КР Министрлер Кабинетинин 17.12.2021 ж. № 315 токтому

Теңдөөчү трансферттердин көлөмдөрүн аныктоо тартибин бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасында теңдөөчү трансферттердин көлөмдөрүн аныктоо тартибин, мамлекеттик финансыларды башкаруу системасын өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 54-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Теңдөөчү трансферттердин көлөмдөрүн аныктоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-июнундагы № 321 "Теңөө трансферттеринин көлөмдөрүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;

2) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-июнундагы № 321 "Теңөө гранттарын эсептөө ыкмасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 18 токтому.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

                А.У. Жапаров

 

Тиркеме

Теңдөөчү трансферттердин көлөмдөрүн аныктоо ТАРТИБИ

1. Жалпы жоболор

1. Бул Теңдөөчү трансферттердин көлөмдөрүн аныктоо тартиби (мындан ары - Тартип) кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдоо мезгилине жергиликтүү бюджеттерге теңдөөчү трансферттерди эсептөөнүн жана бөлүштүрүүнүн тартибин белгилейт.

2. Теңдөөчү трансферттер республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттердин тең салмактуулугун камсыздоо боюнча чараларды колдоого, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өзүнүн функцияларын жана ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча финансылык керектөөлөрүн камсыздоо максатында берилет.

3. Республикалык бюджеттен теңдөөчү трансферттердин жалпы көлөмү Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен жыл сайын бекитилет.

4. Теңдөөчү трансферттердин бекитилген көлөмү жыл ичинде такталбайт.

5. Теңдөөчү трансферттер ушул Тартипке ылайык бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан жергиликтүү бюджеттерге бөлүштүрүлөт жана бюджеттин кирешелерин жана чыгымдарын кезектеги финансылык жылга кварталдык бөлүштүрүүгө ылайык берилет.

6. Теңдөөчү трансферттердин каражаттары артыкчылыктуу тартипте корголгон беренелерди, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биринчи кезектеги милдеттерин аткаруу менен байланышкан учурдагы чыгымдарын, алардын ичинде төмөнкүлөрдү каржылоого багытталат:

1) муниципалдык мекемелердин, мектеп жана мектепке чейинки мекемелердин коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрүн (электр энергиясынан тышкары), анын ичинде мазутту, көмүрдү жана катуу отунду сатып алууну;

2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өзүнүн функцияларын аткаруу менен байланышкан чыгымдарын: иш сапарлар чыгымдары, канцелярдык товарлар, байланыш, интернет кызмат көрсөтүүлөрү, транспорттук чыгымдар.

2. Теңдөөчү трансферттердин көлөмдөрүн аныктоонун эсеби 

7. Теңдөөчү трансферттер жергиликтүү бюджеттерди пландоодо пландалган кирешелердин көлөмү учурдагы пландык жылдын милдеттемелеринин суммалык чыгымдарынын көлөмүнөн төмөн болгон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилет.

8. Жергиликтүү бюджеттерди түзүүнүн тууралыгы жана негиздүүлүгү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жергиликтүү бюджеттердин чыгымдарына жана кирешелерине талдоо жана мониторинг жүргүзүлөт.

9. Теңдөөчү трансферттердин көлөмдөрүн аныктоо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жергиликтүү бюджеттердин суммалык чыгымдарынын милдеттенмелерине жана кирешелерине баалоо жүргүзүлөт.

10. Трансферттердин көлөмдөрү төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:

ВТi = Рi - Дi,

мында:

ВТi - кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдоо мезгилине i-жергиликтүү бюджетке трансферттердин көлөмү;

Рi - учурдагы жылдын пландык көрсөткүчтөрүнө ылайык i-жергиликтүү бюджеттин суммалык чыгымдарынын милдеттенмелерин баалоо (электр энергиясын эске албаганда);

Дi - кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдоо мезгилинин долбооруна ылайык i-жергиликтүү бюджеттин суммалык кирешелерин баалоо.

11. Жергиликтүү бюджеттердин материалдык базасын жана инфратүзүмүн жакшыртуу үчүн жергиликтүү бюджеттин алынган теңдөөчү трансферттеринин көлөмдөрүнө 1,10 өлчөмүндөгү түзөтүүчү коэффициент киргизилет.

12. 100,0 миң сомдон төмөн суммадагы теңдөөчү трансферттер каралбайт.

13. Учурдагы пландык жылда теңдөөчү трансферттерди албаган жергиликтүү бюджеттер үчүн теңдөөчү трансферттер каралбайт.

3. Жергиликтүү бюджеттердин эсептөөлөрүн түзүүдөгү жоопкерчилик

14. Жергиликтүү бюджеттердин чыгымдарынын жана кирешелеринин долбоорлорун түзүүнүн тууралыгы жана өз убагындалыгы үчүн жоопкерчиликти жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тартат.

 

Тиркемелер

Басып чыгаруу