Креативдүү индустриялар паркы чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө
“Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4, 5, 7-беренелерин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Креативдүү индустриялар паркынын ишинин түрлөрүнүн тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 23-июнундагы № 327 “Креативдүү индустриялар паркын түзүүнүн айрым маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Креативдүү индустриялар паркынын Байкоочу кеңеши жөнүндө жободо:
– 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“4. Экономикалык өнүктүрүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинен сунушталган жана Кыргыз Республикасынын креативдүү индустриялар кесиптик бирикмелери тарабынан дайындалган КИП Байкоочу кеңешинин курамын киргизет.
Байкоочу кеңештин мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен үч жылдык мөөнөткө бекитилет. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү алар жумуштан бошотулган, жарандык укуктук мамилелер жана креативдүү экономика чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын же ушул Жобонун ченемдерин бузган учурда көрсөткөн орган тарабынан ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин чакыртып алынышы мүмкүн.”;
– 6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 61-пунктча менен толукталсын:
“61) иштин түрүнүн креативдүүлүгүн аныктоо үчүн КИП дирекциясы тарабынан берилген критерийлерди бекитет;”.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын
11-январындагы № 9 “Кыргыз Республикасынын “Экономикалык иштин түрлөрү” мамлекеттик классификаторун бекитүү жөнүндө” токтомуна тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган акттын долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
- Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Тизме Креативная экономика.docx
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров