Кыргыз Республикасында кластердик саясатты киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында мамлекеттик инвестициялык саясатты иш жүзүндө ишке ашыруу, жеке жана мамлекеттик инвестициялардын натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасында кластердик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги:
- үч айлык мөөнөттө кластердик саясат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актыларын иштеп чыксын;
- министрликтердин жана ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин орун басарларынын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн ичинен кластерлердин долбоорлорун ишке ашыруу боюнча туруктуу иштөөчү ведомстволор аралык комиссия түзсүн;
- кластерлердин долбоорлорун ишке ашыруу боюнча туруктуу иштөөчү Ведомстволор аралык комиссиянын иш планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Туруктуу иштөөчү ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жүктөлсүн.
4. "Ысык-Көл облусундагы "Тоо лыжа кластери" пилоттук долбоору тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Жапаров
Тиркеме
"Ысык-Көл облусундагы "Тоо лыжа кластери" ПИЛОТТУК ДОЛБООРУ
1. Жалпы жоболор
Кластер - бул белгилүү бир административдик-аймактык бирдиктердин чегинде жайгашкан, бири-бирин өз ара толуктап турган жана айрым компаниялардын жана жалпысынан кластердин атаандаштык артыкчылыктарын бекемдеген эки же андан көп тармактын чарба жүргүзүүчү субъекттеринин тобу.
Кластердин максаты болуп анын ишканаларынын өндүрүмдүүлүгүн, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн, кирешелүүлүгүн, инновациялуулугун жана иш менен камсыз болушун жогорулатууга негизделген региондук өнүктүрүү эсептелет.
Кластердин долбоору кластерди өнүктүрүү максатында ченемдик укуктук базаны иштеп чыгууну билдирет.
Кластердеги башкаруу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана бизнес-коомчулуктун макулдашылган өз ара аракеттенүүсүндө аймактык-тармактык принцип боюнча жүзөгө ашырылат. Бул административдик-аймактык бирдиктин инфраструктурасын өнүктүрүүгө инвестициялар мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана бизнес-коомчулуктун өз ара аракеттенүүсүнүн предмети болуп саналат.
Кластердин долбоору индикаторлорго жана ченемдик техникалык документтердин көрсөткүчтөрүнө (Мамлекеттик стандарт, Курулуш ченемдери жана эрежелери, Санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдер, Бирдиктүү ченемдер жана баалар жана Техникалык шарттар) жетишилгендигине жараша ишке ашырылды деп эсептелет.
Кластерде ченемдик техникалык документтерди (Мамлекеттик стандарт, Курулуш ченемдери жана эрежелери, Санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдер, Бирдиктүү ченемдер жана баалар жана Техникалык шарттар) аткаруу төмөнкүдөй милдеттерди чечет:
- регионду өнүктүрүүдө кызыкдар мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бизнес-коомчулуктун жана жергиликтүү калктын өкүлдөрүнүн күч-аракеттерин бириктирүү;
- жергиликтүү калк үчүн кошумча жумуш орундарын түзүү;
- чет өлкөлүк туристтерге көрсөтүлүүчү туристтик кызматтарды көбөйтүүнүн эсебинен сатып алуучулук суроо-талапты жогорулатуу;
- кластердин катышуучуларынын рентабелдүүлүгүн жана инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу.
2. "Ысык-Көл облусундагы "Тоо лыжа кластери" пилоттук долбоору
Ысык-Көл облусундагы тоо лыжа кластери - бул региондогу туристтик жана аны менен байланышкан тармактарга кирген ишканалардын тобу. Ысык-Көл облусундагы "Тоо лыжа кластери" пилоттук долбоорунда олуттуу долбоордук кубаттуулуктагы бир нече тоо лыжа базаларын куруу каралган.
Тоо лыжа курорту төмөнкү компоненттерден турат: көтөргүчү бар трасса, муз тебүүчү аянтча, мейманкана комплекси, коомдук тамактануу ишканалары, маданий-көңүл ачуу жайлары жана медициналык тейлөө борбору.
