КР Министрлер Кабинетинин 22.05.2024-ж. № 256 токтому

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-ноябрындагы № 237 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы мамлекеттик ишкананын маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы “Бажы инфраструктурасы” мамлекеттик ишканасынын уставы ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын башкаруу схемасы ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.  

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 “Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтомдун 24-тиркемеси ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы А.У. Жапаров