Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине киргизилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө
Жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык кызмат көрсөтүү системасын оптималдаштыруу, алардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына берилүүчү айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 2-пунктуна ылайык буйрук кылам:
1..Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы № 6 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Муниципалдык кызматтардын базалык реестрине киргизилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын стандарттары тиркемелерге ылайык бекитилсин.
2..Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары:
1) муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча ишти уюштурушсун;
2).муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын андан ары жакшыртуу жана оптималдаштыруу боюнча чараларды көрүшсүн;
3).ушул буйруктун тиркемелерине ылайык муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын расмий жарыялоону камсыз кылсын.
3..Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр сектору белгиленген тартипте ушул буйруктун көчүрмөлөрүн:
1).расмий жарыяланган күндөн тартып Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине;
2).күчүнө кирген күндөн тартып маалымат иретинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына;
3).күчүнө кирген күндөн тартып иштөө үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарына жөнөтсүн.
4..Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Ч. Сейитовго жүктөлсүн.
5..Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумушчу күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министр Д.Дж. Амангельдиев