Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
- "Билим берүү жана маданият тармагында" деген I бөлүм ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 97-глава менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.У. Жапаров |
Тиркеме |
"
97. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | ӨЭУнун, мекемелердин, уюмдардын, коммерциялык түзүмдөрдүн адистерин жана жеке адамдарды жерине чыгуу менен өрт коопсуздугуна жана өрт-техникалык минимумга даярдоо жана кайра даярдоо - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 1-глава, 114-1-пункт |
2 | Мамлекеттик кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Жарандык коргонуу, өрт коопсуздугу, суу объекттеринде адамдардын коопсуздугу, гидрометеорология, мамлекеттик материалдык резерв тутумун башкаруу жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - КР ӨКМ), Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борбору (мындан ары - Борбор). Аймактык бөлүмдөрдүн тизмеси жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары маалымат такталарында жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жайгаштырылат |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Жеке жана юридикалык жактар: - медициналык каршы көрсөтмөсү жок Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууга кызыкдар болгон, укуктук-уюштуруу формасына карабастан юридикалык жактар, жеке ишкерлер (коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар) |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Ченемдик укуктук актылар: - Кыргыз Республикасынын Конституциясы; - "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө" токтому; - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтому; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 19-декабрындагы № 858 "Кыргыз Республикасынын ишканаларынын, уюмдарынын жана мекемелеринин ыктыярдуу өрткө каршы кошуундары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому |
5 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы жыйынтыгы | Өрт коопсуздугу жана өрт-техникалык минимум боюнча адамдын окугандыгын ырастаган билими жөнүндө билим берүү сертификаты |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү жерине чыгуу менен төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылат: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда практикалык иштерди даярдоодо жана өткөрүүдө; - таркатуучу окуу материалдарын даярдоодо; - жеке жана юридикалык жактарга окуу сабактарын өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте КР ӨКМ караштуу ЖК АДКБ жайларын жана техникалык жабдууларын берүүдө; - кабылдама болгондо (жарандардын арызын толтуруу үчүн жай, арыз ээси үчүн керектүү документтердин тизмегин көрсөтүү менен арыздарды толтуруунун үлгүлөрү); - уюштуруу техникасы менен жабдылган окуу аудиториялары (компьютер, экран, диапроектор, принтер, ксерокс, факс, DVD, телевизор, фотоаппарат, видео-камера) болгондо; - көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө маалыматтарды жайгаштыруу менен маалымат такталары болгондо; - жарандардын санитардык-гигиеналык жайларды (дааратканаларды, жуунуу бөлмөлөрүн) тоскоолдуксуз пайдалануусу камсыздалганда, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн пандус, кармагычтар, жабдылган дааратканалар болгондо; - мейманкана, ашкана, интернет, таркатуучу окуу материалдары, көчмө окуу сабактары үчүн "Тойота Хай Люкс" автомобилинин базасында мобилдүү-окутуу модулдары болгондо; Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары, ооруктун эмгекчилери, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана таяныч-кыймыл аппараты бузулган адамдар, улгайган жарандар, кош бойлуу аялдар ж.б.) кезексиз тейленет. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй түрдө жүзөгө ашырылат: - арыз ээсинин тандоосу боюнча мамлекеттик же расмий тилде; - электрондук кезек тартибинде |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | а) Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы (www.portal.tunduk.kg) аркылуу автоматтык түрдө арызды кабыл алууга чектелген убакыт 10 мүнөткө чейин; б) арызды кабыл алуу жана кароо мөөнөтү 3 жумуш күндөн көп эмес; в) келишим түзүүгө чектелген убакыт - 40 мүнөт; г) окутулуучулардын категориясына жараша окутуу убактысы - 72 сааттан кем эмес. Документтин түрлөрүнө жана тиешелүү түрдө аларды иштеп чыгуу үчүн жүргүзүлгөн иштердин көлөмүнө жараша бардык документтерди даярдоо (келишимде көрсөтүлгөн форс-мажордук жагдайлардан келип чыккан учурлардан тышкары), баалардын прейскурантына ылайык 1ден 5 жумуш күнгө чейин; д) Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда болжолдоочу убакыт 1-2 жумуш күндү түзөт, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында - 5 жумуш күн; - чыгуу ар бир облус боюнча 10дон кем эмес өтүнмөнүн түшүүсүнө жараша арыз ээсинин финансылык каражаттарына же ыйгарым укуктуу орган тарабынан мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдөн түшкөн финансылык каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн алуучуларына маалымдоо | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеги) жөнүндө жапа аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымдоо | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - КР ӨКМда жана анын расмий сайтында (www.mchs.gov.kg); - электрондук почта боюнча: s.c.mchs@mchs.gov.kg; - Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында(www.portal.tunduk.kg); - төмөнкү дарек боюнча: 720033, Бишкек ш., Манас пр., 101/1, Жумабек көч, 203/1, тел.: (312) 323070, (312) 323812, факс (312) 323521. Иштөө графиги: 08:30дан 17:30га чейин, тыныгуу 12:00дөн 13:00гө чейин, ишемби жана жекшемби - дем алыш күндөрү; 723500, Ош шаары, Р.