдашууга бир коштоочу кат менен актынын бир гана долбоору берилиши мүмкүн.»;

– 544-пункттун тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Министрлер Кабинетинин актыларын шашылыш кабыл алуу зарыл болгондо Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын жана Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктеринин тапшырмасы боюнча актынын долбоору мамлекеттик органдардын жетекчилеринин сурамжылоо барагына виза коюу жолу менен Президенттин Администрациясындагы кеңешмеде макулдашылышы мүмкүн.»;

– 545-пунктта: 

биринчи абзац төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү сүйлөм менен толукталсын: «Актылардын долбоорлорун мамлекеттик органдардын биринчи жетекчилеринин милдетин аткаруучу адамдар менен макулдашуу мамлекеттик органдын позициясы катары макулдашуу болуп эсептелет жана Министрлер Кабинетинин мүчөсү менен макулдашуу катары эсептелбейт.»;

экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

«Макулдашуунун жыйынтыгы боюнча мыйзамдын, Министрлер Кабинетинин актысынын долбоорунун демилгечиси келип түшкөн сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен долбоорду жеткире иштеп чыгууга же аларды эске албоого, же болбосо долбоорду андан ары жылдырууну токтотууга укуктуу. Мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору боюнча эске алынган жана эске алынбаган сын пикирлер жана сунуштар жөнүндө маалымат жана аларды эске албоонун себептеринин негиздемеси жыйынды таблицада чагылдырылат.»;

– 547-пунктта:

биринчи, экинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«547. Президенттин Администрациясына киргизилген Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору төмөнкүдөй документтердин пакетин милдеттүү түрдө тиркөө менен коштолууга тийиш (кагаз жүзүндө жана электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу электрондук түрдө):

– долбоорду киргизген мамлекеттик органдын биринчи жетекчисинин же анын милдетин аткаруучу адамдын колу коюлган Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескөөчү орун басарынын атына жазылган коштоочу каттын түп нускасын. Ошол эле учурда бир коштоочу кат менен актынын бир долбоору киргизилет;»;

бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

«коомдук талкуулоону өткөрүү үчүн жайгаштыруу датасы жөнүндө, эске алынган жана эске алынбаган сын пикирлер жана сунуштар жөнүндө маалымат, аларды эске албоонун себептеринин негиздемеси;»;

төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын: 

«– мамлекеттик органдын биринчи жетекчиси же анын милдеттерин аткаруучу адам тарабынан кол коюлган, анда бардык эске алынган жана эске алынбаган сын пикирлерди жана сунуштарды көрсөтүү менен, ошондой эле долбоор сын пикирлерсиз жана сунуштарсыз макулдашылгандыгы жөнүндө белги коюлган жыйынды таблица;»; 

− 548-пунктта: 

биринчи абзац «электрондук маалымат алып жүрүүчүлөрдө» деген сөздөрдөн кийин «, анын ичинде электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу» деген сөздөр менен толукталсын; 

экинчи абзацтын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору мамлекеттик органдын жетекчиси же анын милдетин аткаруучу адам тарабынан аты-жөнүн жана датасын көрсөтүү менен кагаз жүзүндө жана электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу парафирленүүгө (кол коюлууга) тийиш.»;

төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

«Эске алынган жана эске алынбаган сын пикирлер жана сунуштар боюнча актылардын долбоорлоруна жыйынды таблица мамлекеттик же расмий тилдерде түзүлөт.»;

− 549-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

«549. Ушул Регламенттин 9, 541, 542, 547, 548, 63,
 64-пункттарында белгиленген талаптарды бузуу менен киргизилген документтер компетенциясына Регламенттин талаптарын сактоо маселелери кирген Президенттин Администрациясынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү тарабынан кароосуз, кайтарып берүүнүн себептерин негиздөө менен кайтарып берилет.»;

− 63-пунктта: 

биринчи, экинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

«63. Президенттин Администрациясына киргизилүүчү мыйзам долбоорлору төмөнкүдөй документтердин пакетин милдеттүү түрдө тиркөө менен коштолууга тийиш (электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө): 

– Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескөөчү орун басарынын атына жазылган, долбоорду киргизген мамлекеттик органдын биринчи жетекчисинин же анын милдетин аткаруучу адамдын колу коюлган коштоочу каттын түп нускасын. Ошол эле учурда бир коштоочу кат менен бир акттын долбоору киргизилет;»;

төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: 

«коомдук талкуулоону өткөрүү үчүн жайгаштыруу датасы жөнүндө, эске алынган жана эске алынбаган сын пикирлер жана сунуштар жөнүндө маалымат, аларды эсепке албоонун себептеринин негиздемеси;»;

төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:

«– эске алынган жана эске алынбаган бардык сын пикирлерди жана сунуштарды, ошондой эле долбоор сын пикирлерсиз жана сунуштарсыз макулдашылгандыгы жөнүндө белгини көрсөтүү менен мамлекеттик органдын биринчи жетекчиси же анын милдетин аткаруучу адам тарабынан кол коюлган жыйынды таблица;»;   

төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:

«– киргизилип жаткан мыйзам долбоорунан келип чыгуучу мыйзамдардын долбоорлору (мыйзамдардын долбоорлорунун пакети).»;

− 64-пункттун биринчи–үчүнчү сүйлөмдөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Мыйзамдардын долбоорлору жана коштоочу документтер Президенттин Администрациясына мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жана электрондук сактагычтарда, анын ичинде электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу берилет. Мыйзамдардын долбоорлору жана коштоочу документтер 14 өлчөмүндөгү «Times New Roman» шрифти менен 1 саптык интервал аркылуу жазылууга тийиш. Мыйзамдардын долбоорлору мамлекеттик органдын жетекчиси же анын милдетин аткаруучу адам тарабынан анын аты-жөнүн жана датаны көрсөтүү менен кагаз жүзүндө жана электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу парафирленүүгө (кол коюлууга) тийиш.»;

− VII бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 781-пункт менен толукталсын: 

«781. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Министрлер Кабинетине мыйзам долбоорун жана башка ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу зарылдыгы жөнүндө мыйзам чыгаруу сунушу мындай сунуштар келип түшкөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттө Министрлер Кабинети тарабынан иштелип чыгат жана белгиленген тартипте Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилүүгө тийиш.

Мыйзам чыгаруу сунушун ишке ашыруунун зарылдыгы жок жана максатка ылайыксыз болгон учурда Министрлер Кабинети бир айлык мөөнөттө мыйзам чыгаруу сунушунун демилгечисине Министрлер Кабинетинин Төрагасы же анын орун басарлары кол койгон жүйөлөштүрүлгөн жоопту берет.

Мыйзам чыгаруу сунушун белгиленген мөөнөттө аткарууга мүмкүн болбогон учурда негизги аткаруучу Жогорку Кеңеш (фракция, депутаттык топ, комитет, депутат, б.а. мыйзам чыгаруу сунушунун субъекти) менен мөөнөтүн узартуу маселесин макулдашат жана Министрлер Кабинетинин Төрагасына же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басарына жетишилген макулдашуу жөнүндө жазуу жүзүндө маалымдайт.».

2.   Мамлекеттик органдар, администрациялык ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

–    Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламентин жетекчиликке жана милдеттүү түрдө аткарууга алсын;

–    борбордук аппараттарда жана түзүмдүк бөлүмдөрдө Регламенттин жоболорун окуп үйрөнүү боюнча иштерди уюштурсун;

–    эки жумалык мөөнөттө өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин

3.   Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 570 тескемеси менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын регламентин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 571 тескемеси менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентин ушул токтомго ылайык келтирсин.

4.   Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5.   Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                         А.У. Жапаров





Тиркемелер

Басып чыгаруу