Ысык-Көл облусунун курорттук зонасында тоо лыжа базаларынын саны жана кубаттуулугу боюнча долбоорду ишке ашыруунун келечегинин жалпы көрүнүшү № 1 таблицада берилген.
Ысык-Көл облусунда тоо лыжа курортторун курууну эске алуу менен тоо лыжа туризмин өнүктүрүү динамикасы
№ 1 таблица
Объекттердин аталышы | Көрсөткүчтөр | |
2023-жыл | 2028-жыл | |
Тоо лыжа курорт зоналары | 0 | 1 |
Тоо лыжа базалары, анын ичинен сыйымдуулугу: | 17 | 23 |
500дөн аз турист 500дөн ашык турист | 14 4 | 14 4 |
5000дөн ашык турист | 0 | 5 |
Көтөргүчтөр | 25 | 65 |
лыжа билеттери, миң | 120,0 | 2000,0 |
Мүмкүн болгон мүнөздөмөлөрү менен пландалган тоо лыжа курортторунун тизмеси № 2 таблицада берилген.
Ошол эле учурда финалдык техникалык-экономикалык негиздеме Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
Каржылоонун булактары жана түзүмдөрү (тике чет өлкөлүк инвестициялар, зайымдык каражаттар) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
"Ысык-Көл облусундагы "Тоо лыжа кластери" пилоттук долбоорунун негизги көрсөткүчтөрү
№ 2 таблица
№ | Мүнөздөмөлөрү | Калктуу конуштардын аталыштары | |||||
Боз-Учук айылы | Кереге-Таш айылы | Челпек айылы | Светлая поляна айылы | Жыргалаң айылы | Бардыгы | ||
1. Трассанын жалпы узундугу | |||||||
1 | Трассанын жалпы узундугу | 20,5 км | 18,1 км | 23,7 км | 22,7 км | 17,3 км | 102,3 км |
2. Трассанын жалпы аянты | |||||||
2 | Трассанын жалпы аянты | 131 га | 75 га | 170 га | 235,6 га | 140 га | 751,6 га |
3. Трассанын татаалдыгы боюнча катышы | |||||||
3 | Кара, күрөң (эңкейиши > 22º) | 18% | Өзүнчө участоктор | Өзүнчө участоктор | Өзүнчө участоктор | Өзүнчө участоктор | 2,82% |
4 | Кызыл, (эңкейиши 14-22) | 50% | 55% | 23% | 15% | 11% | 30,8% |
5 | Көк, (эңкейиши 10-14) | 16% | 19,7% | 54% | 59% | 60% | 41,74% |
6 | Жашыл, (эңкейиши 6-10) | 16% | 29,2% | 23% | 26% | 29% | 24,64% |
4. Аймактык сыйымдуулугу | |||||||
7 | Орточо суммалык өзгөрүү | h = 455 м | h = 750 м | h = 578 м | h = 535,9 м | h = 495 м | |
8 | Ченемдик өзгөрүү | Н = 4000 м | Н = 4000 м | Н = 3500 м | Н = 3500 м | Н = 3500 м | |
9 | Түшүүлөрдүн орточо саны | k = 8,8 | k = 5 | k = 6 | k = 6,5 | k = 5 м | |
10 | Саат боюнча суммалык өткөрүү жөндөмдүүлүгү | ПΣ = 5500 адам/саат | ПΣ = 2500 адам/саат | ПΣ = 5400 адам/саат | ПΣ = 10400 адам/саат | ПΣ = 2500 адам/саат | ПΣ = 26300 адам/саат |
11 | Күнүнө тебүү убактысы | N = 6 саат | N = 6 саат | N = 6 саат | N = 6 саат | N = 6 саат | N = 6 саат |
12 | Лыжа тээп жүргөн лыжачылардын саны, 1 күндө | 3750 адам/күн | 3000 адам/күн | 5400 адам/күн | 7500 адам/күн | 3000 адам/күн | 22650 адам/күн |
13 | Лыжа тээп баштаган лыжачылардын саны, 1 күндө | ЕН = 900 адам/күн | ЕН = 500 адам/күн | ЕН = 2400 адам/күн | ЕН = 2500 адам/күн | ЕН = 900 адам/күн | ЕН = 7200 адам/күн |
14 | Лыжа тебүүчүлөрдүн, лыжа тебүүнү баштагандардын жана эс алуучу туристтердин жалпы саны, 1 күндө (20% - эс алуучулар) | Е = 5580 адам/күн | Е = 4200 адам/күн | Е = 9360 адам/күн | Е = 12000 адам/күн | Е = 4200 адам/күн | Е = 35340 адам/күн |
Эсептөө көтөргүч-транспорттук түзүлүштөрдү долбоорлоону, монтаждоону жана эксплуатациялоону жүргүзгөн инженердик-техникалык кызматкерлер үчүн М.Б.Беркмандын "Асма аркан жолдору" методикасынын негизинде жүргүзүлгөн.