Муминова көч., 11. тел.: (3222) 72537. Иштөө графиги: 08:30дан 17:30га чейин, тыныгуу - 12:00дөн 13:00гө чейин, ишемби жана жекшемби - дем алыш күндөрү. - КР ӨКМга караштуу ЖК АДКБда: Ленин айылы, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер шаарчасы, ПМК көч., 3, тел.: (312) 446 190, 446 191; электрондук дарек: s.c.mchs@mchs.gov.kg; иштөө графиги: 08:30дан 17:30га чейин, тыныгуу 12:00дөн 13:00гө чейин, ишемби жана жекшемби - дем алыш күндөрү |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү тууралуу маалымат таратуунун ыкмалары | Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматты таратуу төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат: - радио, телекөрсөтүү, маалымат сайттары; - жазуу жүзүндө; - оозеки түрдө (телефон аркылуу, кызматкерлер менен жеке байланышта); - корреспонденция: - гезиттер, бардык кызыкдар адамдарга маалыматтык каттар; - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин расмий сайты (www.mchs.gov.kg); - Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы (portal.tunduk.kg); - мамлекеттик жана расмий тилдердеги маалыматтык такталарда, буклеттерде, брошюраларда |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алышуу | Келүүчүлөрдү жеке кабыл алуу жарандардын кайрылуулары боюнча журналга каттоо менен жүргүзүлөт. Келүүчүлөрдү кабыл алуучу кызматкер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата адептүүлүктү, көз карандысыздыкты жана калыстыкты камсыздаган, кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербеген кызматтык жана функциялык милдеттерин, кесиптик-этикалык ченемдерди сактайт. Келүүчүлөрдү кабыл алуучу кызматкердин столунда кызматкердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн маалымат тактасы же маалыматтык бейдж болууга тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктары бар адамдар (таяныч-кыймыл аппаратынын бузулуусу бар ДМЧА, улгайган жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар ж.б.) менен пикир алышуу жана кызматтарды көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт. Пикир алышуу мамлекеттик же расмий тилде жүзөгө ашырылат. Келүүчүгө пикир алышуунун тилин тандоо укугу берилет |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Мамлекеттик кызматты алууда жарандардын жеке маалыматтары жөнүндө маалымат ачыкка чыгарылууга жатпайт жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттарда жана үчүнчү жактарга берүү үчүн колдонулушу мүмкүн эмес. Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн мамлекеттик кызмат жөнүндө маалымат тиешелүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеги | Жеке адам үчүн: - белгиленген үлгүдөгү арыз; - ким экендигин ырастаган документтин көчүрмөсү; - кызмат көрсөтүү үчүн төлөмдүн квитанциясы (чеги). Юридикалык жак үчүн: - кайрылуу каты; - каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү; - кызмат көрсөтүү үчүн төлөмдүн квитанциясы (чеги) |
13 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүү: - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин Жарандык коргонуу, өрт коопсуздугу, суу объекттеринде адамдардын коопсуздугу, гидрометеорология, мамлекеттик материалдык резерв системасын башкаруу жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органынын буйругу менен монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча аныкталат; - кызмат көрсөтүүнүн наркы жөнүндө маалымат менен Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталынан (www.portal.tunduk.kg) жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин расмий сайтынан (www.mchs.gov.kg) жана маалымат такталарынан таанышса болот |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - берилген маалымат актуалдуу жана ишенимдүү; - керектөөчүнүн алган билимин жана үйрөнгөндөрүн күнүмдүк турмушта, иште жана тиричиликте пайдалануу мүмкүнчүлүгү; - кызмат көрсөтүүлөрдү алган адамдардын жынысы, расасы, тили, ДМЧА, этностук таандыктыгы, диний ишеними, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырланышына жол бербөө; - окутуунун техникалык каражаттарын жана көрсөтмө куралдарды, басма жана электрондук форматтагы таркатуучу материалдарды пайдалануу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин ийкемдүүлүгү жана сыныктыгы; - жеткиликтүүлүк, жарандардан стандартта көрсөтүлгөн кызматтарды алуу үчүн зарыл болгон документтерди гана талап кылуу; - жарандардын даттануулар жана сунуштар китептеринин болушу жапа жеткиликтүү жерге коюлушу |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 "Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык кызмат Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (portal.tunduk.kg) аркылуу кызматты алууга суроо-талапты (арызды) кабыл алуу бөлүгүндө электрондук форматта көрсөтүлөт. Кызмат көрсөтүүгө электрондук арыз жөнөтүү үчүн арыз берүүчү Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (portal.tunduk.kg) каттоодон өтүшү керек. Онлайн интерактивдүүлүк этабы - 3 (веб-баракчада электрондук түрдө арызды толтуруу жана кагазга басып чыгарбастан мамлекеттик органдын кароосуна кабыл алуу функциялык мүмкүндүгү бар) |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу: - арыз ээси ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына шайкеш келбесе; - керектөөчү ушул стандарттын 12-пунктунда аталган керектүү документтерди бербеген учурда; - окуу өткөрүүнүн графиги жана окуу тартиби бузулса |
17 | Даттануунун тартиби | Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер келип чыккан учурда керектөөчү белгиленген тартипте КР ӨКМ же КР ӨКМ караштуу ЖК АДКБ жетекчилигине кайрылууга укуктуу. Кызматтар талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү КР ӨКМ же КР ӨКМ караштуу ЖК АДКБ жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилет жана кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле доонун маңызын, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн кол тамгасын жана датаны камтууга тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну каттоодон өткөрөт жана 1 иш күндүн ичинде жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар КР ӨКМ же КР ӨКМ караштуу ЖК АДКБ жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана анын жообун алуунун мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечим канааттандырбаган учурда керектөөчү КР ӨКМ же КР ӨКМ караштуу ЖК АДКБ чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты 3 жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүктө үзгүлтүксүз каралып турушу керек |