Зарылдыгына жараша кайра эсептөө эл аралык практикада колдонулган методикаларга ылайык жүргүзүлөт.
3. Долбоорду ишке ашыруу механизми
Кластердин методологиясы ченемдик эсепке алуу методуна негизделген. Эсепке алуунун ченемдик методу эсептөөлөр жана инвестициянын кайтарымдуулугу үчүн техникалык, экономикалык, ошондой эле укуктук негизди камсыз кылууга багытталган. Кайтарымдуулукту эсепке алуу рентабелдүүлүктүн ченеминин жогорулашынын эсебинен топтоонун тездетилген методуна негизделген.
Мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча инвестициялык ресурстар кайра багытталат. Жаңы инвестициялык салымдарды тандоо максималдуу рентабелдүү долбоорлордон - азыраак рентабелдүү долбоорлорго карата артыкчылык боюнча негизделет.
Продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү (жумуштарды) сатуудан кластердин катышуучуларынын ишканаларынын пайдасы кластерди андан ары өнүктүрүүнү кайра каржылоонун булагы болуп саналат. Кластердин жалпы ишинен алынган жалпы пайда кластерди андан ары өнүктүрүүгө багытталат.
4. Күтүлүүчү натыйжалар
Долбоорду ишке ашырууну баалоо тоо лыжа базаларынын өсүү динамикасы менен аныкталат. Ошол эле учурда чет өлкөлүк туристтердин санынын көбөйүшү ата мекендик ишканалар саткан продукциянын көлөмүнүн жогорулашын белгилейт.
Дүйнөлүк практикага ылайык тоо лыжа курортунун субъекти орточо 750гө жакын адамды жумуш менен камсыздай алат. Ошол эле учурда коомдук тамактануу, турак жай-коммуналдык чарба, социалдык чөйрө (саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият, эс алуу) сыяктуу чектеш тармактарда кошумча 20 миңге чейин жумуш орундары түзүлүшү күтүлүүдө.
"Тоо лыжа кластери" пилоттук долбоорун ишке ашыруу экологиялык коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык ишке ашырылат. Долбоор эл аралык келишимдерге каршы келбейт, жалпы кабыл алынган эл аралык практикага, финансылык операцияларды жүргүзүү эрежелерине ылайык келет. Ошондой эле долбоор өлкөнүн туристтик имиджин жогорулатууга жардам берет.
5. Милдеттердин аткарылышын баалоо механизмдери
Милдеттерди баалоо механизмдери (күч-аракеттерди бириктирүү, сатып алуучулук суроо-талапты жогорулатуу, рентабелдүүлүктү жогорулатуу) экономикалык адабиятта көрсөтүлгөн жалпы таанылган тиешелүү методдор жана жол-жоболор менен ишке ашырылат.